ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ, ЖОГОТУУСУ, СУЛУУСУ...

"Уй жылында шоу-бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн кимиси кандай ийгиликке жетишти да, кимисинин жеке жашоосу аксады, кимдерден кол жуудук?" деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ – БЕЙОНС
Бул жылы Голливуд жылдыздарынын арасынан кумурскадай иштегени Бейонс болду окшойт” деп тамашалашат кесиптештери. Чындыгында эле бул ырчынын ырлары биринин артынан бири хитке айланып, ырларына мыкты сценарийде түзүлгөн клиптер тартылды. Мунун жыйынтыгы ага берилген сыйлыктардын санынын өсүшүнө алып келди. Мисалы, ырчы популярдуу MTV каналы уюштурган “MTV Video Music Awards – 2009” сыйлыгынын ээси болгон. Интернет аркылуу сурамжылоодо 100 миңден ашуун добушка ээ болуп, “Планетанын поп канайымы” деп табылган. Булардан тышкары “Forbes” журналынын изилдөөсү боюнча “Эң бай, эң жаш жана атактуу айым” деп аныкталса, ал эми “Billboard” журналы “Жылдын мыкты айымы” деп белгиледи.

Мындан башка...
Ал эми Орусияда “Гламур” журналынын жыйынтыгы боюнча "2009-жылдын мыкты айымы" деп Тина Канделаки менен Ксения Собчак табылды. Ошондой эле Н.Гришаева, А.Заворотнюк, Е.Боярская, Ж.Фрис­ке мыкты иштеди деп баса белгиленди.

ЖЫЛДЫН ЖАҢЫ ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗЫ – ЛЕДИ ГАГА
Ар жылы өткөрүлүп келген “MTV Video Music Awards – 2009” сыйлык тапшыруу аземинде Леди Гага “Жылдын жаңы жанган жылдызы” номинациясына ээси болду. Анткени 23 жаштагы сары чачтуу Леди Гага ырдаган ар бир ыр хит параддарда алдыңкы орунду ээлеп, дүйнөлүк хитке айлана алды. Жыл жыйынтыгында “Billboard” журналы да ага “Жылдын жаңы жанган жылдызы” наамын ыйгарды.

ЧОҢ ЖОГОТУУ – МАЙКЛ ЖЕКСОН
2009-жыл, 25-июнь. Бул күнү дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп музыканын падышасы Майкл Жексондон ажырады. Жексондун 50 жаш курагында дүйнө менен коштошуп кеткенине азыркыга чейин көпчүлүк ишенбей келет. Анын кээ бир фанаттары өз өмүрүн кыйганга чейин барышканы маалым. Маалыматтарга караганда, поп жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алып каза болгон. Майкл Жексондун кайталангыс ырлары менен бийлери күйөрмандардын эсинде түбөлүккө сакталат.

Мындан башка дүйнө салгандар:

  • Людмила Зыкина;
  • Патрик Суэйзи;
  • Вячеслав Тихонов;
  • Евгений Вестник;
  • Владимир Турчинский.

ЖЫЛДЫН ЧЫР-ЧАТАГЫ – КРИС БРАУН ЖАНА РИАННА
Популярдуу ырчы Крис Браун менен шоу-бизнесте маанилүү орду бар Рианнанын ортосундагы чыр-чатак тууралуу жазбаган басылма калбаса керек. Чырдын себеби Кристин Рианнаны көгала кылып сабап салганы болгон эле. Бири ооруканада, экинчиси темир тор артында болуп, “Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземине келбей калышкан. Браундун эмне үчүн мындай ишке барганы азыркыга чейин сыр бойдон келет. Учурда соттун жыйынтыгы менен 20 жаштагы Браун 5 жыл үй түрмөгө кесилип, "Рианнадан 50 метр алыстыкта жүрүүсү керек" деген чечим чыгарылган.

Мындан башка...
Кристина Орбакайте менен бизнесмен Руслан Байсаров уулу Денини талашып соттошушту.

ЭҢ СТИЛДҮҮ АТАКТУУЛАР – КОУЛ ЖАНА БЕКХЭМ
Айымдардын популярдуу “Glamour”журналы жылдыздар арасынан жылдын стилдүү мырзасы менен айымын аныктады. Жыйынтыгында “Жылдын стилдүү мырзасы” деп футболчу Дэвид Бекхэм аталды. Андан кийинки орунда Брэд Питт жана Жонни Депп­тин ысымдары аталды. Ал эми айымдар арасынан “Жылдын стилдүү айымы” наамы актриса Шерил Коулга ыйгарылды. Экинчи орунду Кейт Мосс, ал эми үчүнчүнү Виктория Бекхэм ээледи.

ЭҢ СУЛУУ ЖЫЛДЫЗДАР – ЖОЛИ ЖАНА ДЕПП
Жыл аягында “People” журналы жылдыздардын арасынан эң сулуусун сууруп чыкты. Окурмандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча айымдардан Анжелина Жоли, мырзалардан Жонни Депп “Эң сулуу жылдыз” деп табылды.

Жылдын сулуу айымы:

  • Анжелина Жоли (1-орун);
  • Кейт Уинслет (2-орун);
  • Жессика Альба (3-орун);
  • Холли Берри (4-орун);
  • Женнифер Энистон (5-орун).

Жылдын келишимдүү мырзасы:

  • Жонни Депп (1-орун);
  • Брэд Питт (2-орун);
  • Жорж Клуни (3-орун);
  • Орландо Блум (4-орун);
  • Дэвид Бекхэм (5-орун).

ТАБЫШКАНДАР ЖАНА АЖЫРАШКАНДАР

2009-жылы дүйнөлүк шоу-биз­нес­те кээ бир атактуулар түгөйүн таап, үлпөт той өткөрүшкөнгө жетишти. Ошондой эле түгөйү менен түтүн булата албай кол үзүшкөн жылдыздар да жок эмес.

Баш кошушкан атактуулар:

  • Согдиана менен бизнесмен Башир Куштов;
  • Яна Рудковская менен Евгений Плющенко;
  • Брюс Уиллис менен фотомодель Эмма Хеминг;
  • Милла Йовович менен режиссёр Пол Андерсон;
  • Владимир Пресняков менен Наталья Подольская;
  • Ани Лорак менен бизнесмен Мурат Налкакиогл;
  • Игорь Николаев менен ырчы Юлия Проскурякова;
  • Николь Ричи менен актёр Жоэль Мэдден.

Ажырашкан атактуулар:

  • Мадонна менен Гай Ричи;
  • Ашер менен Тамека Фостер;
  • Аврил Лавин менен Деррик Уибл;
  • Валерий Меладзе менен Ирина;
  • Эми Уайнхаус менен Блейк Филдер-Сивил;
  • Лолита менен Александр Зарубин.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Крошка
2010-01-03 22:04:21
А кыргыздардын жылдыздары жонундо неге жазган эмесинер?
0
AygerimUrmat
2010-01-04 10:55:58
ошо да....кыргыздарга орун калбай калса керек...
0
new_hacker
2016-06-15 05:36:04
жакшы
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан