КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МАЛАЙЗИЯГА БАРАТ

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана маданият тармагынын өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы Малайзияга аттанганы жатат.
Журналисттер аталган өлкөнүн борбору Куала-Лумпурда малай элинин маданияты жана каада-салты менен таанышышат. Белгилүү аралдардын бири Лангкавиде да болуп кайтышмакчы. Ал жактан кыргыз делегациясынын тобу аралга күн сайын келген жүз миӊдеген туристтердин эс алуусун малайзиялыктар кандай иш билгилик менен уюштуруп жатканын көрө алат. Жайкы туристтик сезон башталардын алдында Малайзиянын иш-тажрыйбасы тууралуу Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын чагылдырып берүүсү мамлекеттик органдарга, карапайым калкка да пайдалуу болот. Өлкөбүздүн журналисттери Малайзиядагы кесиптештери менен тажрыйба алмашып, керектүү байланыштарды түзүп келе алышат. Ал үчүн Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү белгилүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Малайзиядагы башкы ММКларынын кызматкерлери менен жолугушуу уюштурат. Маданий программа да каралып, Бишкектен Куала-Лумпурга бара турган эстрада жылдыздары мекендештерибизге концерттик программа тартуулашат. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, бул иш-чараны уюштурууга «Ала-Тоо» мекендештер биримдиги элчиликке жардам берүүдө. Каржылоо жагын Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн өз моюнуна алды. Султановдун айтымында, маданий-маалыматтык өз ара алака түзүү экономикалык мамилени өнүктүрүүгө да түрткү берет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан