БИЙИ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКЫСЫ КЕЛГЕН ПЕРИЗАТ

«Балет – бийлердин ханышасы» деп айтылат. Моюнун созуп, бутунун учу менен секирген балериналарды көргөндө кадимки ак куу көз алдыӊа элестеп, жомоктор дүйнөсүнө сүӊгүп киргендей болосуӊ. Совет доорунда өлкөбүздө балет искусствосу өнүгүүнүн туу чокусуна жетип, Бүбүсара Бейшеналиева жана Айсулуу Токомбаева кыргыз элин дүйнөгө таанытууга зор салымдарын кошушкан. Азыр да алардын жолун жолдогон, келечектеги балет жылдыздарынан уучубуз кур эмес. Эмесе бул жолку каарманыбыз Перизат Кыдырова аттуу «кичинекей ак куу» болмокчу.

«МАГА АК КУУ БОЛГОН ЖАГАТ»
– 11 жаштамын. Ош шаарында төрөлүп, мектеп босогосун ошол жактан аттагам. 1-классымдан тарта бий ийримине катышып жүрчүмүн. Ошол жактан мугалимим «сен балерина болсоӊ жарашат» деп айтып калчу. Анан кинодон балериналарды көрүп аябай кызыгып калдым. Апама айтсам, ал мени ушул окуу жылы башталганда Бишкек шаарындагы Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык училищеге алып келди. Учурда 5-класста окуйм. Бул жакта кадимкидей эле сабактарды окуйбуз, андан тышкары бийлегенди үйрөнөбүз. Алгач кыйналдым. Ар түрдүү кыймыл-аракеттерди, ыкмаларды жасаган башында аябай оор сезилчү, азыр көнүп калдым.
Орус тилдүү мектеп болгону үчүн тил жагынан кыйналган жокмун, Ошто деле орус мектепте окучумун да. Мен азыр жашмын. Бизге мугалимдерибиз али көп кыймыл-аракеттерди үйрөтүшө элек. Ал эми училищеде окушкан улуу эжелер абдан сонун кыймыл-аракеттерди жасашат. Аларды карап кызыгам, мен да эртерээк үйрөнгүм келет.
Көчөдө да моюнубузду койкойтуп алып, түптүз басабыз. Антпесек мугалимдерибиз «моюнуӊарды узартып, ак куудай болуп баскыла» деп урушат. Өзүбүздү ак куу деп ойлойбуз (күлүп). А мага ак куу болгон жагат. Толуп кетпеш үчүн тамактарды ылгап жейбиз. Майрамдык кечелерде бийлеп сахнага чыгабыз. Бийлегенден тышкары математика, орус тили жана адабияты, кыргыз тили сабактарын жакшы көрөм. Окууларыма жетишип, сабактарымдын бардыгынан «4», «5» деген бааларды алам.
Жатак мектепте жашайм. 3 маал тамагыбыз бекер. Тарбиячыларыбыз күнүгө эртеӊ менен саат 7:00дө тургузушат. Сабактар 8:00дө башталып, 16:00дө аяктайт. Андан соӊ бөлмөмө барып өз алдымча машыгам, үй тапшырмаларымды аткарам. Ошентип саат 21:00дө уктайм. Бош убактымда бөлмөдөгү кыздар менен мультфильмдерди, сериалдарды көргөндү жактырам. Бөлмөбүздү жыйнайбыз. Бири-бирибизден жакшы бийлеш үчүн атаандашабыз. Тарбиячылар кечинде бөлмөлөрдү жыйнаганыбызды текшеришет.

«КЫРГЫЗСТАНГА КӨП ТУРИСТТЕР КЕЛИШИН КААЛАЙМ»
– Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин. Ата-энем, бир туугандарым азыр Ошто. Алар менен күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Каникул сайын барам. Мен аларды, өзгөчө апамды сагынам (ред. Перизат сөзүнүн ушул жерине келгенде эки быйтыйган колдору менен көзүн жаап, ыйлап жиберди. «Апаӊ жасаган тамактарды сагындыӊбы?» деп сурасак, дагы көзүнө жаш алып баштаганынан жанында карап турган мугалими «Болду эми, кызыбызды кайра-кайра ыйлата бересиӊерби» деп тамашалап күлүп калды).
Азыр кичинекеймин да, келечекте дагы кандай кесипке ээ болууну азырынча тандай элекмин. Кыргызстан келечекте өнүгүп, дүйнөгө белгилүү өлкөлөрдүн бири болушун каалайм. Өлкөбүздө кооз, бийик имараттар көп тургузулушун тилейм. Кыргызстандын жаратылышы кооз, көп туристтер келип бул жакта эс алып кетсин дейм. Ал үчүн таштандыларды жолдорго таштабай, элибиз да ынтымактуу болушу керек.
Бий деген – искусство, жан дүйнөӊдү эс алдырат. Келечекте бий үйрөнүүнү дагы улантып, Бүбүсара Бейшеналиева эжебиздей белгилүү балерина болуп, чет өлкөлөргө барып бийлегим келет. Бий аркылуу Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө таанытууну максат кылам.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Келечекте белгилүү балерина болгусу келген кыздар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sharipa-asia
2015-06-04 01:21:02
Азамат кыздар экен, таланттары ташкындай берсин, бирок сагынып ыйлаган кызды коруп балдарымды эстеп журогум ыйладыыыы
+1
jon.as
2015-06-04 10:42:16
иий шириндер кудайым тилегинерди берсин
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан