ЫЙЫК КУРАНДЫН ИЛИМИЙ АНЫКТАМАСЫ БОЛГОН «РИСАЛЕ-И НУР» ЖЫЙНАГЫНАН АЛЫНДЫ. АВТОРУ: БАДИУЗЗАМАН САИД НУРСИ
КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ

Касиеттүү Рамазан айында орозо кармоо – исламдын беш түркүгүнүн негизгилеринин бири. Анан да ислам каадаларынын туу чокусу. Касиеттүү Рамазан айындагы орозонун Алла Тааланын тарбиялоочулугуна, адамдын коомдук жашоосуна, жеке турмушуна, напсисин тарбиялоого, берилген ырыскыларга шүгүр кылууга караган көптөгөн акылмандуулуктары бар. Ошонун тогуз акылмандуулугун баяндаган тогуз мааниси.

Рамазан айы ушундай бир ай, бул айда адамдарга туура жолду көрсөтүүчү, ачык-айкын аяттар көрүнүшүндө ак менен караны айырмалаган Куран түшүрүлдү. (Куран 2/185)

БИРИНЧИ МААНИ:
Орозонун Алла Тааланын тарбиялоочулугуна тиешелүү өӊүттөн караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бири төмөнкүдөй:
Алла Таала жер бетин дүйүм ырыскыларга толо жайыл дасторкон түрүндө жаратып, үстүндө ырыскыларынын бардык түрлөрүн ыкмасы менен ал дасторконго жайып, ошол абал менен өзүнүн тарбиялоочулугун, мээримдүүлүгүн жана ырайымдуулугун түшүндүрүп келет. Ал эми адамдарга кайдигерлик пардасы жана себептер чөйрөсү бөгөт болгондуктан алар ошол абалдын түшүндүрүп берген акыйкатын толук көрө алышпай, айрым учурда караманча унутуп калып жатышат.
Ал эми касиеттүү Рамазан айында болсо ыймандуулар көз ачып-жумганча тартиптүү аскерлердин кейпин кийишет. Күн батарга жакын Султаны Эзелкинин зыяпатына чакырылган таризде «Кана эмесе, өтүӊүз!» деген буйрукту гана күтүп турган сыяктуу кулчулук абалын көрсөтүшөт. Ошол ырайымдуу, айбаттуу жана жан бүткөндүн баарысын жалпы камтыган мээримдүүлүккө карата өздөрүнүн кеӊ, улуу жана тартиптүү кулчулугу менен жооп кайтарып жатышат. Ушундай улуу кулчулукка, ошондой шаан-шөкөттүү урмат-сыйга кошулбаган адамдар деги адам деген атка татыктуубу?

ЭКИНЧИ МААНИ:
Куттуу Рамазан айынын орозосунун Алла Тааланын берген ырыскыларына шүгүр кылуу өӊүтүнөн караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бири мындайча: Биринчи сөздө айтылгандай, падышанын ашканасынан бир ортомчу аркылуу алынып келинген тамактар бир акы төлөөнү талап кылат. Ортомчуга чайлык пулун төлөп берип, бирок өтө баалуу болгон ошол сыйлыктарды барктабай, ал ырыскыларды берген Затты унутуп, эске албоо чектен ашкан бир акмактык болот. Ушул сыяктуу Алла Таала ырыскыларынын чексиз түрлөрүн инсандар үчүн жер бетине жайып койгон. Ошол белектеринин акысы катары адамдардан шүгүр кылууну талап кылат.
Адамдарга берилген ырыскылардын сырткы себепчиси же ээси ортомчу кызматында болот. Ал ортомчуларга акысын берип, жан алы калбай жалпактап ыраазычылык билдирип жатабыз. Атүгүл алар татыктуу болбосо да, көптөгөн урмат-сыйларды аларга көрсөтүүдөбүз. Ал эми чындыгында Муними Хакики (Чыныгы Ырыскы Ээси) өзүнүн ырыскылары аркылуу сырткы себептерге караганда чексиз деӊгээлде шүгүр айтууга ылайыктуу. Ал Затка шүгүр кылуу деген ошол сыйлыктарды түздөн-түз Андан деп билип, ошол сыйлыктардын баалуулугун барктап, аларга өзүнүн муктаждыгын сезүү менен гана болот.
Ошентип Рамазан айындагы орозо чыныгы, калыс, улуу жана жалпы шүгүрчүлүктүн ачкычына айланат. Себеби орозо айынан башка учурларда адамдардын көпчүлүгү
чыныгы ачкачылыкты башынан өткөрүшпөгөндүктөн, аларга берилип жаткан көптөгөн ырыскылардын баалуулугун толугу менен айырмалай алышпайт. Бир сындырым катыган нандагы ырыскынын кадыры курсагы ток адамга (айрыкча бай болсо) анча деле билине бербейт. А бирок ифтарда (ооз ачарда) ошол катып калган нан ыймандуу адамдын көз алдында Аллахтын өтө баалуу ырыскысы экендигине даам таттуу органы (куввеи заика) күбөлүк берет. Ыйык Рамазан айында ар ким падышадан тартып эӊ жакыр адамга чейин ошол ырыскылардын баалуулугун түшүнүшөт да, руханий шүгүрчүлүккө жетишишет.
Ал эми күндүзгү убакта тамактан тыюу салган жагын айтсак: «Бул ырыскылар менин мүлкүм эмес. Аларды эркин пайдалана албайм. Демек, башкасынын мүлкү жана сыйлыгы. Анын гана буйругун күтүп жатам»- деп нээматты чыныгы сыйлык деп билет. Руханий шүгүрчүлүк кылат.
Мына орозо бул жагынан көптөгөн тарабы менен инсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычына айланат.

ҮЧҮНЧҮ МААНИ:
Орозонун адамдардын коомдук турмушуна караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бир акылмандуулугу төмөнкүдөй: Адамдар турмуш-тиричилик жагынан бири-бирине окшошпогон абалда жаратылган. Алла Таала да ошол карама-каршылыкка байланыштуу бай адамдарды кембагалдарга жардам берүүгө чакырат. Ал эми чындыгында байлар кедейлердин боор ачый турган ачка абалын, «ач кадырын ток билбейт» дегендей, орозодогу ачкачылык менен гана толук сезе алышат.
Эгерде орозо болбогондо напсинин туткуну болгон көптөгөн байлар ачкачылык, жакырчылык канчалык кайгылуу жана кедейлер да канчалык мээримге муктаж болгонун билбей калышмак. Мына ошондуктан адамдардын табиятындагы жогорку сапаттардан болгон ырайымдуулук жана мээримдүүлүк чыныгы шүгүрчүлүккө негиз болот. Кандай гана адам болбосун өзүнөн да жакыр адамды таба алат, андыктан аларга мээримдүү болууга милдетүү.
Эгер напсисин мажбурлап ачка калтырбаган болсо, анда башкаларга жардам берүү, жакшылык кылуу деген адамдык милдетин толук аткара албайт. Аткарса да толук болбой калат. Анткени ошол ачкачылык абалды өзү жон териси жана жан дили менен сезген эмес.

ТӨРТҮНЧҮ МААНИ:
Касиеттүү Рамазан айында напсини тарбиялоо жагына караган орозо тутуунун көптөгөн акылмандуулуктарынын ичинен бир акылмандуулугу бул: Напси өзүн эркин жана көз карандысызмын деп билет. Ошондой деп кабыл кылат. Атүгүл кыялдуу, негизсиз башкаруучулукту, өз алдынча аракет кылууну жаратылышынан арзуу кылып келет. Сансыз ырыскылар менен камсыздалып жатканын ойлогусу да келбейт. Айрыкча бай жана күчтүү болсо, ага кайдигерлиги да кошулса бардык нерсени зордук менен басып алып, айбан сыяктуу Аллахтын сый-белектерин (нээматтарын) жеп-жутуп мойсой баштайт.
Ошентип Рамазан айында ар кимдин напсиси эӊ бай адамдан тартып, эӊ кедей адамга чейин өзүнө-өзү кожоюн эмес, кызматчы, эркин эмес, кул экенин түшүнүп калат. Аллахтын буйругу болбосо эӊ жөнөкөй, жеӊил нерсени да жасай албай, жадакалса колун сууга да узата албай турганын түшүнөт, кыялындагы куруп алган салтанаттуу бийлигинин бырын-чырыны чыгып талкаланат. Кулчулук кылууга бел байлап, анын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүккө өтөт.

БЕШИНЧИ МААНИ:
Рамазан айындагы орозонун напсини адеп-ахлактуу кылып оӊдоп-түзөөгө, моюн сунбаган аракеттеринен кайтарууга караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бирөөсү төмөнкүдөй: Адамдын напсиси кайдигерликтин айынан өзүн карандай эле унутуп коёт. Жаратылышындагы чексиз алсыздыгын, кембагалдыгын жана толгон-токой кемчиликтерин көрө албайт, көрүүнү да каалабайт.
Мындан сырткары ал канчалык күчсүз, жок болууга дуушар, балээ-кырсыктарга бута, ошондой эле тез бузулуп, ажырап кете турган эт менен сөөктөн куралганын ойлобойт. Кудум болоттон куралган бир денеси бар сымал өзүн өлбөчүдөй элестетип, дүйнөгө умсунуп талпынат. Катуу бир ач көздүк жана күчтүү бир ашыктык менен дүнүйөгө жипсиз байланат. Өз кызыкчылыгына керектүү болгон жыргалдуу нерселерге байланып калат.
Аны жогорку мээримдүүлүк менен тарбиялап жаткан Жаратуучусун унутуп коёт. Өмүрүнүн жыйынтыгы кандай болоруна көӊүл бурбай, түбөлүктүү жашоо жөнүндө түк ойлобойт. Зыяндуу жана булганыч күнөөлөрдүн кучагына култ этип кирип кетет.
Ошентип Рамазан айында эӊ кайдигер, өтө өжөр адамдар да орозо аркылуу өзүнүн күчсүз, алсыз жана кедей экендигин сезе башташат. Ачка калуунун натыйжасында алар кара курсагы жөнүндө ойлонуп, ашказандын муктаждыктарын түшүнүшөт. Алсыраган денеси канчалык бышык эмес, сапатсыз экенин эстеп, алар Аллахтын ырайымдуулугуна канчалык муктаж болгонун билип калышат. Адам напсисинин фараондугун (текебердигин) таштап, Аллах Тааланын даргөйүндө жалбарууга алсыздык жана жакырдык аркылуу бир арзуу сезими ойгонот. Руханий шүгүрчүлүктү баштоо менен Аллахтын мээримдүүлүгүнүн каалгасын, эгерде кайдигерлик жүрөгүн буга чейин бузбаган болсо, такылдатууга даярдана баштайт.

АЛТЫНЧЫ МААНИ:
Ыйык Куран түшүрүлгөн Рамазан айынын көптөгөн акылмандуулуктарынын эӊ маанилүү дагы бир акылмандуулугу төмөнкүдөй: Ырас, даанышман Куран Рамазан айында түшүрүлгөн. Анын ошол түшкөн учурун эске салып, бул кайрылууну жакшы тосуп алуу үчүн жаман каалоолордон тыйылып, керексиз иштерден арылып, жеп-ичүүнү токтотуп, периште абалына жакындашуу керек. Курандагы Аллахтын буйруктарын эми гана түшүп жаткандай кунт коюп угуп окуу керек. Бул кайрылууну Пайгамбарыбыздын (с.а.в)өз оозунан уккан сыяктуу тыӊшоо, балким, Жабраил (а.с) периштеден, балким, Эзелки Сүйлөөчүнүн (Мутакаллим-и Азалиянын) өзүнөн угуп жаткандай бир ыйык абалга татыктуу болуу керек. Мындан сырткары өзү дагы Куранга котормочу болуп, башкаларды да аны укканга үгүттөп, адамдарга Курандын түшүрүлүшүнүн акылмандуулугун бир даража көрсөтүү абзел.
Ооба, Ислам дүйнөсү касиеттүү Рамазан айында кудум бир мечит сыяктуу бир абалга өтөт. Ал ушундай бир мечит дейсиз! Миллиондогон хафыздар (карылар) ошол чоӊ мечиттин ар бир бурчунда асмандан келген кайрылууну жердин жашоочуларына жарыялап уктурушат. Рамазан айы «Рамазан айында Куран түшүрүлгөн (Куран 2/185)» деген аятын нурдуу, жаркыраган бир абалда көрсөтүп жатат. Рамазан Курандын айы экенин айныксыз далилдеп турат. Ошол абдан чоӊ жамааттын башка өкүлдөрү да хафыздарды кичи пейилдүүлүк менен угушат. Ал эми айрымдары өз-өзүнчө Куран окушат.
Ушундай бир абалдагы ыйык мечитте напсинин жаман каалоолоруна туткун болуп, жеп-ичүү аркылуу ошол нурдуу жамааттан узак туруу жеткен адепсиздикке жатат. Анан да ошол мечиттеги жамааттын руханий жийиркенүүсүнө да дуушар болот. Ошондой эле куттуу Рамазанда орозо туткандарга артын салуу менен жалпы Ислам дүйнөсүнүн руханий иренжүүсүнө жана акаратына да кабылышат.

ЖЕТИНЧИ МААНИ:
Рамазан айындагы орозонун бул дүйнөгө акырет үчүн эгин эгип, соода кылууга келген адамзаттын тапкан сооп пайдасына караган көптөгөн акылмандуулуктарынын дагы бир акылмандуулугу төмөндөгүдөй: Касиеттүү Рамазан айында сооптуу амалдар бирге миӊ болуп жазылат. Ыйык хадистин түшүндүрмөлөрү боюнча акылмандуу болгон Курандын ар бир тамгасынын он сообу бар, ага он жакшылык жазылып, бейиштин он мөмөсүн камсыздап берет. Касиеттүү Рамазан айында Курандын ар бир тамгасына он эмес, миӊдеген сооп жазылат. Ал эми Аятуль Курси сыяктуу аяттардын ар бир тамгасына миӊдеген сооптор жазылат. Берекелүү Рамазан айынын жума күндөрүндө сооптор дагы да артат. Кадыр түндө болсо анын эсеби отуз миӊге чыгат.
Ооба, ар бир тамгасы отуз миӊ түбөлүктүү жемиштерди утуп берген даанышман Куран касиеттүү Рамазан айында бейиштин Туба деген нурдуу дарагы сымал ыймандууларга миллиондогон түбөлүктүү үрөндү чогултуп берет.
Мына, кел эми! Ушул касиеттүү, түбөлүктүү жана пайдалуу соодага карап көрүп ойлонуп көр. Ушул тамгалардын баалуулугун барктай албагандар канчалык чексиз зыянда болгондугун түшүн.
Мына, Рамазан айы – адатта акырет соодасы үчүн өтө пайдалуу бир көргөзмө, кан базар. Түбөлүктүүлүктүн мол түшүмдүүлүгүн арттырган жер. Жакшы амалдардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон жазгы жаан сымал. Аллах Тааланын тарбиялоочулугуна, башкаруучулугуна карата адамзаттын кулчулугунун расмий түрдө өтүшүнө эӊ жаркыраган ыйык майрам болуп берет. Ошондуктан жеп-ичүү сыяктуу напсинин кайдигерлик менен жасаган айбандык муктаждыктарына, кумар сезимдеринин кызыгууларына кирип кетпөө үчүн орозо кармоого милдеттендирилген.
Айбандык каалоолордон убактылуу алыстап, кудум периште сымал абалга өтүп акыреттик соодага кирген адам дүйнөлүк муктаждык- тарын таштап, денеден сыйрылып бир рух абалына кирип орозо тутуу аркылуу кандайдыр бир түрдө Самадиятка күзгү болот.
Ооба, касиеттүү Рамазан айы бул өтүп кетүүчү, убактылуу жана кыска өмүрдө түбөлүктүү жашоону, узун бир өмүрдү камсыздап утуп берет.
Ооба, Рамазан айы жеке өзү сексен жылдык өмүр байлыгын утуп бере алат. Кадыр Түн болсо Курандын түшүндүрмөсү боюнча, миӊ айдан да артыгыраак болгондугу бул сырга өтө күчтүү далил.
Ооба, бир падыша өз бийлигин жүргүзүп жаткан учурда, айталык жыл сайын кээ бир күндөрүн же такка отуруу же башка шаан-шөкөттүү учурларды кандайдыр майрам күндөрү деп жарыялайт. Ошол күнү ал падыша жогорку деӊгээлдеги бийлик жүргүзүүсү аркылуу өзүнүн карамагындагы элин, жалпы мыйзамдар чөйрөсүндө эмес, балким, жекече сыйлап, эч бир тоскоолсуз алдына кирүүлөрүнө, жеке сый-урматына, түздөн-түз ылайык кылат. Кол алдындагы букараларына адаттан тышкары өзгөчө көӊүл бурат.
Ошондой эле Эзелкинин жана Түбөлүктүүлүктүн Султаны, он сегиз миӊ ааламдын Айбаттуу Падышасы ошол он сегиз миӊ ааламга караган, жүздөнгөн улуу буйругу болгон Акылмандуу Куранды касиеттүү Рамазан айында түшүргөн.
Албетте, ошол Рамазан айы Аллахтын өзгөчө бир майрамы, кандайдыр бир көргөзмөсү жана руханий бир чогулушу катары болуусу – акылмандуулуктун талабы. Албетте, Рамазанды майрам деп кабыл алгандан кийин адамдарды айбан сыяктуу бейчеки убакыт өткөрүүдөн, жек көрүндү абалдан сактоо үчүн орозо кармоого буйрулган.
Ал эми орозонун эӊ бир мыктысы – ашказан сыяктуу башка бардык мүчөлөрдү, көз, кулак, жүрөк, кыял, пикир сыяктуу курал-жабдыктарды да орозо кармоого үндөө. Башкача айтканда, аларды арам жана пайдасыз нерселерден четтетип, ар бирин өзүнө тиешелүү кулчулукка багыттоо.
Мисалы, тилге орозо туттуруу жалгандан, гыйбаттан, одоно-орой сөздөрдү айтуудан алыстатуу аркылуу болот. Ошол тилди Куран окуу, зикир, тасбих, салават жана истигфар айтуу менен алектендирүү керек.
Мисалы, көздү наамахрамды (харамды) кароодон тыйып, кулакты ушак угуудан тосуп, көздү үлгүлүү көрүнүштөргө каратып, кулакты чындык сөздү жана Куранды тыӊшоого колдонгон сыяктуу эле, башка сезим-органдарды да орозо карматуу керек.
Негизинде ашказан эӊ чоӊ фабрика болгондуктан, орозонун жардамы менен аны эс алдырса, анда башка кичинекей ишканаларды да ага оӊой баш ийдирүүгө мүмкүн болот.

ТОГУЗУНЧУ МААНИ:
Касиеттүү Рамазандын орозосу түздөн-түз напсинин курулай башкаруучулугун жокко чыгаруу, анын алсыздыгын көрсөтүү аркылуу кул экендигин билдирүү жагындагы көп акылмандуулуктарынын дагы бир акылмандуулугу ушундайча: Напси кожоюнун тааныгысы келбейт, фараон сыяктуу өзү кожоюн болууну каалайт. Ага кандай гана азаптарды берсе да, мурдагы таз кейпинде кала берет. Бирок ачкачылыкка туш болуу менен ошол ит адаты ойрон болот.
Ошентип касиеттүү Рамазан айындагы орозо түздөн-түз напсинин фараондук жагына эӊгиреткен сокку уруп, таш-талканын чыгарып талкалайт. Алсыздыгын, күчсүздүгүн жана муктаждыгын көрсөтүп, кул экендигин билдирет.
Хадисте айтылгандай, Улуу Алла Таала напсиге мындай дептир:

«Мен киммин, сен кимсиӊ?»
Анда напси: «Мен – менмин, Сен – Сенсиӊ!»- деп жооп бериптир.
Азапка салып, тозокко да ыргытып, кайра сураптыр.
Кайра эле: «Ана – ана, анта – анта»,- дей бериптир.
Кандай гана азапка салса да напси өзүнүн менменсинүүсүнөн кайтпаптыр.
Кийин ачкачылык менен кыйнап, тамаксыз калтырып кайрадан «Ман ана, ва ма анта?»- деп сураптыр.
Ошондо напси:
«Сен – менин мээримдүү Кожоюнумсуӊ, мен болсо Сенин алсыз кулуӊмун...»- деп жооп бериптир.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Sultanim
2015-06-01 10:40:58
Ммм...ойлондурат.чон рахмат! Рамазандан алдын ала бизге маалымат бергениздер учун!
+1
Sultanim
2015-06-01 10:43:32
Ушундай логикалуу маалыматтар мага абдан жагат.кийинки сандарда да кутобуз.
+2
BeStOne
2015-06-01 15:27:52
Бул макаланы ким даярдаптыр?
+1
admin_superstan
2015-06-01 16:28:23
BeStOne, макала жыйнактан алынган. Жыйнактын автору Бадиуззаман Саид Нурси.
+2
mirana9395
2015-06-01 15:45:43
Орозо кунго Кудайым озу жеткирип,Орозо кармоо насип этсин баарыбызга
+2
kukunana
2015-06-01 16:05:05
Жакшы экен, рахмат Супер инфо. Суперсин!!!
+1
sabirdinovich
2015-06-01 17:32:25
Ушундай кызыктуу макалалардан көп-көптөн жазып тургулачы сураныч.
+1
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-06-02 07:42:44
Аябай кызыктуу, жонокой, тушунуктуу болуптур. Рахмат. Алла ыраазы болуп, эки дуйно бактылуулукту насип эткен болсун.
+1
nur16
2015-06-02 09:22:40
супер инфо аллах ыраазы болсун ушундай макалаларды кутобуз
+1
yrysbek
2015-06-02 18:16:51
Урматтуу Супер Инфо Сиздерге чоон ыраазычылык билдирем. Мен Сиздерге бир сунуш айтаар элем, Рамазан айында (30- кундук орозо) пайгамбарыбыз Мухаммед саллалооху аллейхи вассалламдын омур баянын жазып чыгарсаныздар (мисалга Сынган кылычка окшотуп баяндап), пайгамбарыбыздын омур баянын Сиздер аркылуу баары окуп ыраазы болушат эле.
0
zhusaliev89
2015-06-02 19:12:26
Алла ыраазы болсун,чон рахмат
0
tebessum
2015-06-03 01:00:36
Risal-e Nur Kurandy achyk aykyn chechmelep bergen jana en jogorku dengeelde jazylgan. Ar biribizge okup tushunup jana oshondoi jashagandy nasip kylsyn. Super info suranych Risal-e Nur dan kop kop jazyp tursanyzdar bashka aktualduu temalardan dagy. Chon soop sizderge da. Kancha adamdyn jashoosunun onolushuna sebepker bolosuzdar
0
Bako.baike
2015-06-04 00:35:50
гуглдан ,,кыргызча рисале-и нур,, деп ищдесенер кыргызча рисале-и нурдун сайты бар
0
nurzaada1989u
2015-06-07 04:16:49
Эн сонун жонокой тушундурулуптур,АЛЛАХым ыраазы болсун!
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан