Май айы майрамдарга бай эмеспи. Бул айда өздүк майрамдарын белгилегендер да арбын болду. 25-май тамашоучу Кубанычбек Курманбековдун туулган күнү. Туулган күнүн белгилегенди көп деле жактыра бербеген мырзага бул жолу сүйүктүүсү сюрприз жасап, белек-бечкегин берип шаан-шөкөттү баштап бериптир. Майрамдын уландысын Таласка концерт коюп бара жатышып жолдо белгилегенин айтат тамашоучу.
Ал эми 27си күнү актёр Аскат Сулайманов да өздүк майрамын белгиледи. Ашыкча ызы-чуу кылгысы келбегенби, айтор, Аскат мырза туулган күнүн жакындарынын арасында эле белгилептир. «Мал союп, беш бармак жасап, үй-бүлөмдүн кучагында тостум. Бир туугандарым келишип, жылуу сөзүн айтып куттуктап кетишти»,- дейт актёр.
Ушул эле күнү дагы бир майрам «Жоролор» тобундагы куудул Жылдызбек Абдраимовдун үйүндө болду. «Эртеӊ менен Күмөндөр байке үйүнө чакырып, куттук айтып туулган күндү баштап берди. Кечинде пикирлеш жакшы агаларым бар эле, алар куттуктап келишти»,- деп кубанычы менен бөлүштү.