Ырчы Мирбек Атабеков ата болуу алдында турат. Тактап айтканда, жубайы Мээрим кош бойлуу. Бишкекте «Рэкетир-2» тасмасынын жабык эшик артында өткөн көрсөтүүсүнө Мээрим кенен көйнөк кийип келгенин байкаган элек. Божомолубузду ырчынын чөйрөсүндөгүлөр да тастыкташты. Буюрса, жакында ырчынын үйүндө наристе үнү жаӊырып, «бешик бооӊуз бек болсун!» деп айтчу күн да алыс эмес экен. Эми ырчынын репертуарынан бала жөнүндөгү жанга жагымдуу ырларды байма-бай угуп калабыз.