ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-июндан 14-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө иште жаӊылыктар орун алып, жаӊы көрсөтмөлөр берилет. Андыктан бул күнү чарчайсыз. Шейшембиде жасаган иштериӊиз аптанын аягында өз жемишин бере баштайт. Каржы маселеси ойлондурбай койбойт. Бейшембиде жамааттык иш-чарага же кеӊешмеге катышып, адамдарга жакшы таасир калтырасыз. Ишембиде тиричилик көйгөйлөрү үйдөгүлөр менен кер-мур айтышууга жеткирет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада ишиӊизге, үйдөгү абалга, жакындарыӊыздын керектөөлөрүнө баам салып, жаӊы пландарды түзөсүз. Материалдык абалды оӊдоо боюнча изденип, керектүү адамдар менен таанышасыз. Шейшембиде тааныштар конокко келиши мүмкүн. Бейшембиде кандай иш болсо да кирише бериӊиз. Жекшембиде энергияӊыз аз болот. Андыктан кара жумуш жасагандан качыӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада канчалык активдүү болсоӊуз да, жакшы майнап чыкпайт. Андыктан чоӊ маселелерди чечүүгө киришпей туруӊуз. Акча тартыштыгы баарын үнөмдөөгө түртөт. Жеке жашооӊуз кызыктуу адамдар менен толукталып, көп нерселерди билесиз. Тааныштардан чогуу эс алуу сунушу түшүшү ыктымал. Апта акыры ысык сууга же отко күйүп калуу сыяктуу кырсыктарга жакын, сак болуӊуз!

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каржылык абалыӊызды жөнгө салыӊыз. Карыздарыӊызды берип, киреше-чыгашаларыӊызды эсептеӊиз. Үйдөгүлөр менен мамилени бекемдеп, алардын муктаждыктарын билиӊиз. Бойдокторго чоочун адамдан таанышуу, мамиле түзүү жаатында сунуш түшөт, байкап көрүү кажет. Таасирдүү адамдарга дипломатиялык мамиле жасай алсаӊыз, кайсы бир иштериӊизди бүткөртүп алууга жетишесиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада бир нерселерди уюштура билүү жөндөмүӊүздүн арты менен аброюӊузду өстүрүп, олжого ээ болосуз. Шейшембиде көз карашы башка адамдар менен талашып, убактыӊызды кетирбеӊиз. Бүтпөгөн документ иштери бейшембиде бир топ убактыӊызды алат. Апта акырында кошумча акча иштеп табууга кеӊири убакыт артат. Балким, үйдөн иштегенге бирөөлөрдөн буйрутма аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада бир иштерди бүткөрүү үчүн сүйлөшүүлөр сиздин пайдаӊызга чечилет. Достор да ишиӊиздин өргө карай жылуусуна көмөк көрсөтүшүп, материалдык абалыӊыз аздан жакшыра баштайт. Андыктан алдыдагы кыйынчылыктарга чыдап, тырышып алга жыла бериӊиз. Апта акырында оор жумуштарды аз жасаӊыз. Антпесе бел, колдоруӊузду кокустатып алуу коркунучу бар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул апта сизге эс алууга жана көӊүл ачууга ыӊгайлуу. Тааныштар менен көӊүлдүү кече уюштурууӊуз ыктымал. Албетте, буга көптөн күткөн акчага ээ болууӊуз да кошумча. Сизге бут тосуп келген адамдын жашыруун сырлары билинип, тараза ташы сиз тарапка оойт. Шейшембиде максатка жетүү үчүн бирөөлөр менен кер-мур айтышасыз. Жума күнү шашылыш түрдө бир жакка барып келүүӊүз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Алдыӊкы планга жаӊы мамилелер жана жаӊы эмоциялар чыгып, калган окуялар сизге анчалык кызыктуу болбойт. Жаӊы адам сизди өзүнө тартып, аны менен түрдүү жаатта маектешесиз. Үйүлүп калган иштерге шаршембиден тарта кирише баштайсыз. Ден соолукка кам көрүп, медициналык текшерилүүдөн өтүп, диета кармооӊуз мүмкүн. Ишембиде алдамчылардын тилине кирип, керексиз буюм сатып албаӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада болуп өткөн окуядан улам майда нерселерге кайгыра бербөө жана жашоону, жакын адамдарды баалоо керек экенин дагы бир жолу түшүнөсүз. Сизди башкаларга жаман көрсөткөн адамды издебей туруӊуз, өзү табылат. Дүйшөмбүдө юридикалык иштер менен чуркайсыз. Бейшембиде туугандар конокко келишет. Жума күнү кыялыӊыздагы буюмду сатып аласыз. Аптанын аягында майда иштер менен алектенесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада өзүӊүздү таанып-билүүнү улантып, кызыктуу китеп, телеберүүлөрдү көрүӊүз. Пландар ишке ашышы үчүн керектүү адамдарга жакын болуӊуз. Аптанын башында кырдаалга убагында баа берип чечим кабыл албасаӊыз, артында өкүнүп каласыз. Аптанын ортосунда азгырылып, ашыкча акча коротууга жетпеӊиз. Эс алуу күндөрү бир кубанычты белгилөө менен аяктайт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада кызыктуу жана жагымсыз окуялар кезектешип жүрүп отурат. Өзүӊүздүн пикириӊиз болсо да башкалардын кеӊештери менен сунуштарын угуу ашыкча болбойт. Жашооӊузга кирер өзгөрүү сиздин каалооӊуз менен иш-аракетиӊизден көз каранды. Сынакка катышсаӊыз, орундан жолдуу болууӊуз ыктымал. Эски дос менен кокустан жолугушуп, пикирлешүү өткөн жашооӊузга жетелейт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бут тоскондорго анчалык маани бербеӊиз. Андан көрө чоӊ иштерге киришсеӊиз, жыйынтыгы жакшы болот. Тойго же кечеге барганыӊызда, сизге жакпаган адамдар болсо кетип калганыӊыз оӊ. Энергия болсун үчүн жакшы тамактанып, убагында уктаӊыз. Шейшембиде жоготкон буюмуӊуз табылат. Жума күнү үйгө буюм же мал сатып алууӊуз ыктымал. Ишембиде чарба же оӊдоп-түзөө иштерине убакыт бөлөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан