ДЕПРЕССИЯНЫ ЖЕӉГЕН АДАМ УЗАК ЖАШАЙТ

Депрессияны «кылымдын дарты» деп атап коюшат. Учурда чоӊ-кичине дебей бул сөздү колдонбогон адам жок калды окшойт. Узак депрессиянын алдын албаса суицидге да жеткирет. Кызыгы, окумуштуулар бул дарттын да оӊ таасирлери бар экенин айтып чыгышты.

ЭМНЕДЕН УЛАМ...
Депрессия – жан дүйнөнүн дартка чалдыгышы. Аны денеге кандайдыр бир вирус кирип алгандай элестетсе болот. Айрымдар табиятынан пессимист келип, болбогон нерселерден улам стресс боло берсе, кээ бирлерде ар түрдүү факторлордон (ажырашуу, жумуштан ажыроо, иши жүрүшпөө, жакын адамын жоготуу жана башка) улам депрессия келип чыгат.

КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Психологдордун айтымында, сезондук депрессиядан чыгуу оӊой, ал эми узакка созулган депрессия адамдын ден соолугуна гана зыян кылбай, айрым учурда өмүр менен кош айтышууга алып келет. Андыктан депрессиядан чыгууга аракет кылыӊыз.
1-эреже. Башыӊыздан оор кырдаал өттү. Болор иш болду. Бирок окуяга эч ким күнөөлүү эмес, бирөөлөрдү же өзүӊүздү жектеп, жегенди токтотуӊуз!
2-эреже. Өзүӊүздү ошол сизди кыйнаган абалга алып барып, эмоция менен баарын эстеӊиз, кыйкыргыӊыз келсе кыйкырып, ыйлагыӊыз келсе ыйлап алыӊыз да, ошол абалды жүрөктөн чыгарып салсаӊыз жеӊилдеп каласыз.
3-эреже. Өзүӊүздү бир нерсе менен алаксытканыӊыз оӊ, хоббиӊиз менен алек болуӊуз. Сизди сындаган, абалыӊызды түшүнбөгөн адамдардан алыс болуӊуз.
4-эреже. Денеӊизге физикалык жүк көбүрөөк үйүӊүз, бир нерсе менен алек болгондо сизди кыйнаган ойлор аз болсо да алыстап, кечинде уйкуӊуз тынч болот.
5-эреже. Мончого баруу керек, анткени денедеги жаман энергиядан арыла түшөсүз. Чач кестирип, массаж алыӊыз, дүкөн аралап өз стилиӊизди издегенге аракет кылыӊыз, жашооӊуздун жаӊы барагын ачыӊыз. Бул өз баалуулуктарыӊызды калыпка келтирип, жашооӊузду жаӊы тепкичке көтөргөнгө жардам берет.
6-эреже. Депрессияны басуу үчүн түнкү клубдарга барып, баш аламан мамиле түзүп, алкоголдук ичимдиктерди ичкенден качыӊыз! Эсиӊизде болсун, абалыӊыз мындан эч жакшы болбойт, кайра сизди түпкүргө түртөт.

ДЕПРЕССИЯНЫН ОӉ ЖАКТАРЫ
Нидерландылык психологдор депрессиянын да оӊ жактары бар экенин айтышат.

  • Бул дартты жеӊип чыкса, кийин ал адам мурункуга караганда алда канча күчтүү болуп калат. Ар кандай абалга, жашоонун күнгөй-тескейине оӊой менен сынбайт жана башка адамдардын кемчиликтерине кечиримдүүлүк менен карашат.
  • Депрессиядагы адам көп учурда тамактан баш тартат. Мындай учурда ички органдар жакшы иштеп, бир сыйра тазаланып калат.
  • Бул абалда адамдар майда-барат нерсеге көӊүл бурбай калгандыктан мээнин алдыӊкы бөлүгү жакшы иштеп, аналитикалык ой жүгүртүү системи жакшырат. Вирджиния университетинин окумуштуулары эксперимент жүргүзүшкөндө, депрессиядагы студенттер экзаменге даярдыксыз кирсе да, мыкты жооп берип чыгып кетишкен. Демек, мээнин иштеши жакшырат.
  • Көп учурда бул дартты жеӊип чыккандардын ден соолугу жакшырып, көпкө жашаарын окумуштуулар айтып чыгышкан.
  • Стресс – иммундук системди күчтүү кылат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Gulnaz.GS
2015-06-01 13:38:09
Рахмат
+1
malika14
2015-06-01 13:46:45
rahmat super info soonun kenesh.
+1
Aisuluu160790
2015-06-01 17:20:51
Супер Инфо силерге чоон рахмат!!! Мен озумо келгендей боло туштум..
+1
mira28
2015-06-02 03:55:40
Менин эрим туну иштеп кундуз эс алат курдун энергиясын аз алат акыркы кундору депрессияда журот
+1
Zarlykbek
2015-06-02 10:50:22
Жакшы кенеш рахмат.
+1
Aksy-13
2015-06-02 13:08:58
жакшы кенеш экен мен турмушка чыгып коп депрессияга кабылып атам азыр да депрессиядамын бирок колумда балам бар учун аны менен убара болуп бир аз алаксыйм жалгыз калып ыйлагым эле келе берет откон кундорду эстесем кадимкидей жаш келет ыйлап бир аз женилдейм, сыртыман башкаларга шайыр корунуп журо берем бирок ичимде кандай абал болуп атканы озумо эле белгилуу башкаларга билдирбешке аракет кылам ошондуктан тунку маалда коп ойлонуп коп ыйлайм
+1
gulnara2014
2015-06-02 15:57:01
Азаматсынар супер инфо бул жазганынар туура
+1
kuzya-1999
2015-06-03 15:57:19
Депрессия бардык оорулардын да булагы болуп эсептелет
+1
Ayka1994
2015-06-03 17:16:21
Депреция ото жаман. Ал адамды сыгып конулун кыйнап ийет. Жакындарын узак убакыт сагынып кыйналуудан, озуно жакпаган жумушту жасоодон жана финансылык каржынын жетишпей атканынанда адам депрецияга кабылып ынжык болуп эч нерсе жакпай дайыма ойлонуп журуп оооруп калат. Андан алыс болуу учун негизги озубуздун конулубузго жакпаган жумуштан баш тартуубуз керек деп эсептейм.
+4
Altynbekk5
2015-06-03 22:23:58
Аккан суум акпай калды.
Аялым жакпай калды.
Арыктан суу ташытып.
Аягым баспай калды.
0
Gamze90
2015-06-04 21:34:49
Менде азыр ушундай болуп жатам да, эч нерсеге желаня жок...
+3
reina90
2015-06-05 13:43:01
менин кайын агам жалкоолугун депрессияга шылтап(аялы менен ажырашкан 8 жылдай бп калды) 2-3 жылдан бери иштебей тушко чейин уктап биздин уйдо отурат. Кундо аны коргон мен дагы депрессия бп баштадым.
0
barhin1978
2016-05-13 04:13:15
депрециядан чыгуу ото кыйын екен. мен еч чыга албай жатам. окуп корсом дал ушундай белгилер баары бар.ким жардам берет. озумдо куч калбады.
+1
Aisuluu160790
2016-08-17 12:17:31
Кудайым буйруса баары ордуна Келди деп ойлойм.
+1
nurgulll80
2016-10-24 15:51:53
Ото жакшы кенеш экен .Рахманов.
+1
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан