Бул аптанын башталышы менен президент Алмазбек Атамбаев Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчы сапарын жер көчкүдөн жабыркаган Кыр-Жол айылынан баштап, каза болгон адамдардын жакындарына көӊүл айтып, үйлөрү көчкүдө калган жарандарга мамлекет тарабынан үй куруп берүүнү убада кылды.
Буга катар Алмазбек Атамбаев Сузак районунун Көк-Жаӊгак шаарчасындагы 52870-аскердик бөлүмдүн ачылыш аземине катышып: «Мурда аскерлер өтүгү жок отурушса, эми мамлекет армияга башкача мамиле жасайт»,- деп билдирди. Президент Жалал-Абад шаарындагы №6-мектептин абалы менен таанышып, жергиликтүү бийликке анын ордуна жаӊы мектептин имаратын куруу боюнча тапшырма берди. 27-май күнү өлкө башчы Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар мектептердин абалы менен таанышып чыкты. Маселен, Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында жайгашкан Д.Султанов атындагы мектеп-интернаттын абалын көрүп, мамлекет башчы окуу жайдын оӊдоо иштерине 2 миллион сом бөлүп берди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg