MEGACOM АБОНЕНТТЕРИНЕН АРДАГЕРЛЕРГЕ 1 МИЛЛИОН СОМ

Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылдын 25-мартынан баштап 15-майына чейин созулган Улуу Ата Мекендик согуштун (УАС) ардагерлерине жардам көрсөтүү акциясынын жүрүшүндө MegaCom абоненттери 1945 кыска номуруна эӊ көп – элүү миӊден ашуун SMS-билдирүү жөнөтүп, жалпы  924 068 сом чогултулду.

MegaCom компаниясынын салтка айланган, жылдан жылга келе жаткан бул акциясы Улуу Жеӊишке эбегейсиз салымын кошкон, жандарын аябаган аталарыбыздын эрдигине таазим кылуу менен, аларга өз урмат-сыйын билдирүү максатында өткөрүлүп келет. Анын жыйынтыгында топтолгон каражат согушка катышып келгендерге гана эмес, тылда күжүрмөн эмгектенишкен бардык ардагерлерге бөлүнүп берилет.
«Социалдык жактан жоопкерчиликтүү MegaCom мобилдик оператору өз абоненттерине ыраазычылык билдирет жана кайрымдуулук акциясы алкагында топтолгон каражат толук көлөмдө УАС ардагерлерине тапшырылат. Эл арасында чогулган акча кайда кетет деген кеп чыгышы мүмкүн, бирок айта кетчү нерсе, бул каражаттын баары көзөмөлдөнүп, ардагерлердин колуна тиет. Муну менен Ата Мекендик байланыш оператор түйүнгө кошулган ар бир абоненттин ынтымактуу жана ишенимдүү ири команданын мүчөсү болуу тандоосу туура экендигин белгилейт»,- деп өз сөзүндө белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.
Аталган акция MegaCom компаниясы тарабынан төртүнчү ирет өткөрүлүп, быйылкы жылкысы өзгөчө болду. Абоненттердин четте калбай, активдүү катышуусунан улам эӊ ири каражат топтолду. Ал салыктарды кармап калуудан кийин 924 068 сомду түздү.
Каражат алчу ардагерлердин тизмеги менен жана мурунку жылдардын акциясы тууралуу megacom.kg сайтынан таанышсаӊыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан