АЛАКАНЫӉЫЗДАН МҮНӨЗҮӉҮЗДҮ АНЫКТАӉЫЗ

Хироманттар алакандагы сызыктар жана манжалардын түзүлүшү боюнча ким кандай адам экенин, ал тургай ийгиликке жетишүүсүн билишет. Сиз да алаканыӊызга үӊүлүп, өзүӊүзгө эксперимент жүргүзүп көрүӊүз.

ЖҮРӨК СЫЗЫГЫ
А варианты
Жүрөк сызыгы ортондон башталган адамдардын лидерлик сапаты күчтүү, өздөрүн өтө баалашат. Мындай адамдар көп учурда акылга салып иш кылгандыктан, ар кандай абалдан жол таап чыгып кете алышат. Бирок башка бирөөгө жүрөгүнүн эшигин көптө ачат, андыктан сыртынан муздак, мерез адам көрүнөт.

В варианты
Эгерде жүрөк сызыгы ортон менен сөөмөйдүн дал ортосунан башталса, чыр-чатаксыз адамдар. Өзгөчө аяр жана миӊ өлчөп, бир кескенди жактырышат, андыктан сизди айланадагылар чечкинсиз деп ойлошот. Сиз эч качан эмоцияга таянбайсыз, ар дайым акылдын күчүнө таянып жыйынтык чыгарасыз.

С варианты
Сызыгыӊыз сөөмөйдүн алдынан башталса, сиз баарын алдын ала ойлонгон стратег адамсыз. Башыӊызда ар дайым жаӊы идея жана аны кантип ишке ашыруунун жолдору болот. Ар дайым жакшы маанайда жүргөндүктөн башкалар сизди оптимист деп ойлошот, а чындыгында сиз реалист адамсыз.

D варианты
Жүрөк сызыгы баш бармак менен сөөмөйдүн ортосунан башталса сиз өтө жоош, жумшак адамсыз. Көп нерсеге чыдап коё турган сапатыӊыздан улам айрымдар сизди көп пайдаланып кетишет. Сиз үчүн бийлик да, байлык да эмес, жан дүйнөӊүздүн гармонияда болуусу баалуу.

ЖАШОО СЫЗЫГЫ
1. Жашоо сызыгы баш бармакка жакын жайгашса, мындай адамдар алсыз, ишти жай, бирок майын чыгара жасаган адамдар. Тез эле чарчап калышат, ошондой эле кимдир бирөөлөрдүн колдоосуна муктаж болгон адамдар.
2. Ал эми тескерисинче жашоо сызыгы алакандын ортосунан да өтүп келип, жаа сымал ийилип кеткен сызыктын ээси – активдүү адамдар. Алар лидер, өзүнө жаккан иш болсо эс алууну да билбей иштей беришет, көп учурда жолдуу болушат.
3. Айрым учурда жашоо сызыгына параллель жайгашкан билинер-билинбес сызык болот. Мындай адамдардын жашоосу бир агымдан экинчи агымга бурулуп кеткен. Мисалы, көп кыйынчылык көрүп, кийин ийгиликтүү болуп кеткен адамдар. Булардын жашоосу бир калыпта эмес, ар түрдүү кырдаалга туш келиши мүмкүн. Бирок эрки күчтүү адамдар.
4. Жашоо сызыгы үзүлүп, кайра уланып кеткен сызыктар оорунун же оор кырдаалды башынан өткөрүп, депрессия болгон учурдун белгиси.

АКЫЛ СЫЗЫГЫ
1. Акыл сызыгы түз сызылса, акылы менен эмес, кара жумуш менен жанын бага ала тургандар. Аларга кеӊседе отуруп чогулуш, кагаз, документ толтуруу менен коштолгон иш туура келбейт. Бирок өз оюн кыска, туура, так айткан бетке чабар адамдар.
2. Эгерде толкун сымал болуп кеткен сызыктын ээси болсоӊуз, анда сиз чыгармачыл адамсыз. Ар дайым жаӊы изденүүлөр менен жүрөсүз жана жаныӊыздагы адамдарга ар дайым кызыктуу сезилесиз.
3. Узун, даана, эч кандай толкунсуз чийилген акыл сызыгы акылдуулуктун жана даанышмандыктын белгиси. Мындай адамдар ар дайым энергиялуу келишип, жолу ачык болот. Көптөр кеӊеш сурап кайрылган, көптү билген адам.
4. Акыл сызыгы үзүк-үзүк болуп кетсе, анда адамдардан өзгөчөлөнүп ой жүгүртөсүз, андыктан сизди көп учурда жакын адамдарыӊыз түшүнбөй калышат. Ошол өзгөчөлүгүӊүз менен көп ийгиликтерге жетишесиз.
5. Кыска чийилген чийиндин ээлери – реалисттер. Алар жашоону эч кандай бет капсыз жана «кызгылтым көз айнексиз» көрө алышат. Жашоодо кандай кыйынчылык болсо да наалыбай кабыл алышат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
sekelek96
2015-06-09 12:11:15
Туура эле экен
0
karasuu
2015-06-09 13:33:05
меники абдан абдан дал келди 100пайыз!!!
0
ne-gramytnyi
2015-06-09 16:34:27
Дал Келли бирок ушуну чыгарбай эле койбоптурсунар ойлонуп калдым.
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-09 21:44:24
салам!менин колума "В"варианты дал келди)))Рахмат супер кж )))
0
elgiz0890
2015-06-09 23:53:45
Бул нерсени лолулор колдонушат бул чындыкка дал келбейт ширк болот адашпаныздар
0
Ayka1994
2015-06-10 02:18:02
магада дал келди. Урматтуу суперчилер бул психалогия илиминин иликтоосу боюнча мындан аллахка эч кандай ширк кошкондукка жатпайт кагылайындар бул илимий турдо гана айтылып атат
+1
admin_superstan
2015-06-11 11:59:26
malika79, саламатсызбы!
Катачылык түзөтүлдү. Рахмат!
0
Dinki
2015-06-13 11:58:42
Дал келген жок бири да менин алаканымдага сызыкчалар тап такыр башкача
0
Pantherka
2015-06-13 14:47:41
Тушунсом олойун)))))))
0
misster88
2015-06-13 20:28:01
Бир аз окшоштугу бар го.
0
nurik2103
2015-06-13 21:18:07
Мага журок сызыгы туура келд. А б рок берки екөөсүндөгү сызыктар менин колумдагыларга туура келбей койду
0
maksat
2015-06-13 21:43:05
Жакшы жазыпсынар меникида туура келди рахмат!
0
ekunya
2015-06-14 11:26:21
Окшош экен
0
ZAIYR
2015-07-07 14:43:47
Мисалы: менин он колум 'М' тамгасы болсо, сол колум 'Ж' тамгасы ошондо канда? Флудканага жуктоп коёом коруп келсенер. )))
0
Feijipiao
2015-08-09 20:38:16
Ишенбейин десенда ишендирип жазышатда)))
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан