ЖОГОРКУ КЕӉЕШ КҮЗДҮК КАМЫН ЭМИТЕДЕН КӨРӨ БАШТАДЫ

«Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов «парламенттик шайлоого катыша турган партиялар үчүн республикалык босоголук чекти 9 пайызга көтөрүү керек» деп күпүлдөгөнүн токтото элек. Эске салсак, азыркы чакырылыштагы депутаттар 2010-жылы 5 пайыздык босоголук чек менен шайланып келишкен болчу. Барьерди дээрлик 2 эсеге жогорулатуунун тарапташтары ким да, каршылаштары ким?

КУЛОВ КОЛДОО ТАПМАЙЫН ТОКТОБОЙБУ?
27-май күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында парламенттик шайлоодогу республикалык босоголук чекти партиялар үчүн 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү.
«Республикалык босоголук чекти жогорулатуу жаш партиялардын парламентке келүүсүнө тоскоолдук жаратат деген сын-пикир суу кечпейт. Акыркы кезде эски партиялар биригип, жаӊы жаш партиялар түзүлүп жатканын көрүп жатабыз. Буга «Республика» менен «Ата Журт» мисал боло алат. Мындай биригүүдө мүмкүнчүлүктөр да жогорулайт. Ошол эле «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» партиясы да парламентке өтүү үчүн бирикти. Ирилештирүү күчтү теӊдештирүүгө алып келет жана бир күнү парламенттин туруктуулугуна жетишебиз. Ал эми Жогорку Кеӊешке түшүнүксүз идеологиялык ориентациясы менен келген партиялар өлкөдөгү парламентаризмдин бутуна турушуна терс таасирин тийгизет»,- деди Кулов. 
«Ар-намысчы» лидердин оппоненттери да өз аргументтерин айтышты. «Мына, сиз кечээ эле республикалык босоголук чекти 10 пайызга көтөрүүнү сунуштап чыккансыз, бирок ал колдоо тапкан эмес. Эми 9 пайызды көтөрүп чыктыӊыз. Кийинки чакырылышка 3-4 партия келсе баары жакшы болот деген туура эмес. Жогорку Кеӊеште элдин өкүлдөрү канчалык көп болсо, ошончолук жакшы»- деди Исмаил Исаков. Назарали Арипов: «Эгерде бул демилгеси да колдоо таппай калса, Кулов токтоп калар бекен, же 8 пайыздык босоголук чекти сунуштап чыгабы?» деп кызыкты.

КҮЗДӨ ЭМЕС, ЖАЗДА ЭСЕБИ БАШТАЛГАН «ЖӨЖӨЛӨР»
2010-жылы Жогорку Кеӊешке өтүү үчүн ар бир партия республика боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес, ал эми ар бир аймактан (7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары) 0,5 пайыздан кем эмес добуш алып, андан кийин тиешелүү мандаттарга ээ болгон. «Бүтүн Кыргызстандын» дал ушул чектин айынан 4,8 пайыздык добушту алуу менен парламентке өтпөй калганы элдин эсинен чыга элек болсо керек.  
Андан бери азыркыга дейре Жогорку Кеӊеште жогоруда сөз болгон республикалык чекти 7 пайызга, аймактык чекти 0,7 пайызга көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору колдоо таап, ага президент да кол койгон. Талкууда Жогорку Кеӊештин депутаты Анвар Артыков: «7 пайыздык босоголук чекти сынап көрбөй эле, жарабайт деп жатабыз. Парламентте 2-3 партия гана отурсун деген саясат жүрүп жаткандай маанай жаралууда. Партияларга шайлоо фондун 5 миллион сомго жогорулатып койгон боюнча нааразычылыктар тыйыла элек. Эмне парламент олигархтар үчүн элеби же Кыргызстан миллионерлердин өлкөсүбү деп сурап жатышат»,- деди.
«Жөжөнү күздө санайбыз» деп коюшат. Бирок кыргыз саясатындагы «жөжөлөр» жазда эле эсептелине баштады. Парламенттик шайлоо жакындаган сайын тартип-эрежелер шашылыш түрдө өзгөрүп жатканынан эле кичине-чоӊдугуна карабай партиялардын арасында күрөш кызуу жүрүп жатканын аӊдоого болот.
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору боюнча добуш берүү эмки аптада болуп өтөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vera23
2015-06-04 01:12:58
Канчалык коп болсо ошончолук жакшы дегени жаман екен. Емне кереги бар деймда 5миллионго жетпеген калк учун 120депутаттын.конулун айланат карап отуруп келечеке да тунулуп кетесин оздорунун кызыкчылыгын ойлогон адамдар.
0
Sezim.A
2015-06-04 17:22:00
Саны коп ,сапаты жок болгондон коро оздору да уялышса болмок.Дуйно жузу боюнча президенттикке 2 эле талапкер болот экен а биздечи дуйнону тан калтыртып 86талапкер болгон.120депутаттын ичинен да 20сы иштеши мумкун,бир Аллага малым.
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан