Кыргыз эли илгертен сөздүн гүлүн терип сүйлөп, сөз багып, сөз кадырлап келет эмеспи. Биз бүгүнкү күндүн белгилүү инсандарына ар собол менен кайрылдык.
«Катын жолдо, бала белде» деген макалды кандай түшүнөсүз?
Майрамбек Осмонов, ырчы, тамада: «КАТЫН КӨЧӨДӨ ЖАЙНАЙТ»
– «Атаӊ өлсө, акылыӊдан ажырайсыӊ, энеӊ өлсө жакыныӊдан ажырайсыӊ. Аял өлсө элден табылат, балаӊ өлсө белден табылат, бир тууган өлсө кайдан табылат?» деген кеп бар. Демек, катын жолдо деген – катын көчөдө жайнап жатат деген сөз. Бирок бала көчөдө жайнабайт, бала эркектин белинде болот. Аял баланы тогуз ай курсакта көтөрөт эмеспи, ошол сыяктуу эле эркек да баланы тогуз ай белинде көтөрөт. Бул макалдын мааниси ушул, мындан башка мааниси жок.
«Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген чынбы?
Залина Касымова, кыл кыякчы: «ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫН БИР КАЗАНДА КАЙНАТЫШ АДАМДЫН ӨЗҮНӨН»
– Жакшы макал экен (күлүп). Бул эми кыргыз элинде илгертеден айтылып келе жаткан сөз. Албетте жөндөн жөн эле айтылып калган эмес, кандайдыр бир деӊгээлде чындыгы бар. Эки кочкордун башын бир казанда кайнатыш же кайнатпаш ар бир адамдын өзүнөн болсо керек. Мисалы, бир ансамбль же чыгармачыл топ болобу эки кыйын адам бет келип калган учур болот. Ошондо сөзсүз бирөө баш ийиши керек, экөө теӊ менменсинип турса эки кочкордун башы кайнабай калат. Ал эми үй-бүлөдө казан-аяк кагышканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Анан эки кочкордун башын бир казанга кайнаталы деп аялы баш ийип, мен кыйынмын деп эркеги аялды басынта бергенде болбойт. Ошондуктан эки адам кеӊешип, бири-бирин түшүнүп, үй-бүлө деген казанда бирге кайнашы керек деп ойлойм.
«Эркек үйдөн жети кадам баскандан кийин бойдок» деген макалдын канчалык чындыгы бар?
Азиз Мурадиллаев, актёр: «МЕН ҮЙДӨН БИР КАДАМ БАСКАНДАН КИЙИН ЭЛЕ БОЙДОКМУН»
– Эркектер жаратылышынан ойноок келет эмеспи, сулуу кызды көргөндө сөзсүз жымыӊдап кетебиз. Аялыбыз бар экенин деле унутуп калабыз го. Эркек болгондон кийин жанагы ырда айтылгандай, «сулууларга суктанууга акым бар». Ошондуктан мен жети эмес, үйдөн бир кадам баскандан кийин эле бойдокмун.
«Жигит сүйсөӊ онду сүй, тогузу турсун запаста» дегенди кандай түшүнөсүӊ?
Сайкал Садыбакасова, ырчы: «КӨӉҮЛҮӉ БИР НЕЧЕ АДАМГА БӨЛҮНҮШҮ МҮМКҮН»
– Бул эми азыркы замандын тамаша-чыны аралаш макалы го. Албетте, «жүрөк бирди сүйөт, көӊүл миӊди сүйөт». Жүрөгүӊдүн ээси табылгыча, көӊүлүӊ бир нече адамга бөлүнүшү мүмкүн. Анын үстүнө азыркы жигиттер да бир эле учурда 3-4 кыздын жигити болуп жатышпайбы. Мүмкүн, бул тагдырдыр. Сүйүктүүӊө жолуккан соӊ аны менен түбөлүк бир болууга эмне жетсин.
«Койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт» дегенди кандай түшүнөсүз?
Күмөндөр Абылов, куудул: «АЯЛЫМА КОЛ КӨТӨРГӨМ»
– Азыркы заманда жаштарга бул макал кичине туура эмес сезилиши мүмкүн. Бирок турмуштан алынган, таамай айтылган сөз деп эсептейм. Коюӊ болсо эт, куйрук жээриӊ турган кеп да. Ал эми «эриӊ болсо таяк жейсиӊ» дегени, таяк жейби, жебейби ал башка кеп дечи. Эӊ негизгиси эриӊ жок болгондон көрө, таяк жесеӊ да бар болгону жакшы да. Жанагы «бок жаман эмес, жок жаман» дегендей эле да. Эмнеге дал ушул макалды мага камдап койдуӊар? Ооба, эркек болгондон кийин мен да аялга кол көтөргөм. «Биз такыр кер-мур айтышып, сен-мен дешкен жокпуз» дегендерге таӊ калам. Андайлар келишим менен жашап жаткан немелер болсо керек. Аялыӊды, жакыныӊды жакшы болсун деп урушасыӊ да, башканын аялын эмне болсоӊ ошол бол деп басып кетесиӊ да, туурабы?
Замира Рахманбердиева
star@super.kg