«Сагындым жазды», «Жаш тандабайт махабат», «Жүрөк картайбайт», «Элегия», «Апам, ай» аттуу ырлары менен калыӊ элге алынган Айпери Кулбаева Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктын лауреаты болду. «Бул сыйлыкты мага маданиятка кошкон салымым үчүн беришти. Мындай колдоо чыгармачылыкта талыкпай иштөөмө түрткү болот»,- деп ырчы толкуп-ташып жаӊылыгы менен бөлүштү. Белгилей кетсек, бул сыйлык ырчыга Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясы жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан берилди.