Улуттук каналдагы жаӊылыктар программасынын алып баруучусу Гүлжан Кулмамбетова учурда Түркиянын Анкара шаарында жашап, иштеп жатат. Тажрыйба алмашуу программасы менен барган айым ТRT AVAZ каналында диктор катары иш алып барууда. «Эфирге күн сайын чыгып жатам. Түрк тилин мыкты билгендигим жакшы болду. «Тил билсеӊ, дил билесиӊ» дегендей, түрк туугандар менен иштешүү жеӊил жана жагымдуу экен»,- дейт диктор.