Руслан Акун, кинорежиссёр: «ЖУБАЙЫМ НАРКОЗ АЛБАЙ ТӨРӨП, АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ООЗУН АЧЫРДЫ»

Кинорежиссёр Руслан Акун учурда жубайы менен АКШда жашап жана билим алып жаткан кези. Жакында эле океандын ары жагында наристелүү болуп, ата статусуна ээ болгон режиссёр ал жактагы окуусу, алдыга койгон пландары, ата болгондогу сезимдери менен кенен бөлүштү.

– Руслан, бешик бооӊуз бек болсун! Ата болуу сезими кандай экен?
– Саламатсыздарбы? Ооба, кыздуу болдум. Кызымдын биринчи ыӊаалаганын укканда сүйүнгөнүмдөн төрөт үйүндө иштеген дарыгер, медайымдардын баарын кучактап, өпкүлөп жибергим келди. Кызым мага окшош. Ысымын чоӊ апасы Ариетта деп койду. Негизи, Ариет коёлу дегенбиз, бирок ал ысым көбүрөөк эркек балдарга коюлат экен,
ошондуктан Ариеттага токтолдук.
Небересинин төрөлүшүн утурлай Кыргызстандан апам менен карындашым келишкен, алар биздин жаныбызда. Кудайга шүгүр, келинчегим Каныкейдин абалы жакшы. Америкада бардык айымдар наркоз менен төрөшөт экен. Каныкей балага залакасы тийбесин деп наркоз албай «кыргызча» төрөгөндө америкалыктардын оозу ачылып калды. Төрөтүнө катышкан жокмун, сыртта эле апам менен күтүп отурдум.
– Учурда АКШда окуп жүргөнүӊүздү билебиз, окууӊуз тууралуу айтып өтсөӊүз...
– Көптөн бери кино тартып жүрүп, толук кандуу режиссёрлук билим керек экенин сезчүмүн. Бир күнү интернеттен дүйнөнүн мыкты киномектептерин карап жатып, учурда өзүм окуп жаткан Түштүк Калифорния университетине көзүм түшүп калды. Документтеримди чогултуп тапшырып, Кудай жалгап өтүп кеттим, бирок окуу акысын угуп төбө чачым тик турду.
Бул жакта биздегидей бюджеттик окуу жок, федералдык насыя деген бар. Окугусу келген жарандар өлкөсүнөн 20-30 жылга пайызы аз насыя алып, аны кайра окууну бүтүп иштегенде төлөп беришет. Бирок бул мыйзам Американын жарандарына эле тиешелүү. Мага окшогон чет өлкөлүк студенттерге берилбейт экен. Окуу акым жылына 40 миӊ доллардын тегерегинде, мындан сырткары батир акысы, баскан-турганыӊдын баары акча. Окууга өткөндөн кийин колдоо издеп көп кишилерге кайрылдым. Арасынан депутат Шаршенбек Абдыкеримовдон гана колдоо таптым. Менин бул жакта билим алып жатканыма бул кишинин салымы зор, андыктан учурдан пайдаланып Шаршенбек байкеге ыраазычылыгымды айта кетмекчимин.
– Мугалимдериӊиз, курсташтарыӊыз кыргыз экениӊизди билишеби?
– Мен дайыма KGZ деген жазуусу бар кепкамды башымдан түшүрбөйм. Сурагандарга «Кыргызстан деген аябай кооз өлкө, барып кино тарткыла» деп болушунча жарнамалайм. Окуум аябай жакшы, мурун алтынчы туюмум менен жасап жүргөн иштерди азыр башым менен түшүнүп калдым. Университетибизде күчтүү мугалимдер сабак беришет. Көпчүлүгүнүн жок дегенде бирден «Оскар» сыйлыгы бар. Ошондой эле Жорж Буштун (улуусу) небереси Эшли Буш менин курсташым. Мен анын фамилиясын шылдыӊдай берчүмүн, көрсө, ал чындап эле АКШнын экс-президентинин небереси экен.
– Келечекте «Салам, Нью-Йорктон» да мыкты тасма тартуу пландарыӊызда барбы?
– Учурда оюмда бир киносценарий бар. Эгер ушул тасманы өзүм элестеткендей, башымда сүрөттөлгөндөй кылып тартсам, Кыргызстандын өнүгүшүнө реалдуу салымын кошкон мыкты тасма болмок. Бул тасма «Салам, Нью-Йоркту» жүз эсе басып өтөт деп ойлойм. Биздин өлкө кичинекей, кыргыз киносу өнүксүн десек, аны экспорттошубуз керек. Мисалы, түштүк кореялыктардын киносу өз өлкөсүнүн ички дүӊ продукциясын жөн эле көтөрөт. Биз дагы эптеп-септебей, «шабашка» катары көрбөй мыкты кинолорду тартсак жакшы болот эле.
– Кыргызстандагы эӊ ийгиликтүү мырзалардын бирисиз, сиз үчүн ийгилик, бакыт деген эмне?
– Мен үчүн ийгилик кымбат үй, машина эмес, ийгилик – бул жеке бактым. Бир жакшы сөз бар «бактылуу болгуӊ келеби, анда бол» деген. Бакыттын ачкычы ар бир адамдын өз колунда деп ойлойм. Бир мисал айта кетсем, 1990-­жылдары өлкөнү каатчылык каптап турган кез. Биз анда Нарын шаарында турчубуз, ошондо эл нан таппай, эптеп жашачу. Кошуналардан карызга буудай сурап, тегирменге алып барып 3-сорттогу ундан нан жеп эле чоӊойгонбуз. Кичинемде Ысык-Көлдөгү таенемдикине барыш үчүн бензин сасыган, калдыраган автобуста 12 саат жол жүрүп, кусуп, көӊүл айланып араӊ жетчүбүз. Азыр ал нерселердин баары болбогондой туюлат, анткени учурда бардык шарт бар. Айтайын дегеним, баарына каниет кылып жашашыбыз керек.
– Кыргызстанды сагындыӊызбы?
– Таза абасын, суусун, тамагын, жадакалса чаӊ баскан көчөлөрүнө чейин сагынам. Кичинемде ата-энем Дастан деген иним экөөбүздү Бишкектеги алыс туугандарыбыздыкына 2-3 күнгө калтырып кетишчү. Эжем бардык шарты бар кабаттуу батирде жашар эле. Алар биз каалаган нерсени алып беришчү. Бирок канча жакшы мамиле кылбасын, баары бир ата-энебизге жетпейт да. Эжемдердикинде жыргал болсо да өзүбүздүн үйүбүзгө кеткенге шашчумун. Бул жакта деле ушул мисалдагыдай, Америка канчалык өнүккөн өлкө болбосун, окуумду 2017-жылы бүтсөм эле мекениме кайтам.
– Өзүӊүздү саясаттан көрө аласызбы?
– Кайсы бир чөйрөдө ийгиликтерди багынтпай туруп саясатка барам, өлкөнү оӊдой салам деп жан талашкан жаштарды түшүнбөйм. Менин оюмча, саясаттын оош-кыйышына тажрыйбасы бар адам гана туруштук бере алат. Саясатка көзгө көрүнүктүү бир нерсе жасап туруп анан келиш керек. Өзүм саясаттан алыс адаммын, чиновник же депутат болом деп тырышпайм. Саясатка аралашпай деле Кыргызстандын керегине жараса болот.
– Өзүӊүздүн үй-бүлөӊүз тууралуу айта кетсеӊиз...
– Атамдын аты Кубанычбек, шахматты жакшы ойнойт, математиканы чагат. Апамдын аты Канышай. Бир кызык нерсе айтып берейин, менин чоӊ атам ат-башылык Акун болсо, чоӊ таятам тянь-шандык Акун, апам тарап да, атам тарап да Акуновдор.
Үйдө 4 бир туугандын улуусумун, Дастан деген иним, Айпери, Айдана деген карындаштарым бар. Үйдүн улуусу болгондуктан ата-энем жокто ини-карындаштарыма тамак жасап берчүмүн. Өзүм үйдөн 16 жашымда кетип, университеттин жатаканаларында жашап, тамак жасаганды жакшы эле билип калгам. Эми болсо жубайым Каныкей мага түрдүү тамактарды жасап эркелетип жатат. Мен да кээде ага өзгөн күрүчүнөн аш, шишкебек бышырып берип эркелетип коём.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!

"Келинчегим Каныкей билимдүү, ыймандуу".

"Апам менен карындашым учурда биздикинде".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Aksy-13
2015-06-08 11:13:13
молодец мырза мыкты маек бериптирсиз! Уй булолук бакыт калайм, Ариеттага ден соолук жана омур берсин Жараткан!
+1
Munarka
2015-06-08 14:00:41
ийгилик сизге
+1
ailam14
2015-06-08 14:16:03
Бешик боонуз бек болсун,уй-булоолук бакыт каалайм
+1
kuzya-1999
2015-06-08 14:19:31
Бешик боо бек болсун!
+1
momuntay
2015-06-08 16:02:40
Татуу тугойлор экен. Кызынар омурлуу болсун! Жашоонор да таттуу боло берсин.
+1
XAH.
2015-06-08 16:34:52
Ошол киноңду зыңк кылып тарт. Күтөбүз
+3
beka-11-14
2015-06-08 17:36:24
Молодец жакшы конолорду кутобуз
+1
jass
2015-06-08 19:52:59
Красавчик
-1
Maxima
2015-06-08 20:42:22
Кызыныздын бешик боосу бек болсун! Уй булоолук бакыт каалайм. Эмгегиниздин узурун корунуз! Биз сиз менен сыймыктанабыз. Келечекте кыргыздын киносун алдыга суйрой турган мыкты тасмаларды тартаарынызга ишенич чон!!! Жердешиниз...
+3
mersedes2013
2015-06-09 02:18:53
Абдан соонун маек болуптур.Жонокой бирок билимдуу мыкты жигит экен.Ийгилик!
+2
spanchik
2015-06-09 10:42:52
sonun boluptur maek, eje menen baikenin murdulary okshosh eken)) kawai des ^_^
0
aytkulova
2015-06-09 12:39:22
Кызынын аты озгочо экен, Ариетта)) Келинчеги да сулуу, татынакай экен. Бактылуу болунуздар!
+2
asiana
2015-06-09 15:12:04
Манас жонундо тартсан жакшы болмок Оскар ала турган денгелде кылып.
+3
bossmos7
2015-06-09 20:01:37
asiana,Бул тасмага азыр шашылуунун кереги жок! Манасты тартууга коп тажрыйба жана коп каражат керектелет! Ага чейинки жашоону чагылдырып турсаак даагын чон нерсе!!!
+1
bossmos7
2015-06-09 19:59:47
Ийгиликтер!
+1
antiwithin14
2015-06-10 23:59:27
Канышай Каныкей . Апасы менен келинчегинин аттары да уйкаш. Бактылуу болгула!
+1
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан