1-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү. «Супер-Инфо» гезити ушул күнү гана жеткинчектерди эстеп, алар тууралуу макала даярдабастан, балдар маселесин дайыма көтөрүп келет. Кыргызстандагы балдар кандай билим алышат, кантип ийгиликтерге жетишишет, кандай күндөрдү башынан кечиришет, дегеле алар эмне менен алек болушат? Калктын ар түрдүү катмарынан жаш каармандарды таап, алардын жашоо-турмушу менен сиздерди тааныштырабыз.
Санжар Мирбек уулу – биздин кезектеги жаш каарманыбыз. Тоголок Молдо атындагы жатак мектебинин 7-классында окуган Санжардын чоӊ кишидей ой жүгүрткөнүн, жүрөккө жеткен ырларын угуп, каарманымдын келечеги кеӊ болсун деп тилек кылып отурдум.
«АПАМ ЖАКШЫ ОКУ ДЕЧҮ»
– Бостери айылынан болом. Көлдүк болгонум үчүнбү Ысык-Көлдү аябай жакшы көрөм. Дем алыш күндөрү сабактан бошогондо ал жакка байкемдерге барып турам. Бостериде байкем менен иштеген күндөрүм эсимде. Ал жакта жашаганымда экөөбүз тойлордо сүрөт чыгарып акча тапчубуз. Негизи мен кичине чагымдан эле иштеп баштадым. Иштеген, акча тапкан мага жакчу. Көлдө сезон башталганда унаа токтотуучу жайда иштедим, кол чатыр саттым. Мектепке керектүү буюмдардын баарын өзүм сатып алчумун. Апам да мени менен сыймыктанарын айтып, бирок ал көбүрөөк жакшы окушумду талап кылар эле. Атам мен кичинекей кезимде эле өтүп кеткен. Анан... Апам жүрөк оорусунан кайтыш болуп калды. Апам жок эч нерсеге көӊүлүм чаппай, окугум да келбей калган. Кийин «Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы жатак мектебинде аябай жакшы окутат экен» дегенди угуп калып, бул жакка келүүнү чечкем. Адегенде көнө албай жүрдүм, бирок бул жактагы балдар, агай-эжекелер, директорубуз Рустам агай мага аябай чоӊ жардам беришти. Азыр баары жакшы. Дем алыш күндөрү айылга барып келгенче мектебимди сагынып кетем.
«КУДАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРСЕ...»
– Эгер мага Кудай «Каалаган нерсеӊди жасаганга мүмкүнчүлүк берем» десе, мен убакытты артка кайтармакмын. Мурда математиканы жакшы окубай коюп, апамды капа кылып алгам. Азыр «5ке» окуп жатам. Убакытты кайтарып, жакшы окуп, мыкты баалар менен апамды кубантмакмын. Апамды сагынып ыр жазгам. Бирок ал орус тилинде:
«Хочу сказать, как дела?
А с отцом? Как он?
Он соскучился по вам?
А по нам?
Да, мы тоже скучаем по вам обоим...
Мама, я наплевал на деньги,
Наплевал на славу, наплевал на всё.
Теперь моя мечта не это
А хотел бы вернуть вас, вас с отцом».
Апам дайыма түшүмө кирип турат. Анын бардык тилектерин аткарсам дейм. Бостериде орус класста окуп жүрүп, тилим орусчага көнүп калган экен. Бул мектепке келгенден бери мекенчил сезимдерим ойгонду. Кыргызча сүйлөөгө аракет кылып, эне тилимде ырларды жаза баштадым. Ал ырларды азырынча эч кимге окута элекмин. Гитара черткенди былтыр бир байкеден үйрөнүп алдым. Бир жолу сонун кылып чертип бергенде, мен да гитара менен ырдагым келди. Өзүм сөзүн жазып, тиги байке обон чыгарып берди. Ыр сүйүү жөнүндө (ред. Санжар гитарасы менен ал ырды аткарып да берди).
«КЫРГЫЗСТАНДЫ СҮЙӨЛҮ»
– Мурда ырчы болгум келчү. Азыр ал каалоом жоголду. Келечекте пластикалык хирург же онколог болом. Чет өлкөдө мыкты окуу жайда билим алып келүүнү максат кылдым. Ал үчүн жакшы окууга аракет кылып жатам. Пластикалык хирург болсом адамдардын кемчиликтерин жашырып, сулуулап коём, аларга көп жардам берем дечүмүн. Бирок сулуулугун бузуп алышыӊ да мүмкүн экен. Андыктан онколог болсомбу дедим. Рак менен ооруган балдарга жардам бермекмин. Бул дартка каршы дары ойлоп тапканга аракет кылат элем. Чет жерде иштеп, тажрыйба топтоп келсем, Кыргызстанга көбүрөөк салым кошо алам. Келечекте балдар үйлөрүнө да жардам берүүнү каалайм.
Мен баарына Кыргызстанды жакшы көрөлү деп айткым келет. Митинг, коррупция дегендер болбосо эле мекенибиз өнүгөт. Негизи биздин Кыргызстанда баары жакшы го деп ойлойм. Ошого шүгүр кылышыбыз керек.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg