ШИШКЕБЕККАНА АЧУУ ОӉОЙБУ ЖЕ КЫЙЫНБЫ?

Жайкы эс алуу сезону кезинде суусундуктар эле эмес шишкебек да жакшы өтөрү маалым. Андыктан кээ бирлер шишкебеккана ачууну да кыялданышат. Бул колдон келе турган ишпи? Эмнелер керек жана чыгымы канча? Изилдеп көрөлү.

КАНДАЙЫН ТАНДАЙСЫЗ?
Жайкыбы же жыл бою иштетилүүчү түрүнбү?
Шишкебеккананын сезондук (жайкы) жана жыл бою иштетилүүчү түрлөрү бар. Экинчи түрүн тандасаӊыз, анда менюда салат жана тамак түрлөрү да болушу шарт. Ал эми сезондук түрүн ачкыӊыз келсе жана каражатыӊыз чамалуу болсо, ижарага ылайыктуу имарат алып иштетүүгө болот. Же бош жерди ижарага алып, ал жерге сөрү (топчан) же стол, стулдарды коюп шишкебекканага айлантууга мүмкүн. Бирок ал жайды жамгыр тийбей тургандай кылып үстүн жабуу кажет. Тегерегин жашылдандыруу ашыкчалык кылбайт. Сезондук шишкебеккананы башталышында 16 адамга ылайыктап ачса жеӊил. Ошондо 4 стол, 16 стул, ал эми менюда шишкебек, сыра жана чипсы сыяктуу закускелер болот.
Шишкебеккана эл көп өтчү жерлерде жайгашса, көп пайда түшөт. Мисалы, базарлардын ичинде, жолдордун кесилишинде, сейил бактарга жакын. Кошумча пайда табуу үчүн ашлянфу же самса жасап саттырса туура. Эмеректердин жаӊысы кымбат, андыктан мурун колдонулгандарын пайдаланууга мүмкүн. Шишкебекти бышырууда газ, электр энергиясы, көмүр, жыгач отун дегендер пайдаланылат. Бирок жыгач отунга бышканы даамдуу болуп, көп өтөт дешет.

КАНЧА АШПОЗ КЕРЕК?
Эгер жалаӊ шишкебек сатуу пландалса, анда 3 адам керектелет. 2өө шишкебек бышырган ашпоз, 1өөсү идиш жууп, тегеректи жыйнап, кассирдин да ролун аткарат. Ал эми сиз керектүүлөр менен камсыздап турасыз. Бухгалтерди келип-кетип иштөөчүлөрдүн бири менен келишим түзүп, иштешсе болот.

АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР
Адегенде 1 аптага жетерлик азык-түлүк алып турсаӊыз болот. Мисалы, уйдун, койдун, тооктун, өрдөктүн ар биринин этинен 25 килограммдан. Ошондо жалпы этке болжол менен 23 000 сом кетет.
Суусундуктар (сыра, лимонад, кола), закуске (чипсы, кириешки, чечил сыр) дегендердин ар түрүнөн 40тан, ал эми маринад үчүн керектүүлөрдөн (мурч, шишкебек үчүн даяр татымал, уксус) 3-4 кутудан алса болот. Салфеткадан 1 коробка (ичинде 10 таӊгак), тиш чукугучтан 4 куту, пияздан 15 килограмм, нандан 100 даана керек деп туралы. Ошондо болжол менен 9000 сом.
Азыктар үчүн чыгым – 32 000 сом.
Эмерек жана азыктарга корогон сумма – 102 620 сом.

ЖАНА ДА...
Айлык
Кээ бир жерде кызмат акыны күнүгө төлөшсө, айрым жерлерде айлык катары төлөшөт. Мисалы, болжол менен күнүгө 500-700 сом же 1 айлык 13 000-15 000 сом.
Ижара акысы
Жайгашкан ордуна жана аянты канча чарчы метр экенине жараша 6000-13 000 сом жана өйдө.
Коммуналдык төлөмдөр
(муздак суу, электр энергиясы, таштандыга)
1 айга 600-700 сом
Салык
Кирешенин көлөмүнө жараша эсептелет.

КАНДАЙ ТҮРҮН БЫШЫРУУНУ КААЛАЙСЫЗ?
Шишкебектин түрлөрү көп. Мисалы, койдун этинен жасалчу түрлөрү: сулп эттен, кабыргасынан, омурткасынан, бөйрөгүнөн, боорунан. Ошондой эле уйдун сулп этинен, тооктун сан эти менен канаттарынан, өрдөктүн, коёндун, балыктын этинен жана башка.
1 шишкебек үчүн 200-300 грамм тегерегинде эт сарпташат. Көпчүлүк кафедегилер 1 килограмм тоок этинен 3, ал эми уй, кой этинен 5 шишкебек чыгарышат. Баалары ар кайсы жерде ар түрдүү, 130дан баштап 280 сомго чейин.
Шишкебек канчалык даамдуу болсо, кардарлар ошончолук көбөйөт. Ошондо күнүгө 200гө чейин шишкебек сатууга болот. Эгер 1 күндө болжол менен 70 шишкебек 150 сомдон өттү десек, 10 500 сом түшөт. 10 күндө 700 шишкебектен 105 000 сом. Шишкебектен тышкары суусундук, закускелердин үстүнө кошуп сатуудан да, албетте, пайда түшөт. Андыктан чыгашалар канча убакытта акталарын өзүӊүз божомолдой бериӊиз.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР
Жеке ишкер катары ачсаӊыз...
Бишкектеги НАСА юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурбек Абдалиев:
– Эгер жай өзүӊүздүкү болсо (ижарага алынбаса) жана жеке ишкер катары жаӊы ачып жатсаӊыз, төмөнкү документтер керек:

  • Улуттук статистикалык комитетке барып катталуу
  • Шаардык архитектурадан коомдук тамактануу жайга ылайык деген уруксат кагаз
  • Салык инспекциясынан (райондук же шаардык) патент
  • Санэпидемстанциясынан иштетүүгө уруксат кагаз
  • Кызматкерлер үчүн медициналык китепче
  • Өрткө каршы кызматтан уруксат кагаз

Эгер жайды ижарага алып иштетсеӊиз, анда жайдын ээси менен келишим түзүп, аны алып, шаардык архитектурадан коомдук тамактануу жайга ылайык деген уруксат кагаз, санэпидемстанциясынан иштетүүгө уруксат кагаз, өрткө каршы кызматтан уруксат кагаз аласыз. Анан медициналык китепчелер даяр болгон соӊ иштете бересиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
manas_skf
2015-06-08 11:33:29
Эххх....шишкебек бышырган адам билет да.
(фаршына кагаз аралаштырат деген чынбы???)
0
maku88
2015-06-08 11:59:49
Аракет кылсан берекет дегендей Аракет кылып коруш керек екен
0
jetinur90
2015-06-08 12:53:57
Тапкандар таптыыы пайданы эл билгенге чейин бир эшекти шашлык аркылуу бир жылкыга айландырып))
+1
gul3ina
2015-06-08 13:31:57
kantip marinovatetet boldu eken. turuu kop bolso kerek jaza ketsenizder
0
admin_superstan
2015-06-08 14:09:40
gul3ina, саламатсызбы! Шишкебек даярдоо: http://www.super.kg/article/show/27763
0
beka1207
2015-06-08 19:30:29
Ачуу оной,иштете билуу кыйын
0
hairullo
2015-06-09 16:55:52
Мана мен шишкебек сатам.
0
deva
2015-06-11 17:38:10
Албетте, ачуу үчүн тыйын-тыпыр керек. ал жок болсо балээңе ача аласынбы? Акчаң болуп, иштин көзүн билсең иштетип кетсең керек
0
Metior8019
2016-01-05 20:05:23
Шишкебекти ото кымбат анан начар эттен(арзан)эттен жасашат. Ордоктун этин(утиный филени) уйдуку койдуку кылып сата беришет.
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан