ТЕЗ ЖАСАЛА ТУРГАН ЧАЧ ЖАСАЛГАЛАР

Күнүгө чачты жасалгалап көчөгө чыкканга ар бир айымдын убактысы аз. Ошондуктан тез жана көрктүү көрүнө турган чач жасалгаларды үйрөнүп алууӊузду сунуштайбыз.

1. Чачты төбөгө бир байлам кылып байлайсыз да, аны чачыӊыздын жука же калыӊдыгына карап бөлүктөргө бөлөсүз.
2. Ал бөлүктөрдүн учтарын плойка менен тармалдатасыз.
3. Андан кийин чачты резинадан чечип, лак сээп койсоӊуз чач жасалгаӊыз даяр.

1. Чачты жакшылап тарап, экиге бөлүп резинка менен байлап алабыз.
2. Бөлүнгөн чачтарды толкун сымал бурап, аягын резина менен бекитебиз.
3. Калыӊ, көрктүү көрүнүшү үчүн буралган чачты тартып-тартып бири-биринен ажыратабыз.
4. Бир өрүмдү алып экинчисине айланта байлап кыпчыткыч менен кыпчытабыз.
5. Андан соӊ экинчисин да ушундай жол менен түйүп, кыпчыткыч менен бекитебиз.
Толкун сымал болгон чач жасалгасы даяр. Бул жасалга жайында моюнду тердетпейт жана тыкан жүрөсүз.

1. Чачыӊыз кыска болсо деле өзгөртүп турууга болот. Алгач чачты жакшылап тарап, бир аз калыӊ болуусу үчүн тармалдатып аласыз.
2. Андан кийин капталынан өрүп баштайсыз.
3. Өрүп бүтүп аягына чыкканда кыпчыткыч менен бекитип койсоӊуз болот. 
 
1. Чачыӊызды экиге бөлүп, алаканыӊызга мусс алып чачка бир аз сыйпайсыз.
2. Эки бөлүмдү бири-бирине өткөрүп эки жолу байлаӊыз.
3. Жанып кетпеши үчүн чачтын өӊүнө жараша резинка менен байлап коюӊуз. Мындай жасалга романтикалык жолугушууга барганга ылайыктуу.
Дайыма бир чач жасалга менен жүрө бербей, бир аз башкача образ жасаганга бул жасалгалар жардамга келет.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
limuna
2015-06-08 11:54:03
Мен мындан жакшы жасайм
+5
admin_superstan
2015-06-08 12:16:50
Gulya.akbaralieva, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
momuntay
2015-06-08 16:29:34
Экинчи жасалга жакты
0
airada
2015-06-08 20:59:46
жакшы
0
Sagidko88
2015-06-09 11:59:01
Супер
0
zari_kosh
2015-06-09 21:18:03
Мага да 2 чи жасалга жакты
0
Ayka1994
2015-06-10 02:21:17
сонун экен мага жакты. Азаматсыздар Супер инфо !
0
nurislambek
2015-06-10 06:45:28
соонун кенеш экен чоон рахмат
0
Santta
2015-06-10 11:11:57
3чусу деле жакшына экен
0
saipi
2015-06-10 21:27:52
Супер
0
yylkan
2015-06-11 08:49:16
Менин чачым узун кантип жасалгаласа болот,ар дайым оруп же туйуп аламын бул жерде мага тиешеси жок экен??????
0
jurnalistika
2015-06-12 15:43:37
Соонун экен кунуго жумушка кетип жатып?ойлонуп калбай.
-1
Nursultan
2015-06-13 11:46:30
Жигиттердинда чач жасалгаларын айтып койгулачы бир пирчоска м.н журо берип тажап кетет экенсин.
0
gemma95
2015-06-13 15:58:48
Оо надо попробовать, сонун кенештер)
0
kyrgyzkyzy99
2015-06-13 19:10:08
бир жасалга менен жургондон коро озгортуп турган жакшы да,дайыма ушундай кенештерди жазып турсанар
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан