Өкмөттүн «Суу кодексине» өзгөртүү киргизүү демилгеси каршы пикир жаратты. Айта кетсек, сунушталган мыйзам долбоору боюнча, «Кумтөрдө» мөӊгүнү бир жерден экинчи жерге жылдырууга уруксат берилгени жатат. Өкмөт өкүлдөрү «эгер мыйзам кабыл алынбаса, «Кумтөрдө» иш токтошу мүмкүн» дешүүдө. Бирок мыйзам долбоорун «Ата Мекен» фракциясы четке какты жана палатаны документти колдобоого чакырарын билдирди. Фракция башчысы Өмүрбек Текебаев: «Бул долбоор менен өкмөт «Кумтөр» кениндеги «Давыдов» мөӊгүсүн талкалаганы жатат. Бул чоӊ кылмыш. Кыргыз элинин душманы делинген Бакиев да 2009-жылы мындайга барган эмес. Ал эми учурдагы чиновниктер өз кызыкчылыгын гана ойлоп кылмышка барышууда. Кийин алардын баары камалат. Ушу тапта суу башатында турган «Кумтөрдөн» башка бир дагы кен жок. Демек, мыйзам долбоору «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын кызыкчылыгы үчүн иштелип чыкканы көрүнүп турат. Өкмөт муну ачык айтышы керек болчу»,- деди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg