Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин колдоосу жана «Ала-Тоо» биримдигинин чакыруусу менен журналисттер жана маданият өкүлдөрү Малайзияга аттануунун алдында турушат. Бул ирет кереметтүү өлкөгө «Заманыбыздын супер ырчысы» Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Гүлжигит Калыков, тамашоучулар Самат Эркинбек уулу жана Эмил Эсеналиев барышат. Алар бул өлкөдө эс алуу менен бирге Малайзиядагы элдердин жашоо шарты менен кенен таанышып, маданият тармагында болуп жаткан өсүштөр менен таанышып кайтышмакчы.