«АПАМ ИДИШ ЖУУП МАГА ДАРЫ АЛЫП КЕЛЕТ. АТАМ БОЛСО ТИРҮҮНҮН ӨЛҮГҮ»

23 жаштагы Медер Медет уулу 9 ай мурун кандын рагы (курч лимфобласттуу лейкоз, лейкемия) менен жабыркаарын билген. Медердин апасынан башка, ал эми апасынын жалгыз Медеринен башка эч кимиси жок. Атасы Медер курсакта кезинде аларды таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен экен. «Күндүз кечке дунгандардын кафесинде идиш жууп, 350 сом акы алам. Анын 310 сомуна дары алып, 40 сомун жол кире кылам»,- деген Лира аттуу айымдын абалын уксаӊыз зээниӊиз кейийт.

«МУРДУНАН 5 СААТКА ЖАКЫН КАН АКТЫ»
-Уулум Медер – медер туткан жалгызым. Мындан башка балам да, кызым да жок. Кызым бойго жетип калганда кырсыктап, бул дүйнө менен кош айтышкан. Баламдын атасы Медер курсакта кезинде эле түшүнбөстүктөрдүн айынан колумдагы 1 жарым жашар кызым менен бизди таштап кеткен. Балам менен кызымды ичпей-жебей, өзүм жалгыз багып чоӊойттум.
Өзүбүз Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан болобуз. Балдарым чоӊойгуча ар кимдин үйүндө батирлеп жүрүп, айылдан үй алганыбызга 3 жыл болуп калган. Кыз берип, уул үйлөп, мен да баланын бактысын көрөйүн деп калганда, кызым кайтыш болуп кетти. Аза күтүп ыйлай-сыктай жерге бердим.
Уулум Медер мектепти аяктап, өзү каалап жүргөн кесиптин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырды. Таласта эмерек чыгарган цехте иштеп акча таап, үй-бүлө бакканга жарап калган. Бир күнү эле үйгө мурдунан кан токтобой агып келди. Улам маӊдайына чүпүрөктү муздак сууга малып басабыз, токтобойт. Болгон чаранын баарын көрдүк. Кан токтобой акканына 4-5 саат болуп кетти. Коркуп жергиликтүү медиктерге кайрылдык. Алар Бишкектеги гематологияга жолдомо кагазын жазып беришти. Борбордогу дарыгерлер уулума үч уктасам түшүмө кирбеген «ак кан дарты менен ооруйт» деп диагноз коюшту. Канынын курамындагы бласт 88,9 пайыз болуп кетиптир. Ошондон бери түнкү уйкум качып, санаам санга бөлүнүп, жашообузга бүлүк түштү. Бул баламдан да айрылсам мен үчүн жашоонун маӊызы деле калбайт го.

«ХИМИОТЕРАПИЯДАН БАШКА АЙЛА ЖОК»
-Бир туугандарым, өзүмдүн бардык тууган-уругум колунан келген жардамын берип, 1 курс дарылаттык. Андан кийинки 2, 3-курстарын алуу үчүн социалдык тармактар аркылуу уккан-билген адамдар жардам көрсөтүп, банктагы эсебибизге тыйындап акча чогултуп, бир аз каражат топтодук.
Гематология борборунда ак кан дарты менен ооругандардын канын тазалап, кайра куюучу аппарат жоктугуна байланыштуу химиотерапия кылдыруудан башка айла жок. Уулум бир нече жолу химиотерапия алды. Мындай дарылоодон кийин абалы өтө начарлап кетет. Алсырайт, тамакка табити тартпайт, арыктайт, иммунитети төмөндөп, эч бир дартка, ал тургай сасык тумоого да туруштук бере албай калат.
Дарыгерлердин мага түшүндүргөнүнө караганда, химиялык заттарды алган соӊ кандын курамындагы рак тибиндеги клеткалар менен катар керектүү да, керексиз да заттарды ылгабай өлтүрүп салат экен. Рактын өлгөн клеткалары кайрадан өнүгүп чыккыча, кийинки химиотерапияга туруштук бергидей кылып, адамдын организмин күчтөп, кандагы керектүү клеткаларды өстүрүү керек болот. Эгер Медердин организми күчтүү болсо, дайындалган 5 курсту теӊ удаа алып салмакпыз. Бирок ден соолугу туруксуз жана каражат тартыш болгондуктан 4-курсу создугуп кетти. Эми 5-курсу канча турат белгисиз, ага каражатты да кайдан табарыбызды билбейм.

«ТАПКАН АКЧАМА КҮНҮГӨ УУЛУМА ДАРЫ АЛАМ»
-Дунгандардын кафесинде идиш жууп иштейм. Ал жактан күнүнө 300 сом акы алчумун. Анан врачтар «балаӊа кан керек» деп чакырып калышканда жумуштан суранып кете берчүмүн. Бир күнү кафенин кожоюну «эмне эле суранып кете бересиӊ, кайда барасыӊ?» деп сурап калды. Балам кандын рагы менен ооруй турганын айтсам, кызмат акыма 50 сом кошуп, 350 сом кылып берди. Анын 310 сомуна күнүгө баламдын дарысын алам, ашканын жол кире, тамак-ашка деп чогултам.
Айылдагы үйгө бирөөлөрдү киргизип койгонбуз. Батирдин акысына айына 3000 сом беришет, анын чыпчыргасын коротпой бул жакта өзүбүз жашаган батирге берем. Эми алдыда дарылануунун 5-курсу күтүп жатат. Бир Кудайдан болор деп коюп отурабыз. Баладан айрылуу деген эмне экенин башымдан өткөрүп, боор этимдин жартысынан ажыраганымдын жарааты али да айыга элек. Эми ажал экинчи баламдан ажыратпас деген үмүттөмүн. Мен дагы небере жетелеп, чоӊ эне болуп, уулдун урматын көрсөм дейм.

«ООЗУМДУН ИЧИ ОЮЛУП КЕТЕТ»
Кирген-чыккандан корунуп, мурдунан бет кабын түшүрбөгөн Медер менен да баарлаштык. Көздөрү күлмүӊдөп, карегинин тээ түпкүрүндө үмүт деген шам бүлбүлдөп күйүп турганы байкалат.
-Таластан доктурлар «жашырбай айт, бирөө менен мушташтыӊ беле?» деп такып сурашты, андан соӊ дартымды аныктай алышпай борборго жөнөтүштү. Коркунучтуу дартка кандай кабылганымды деле билбейм. Медиктер «бул оору радиациялуу аймакта жашап же иштегенде келип чыгат жана тукум кууйт» дешти. Мен андай зыяндуу жерлерде иштеген эмесмин. Ал эми тукум кууй турганын сурайын десем, атам жок. Мен аны бир да жолу көргөн эмесмин. Коӊшу айылда башка үй-бүлөсү менен жашайт. Ал мен үчүн тирүүнүн өлүгү. Ооруп, өлүм менен алышып жатканымда, апам «жок дегенде баланы көрүп койсун» деп туугандарынан айттырган экен. Бирок келген жок.
Жалгыз апам азабымды тартып, күндүзү кечке идиш жууп иштеп, тапкан акчасына мага күнүгө сайчу бир дарыны алып келет. Анын баасы 300 сомдун айланасында. Дегеле дарылардын баары кымбат экен. Бир курска эле 150-200 миӊ сомдун тегерегиндеги акча кетет. Үмүтүм бар, узак жашап, апамды неберелүү кылсам деген... Оорум күчөп кеткенде алым кетип, тилден калып, тамак иче албай, оозумдун ичинин баары оюлуп, ылжырап шилекейим агып калат. Денелериме түшүнүксүз бир нерселер чыгат. Бул учурда химиотерапия алыш керек болот. Химиялык дарылоодон соӊ чач-кирпик, каштан эч нерсе калбай түшүп калат экен. Бара-бара канымдын курамындагы керектүү заттар көбөйүп, калыбына келе баштаганда анан чачым өсүп, адам болуп калам.

ЛИМФОБЛАСТТУУ ЛЕЙКОЗ ЖЕ КАНДЫН РАГЫ
Кандын рагы, курч лимфобласттуу лейкоз же залалдуу ак кан оорусу көбүнчө балдарда жана жаш курактагы адамдарда кездешет. Аталган дарт адамдын жүлүнү, жилик чучуктары, лимфа түйүндөрү, бездер, богок бези сыяктуу органдардын жабыркашынан келип чыгат. Лейкемия – кандын өсүп жетиле элек ак кан денечелеринин (рак клеткалар) кемикте пайда болуп, көп органдарга тарашы. Рак клеткалары көбөйгөндө кемик керектүү сандагы дени сак кан клеткаларды иштеп чыгара албай калат. Жыйынтыгында ак кандуулук келип чыгат. Эгер кандын курамында өсүп жетилбей калган кан денечелери көбөйүп кетсе, ак кан оорусу келип чыгат. Ал залалдуу рак тибиндеги оорулардын катарына кирет.

 

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
XAH.
2015-06-08 16:49:21
Кудай ө3үң шыпаандш берип колдой көр. Боорум оруп кетти
+2
aydarken
2015-06-08 21:19:35
Аллахым Берген дартына шыпаасын кошо берет,мына коросун Апанды суйунтуп аял алып небере тартуулайсын,корбогондой болуп сакайып кетесин,Кудайдан умутунду узбо,жаштын тилегини берет,жашында берсин мээнетти карыганда берсин доолотту деген,аман эсен сакайып кет Аллахым шыпаа бере кор Оомиин.
+2
ryslife888
2015-06-08 23:07:00
Донор крови нужен????
+1
NUR-01
2015-06-09 03:40:49
Аллахым ОЗУ шыпа берсин
+1
suimon302010
2015-06-09 03:47:07
Кыргызстанда телефон номерге эле акча сала турган кылып койушса болот эле ,жардамга муктаж адамдар 100-200дон канча адам телеф акча салса да канча акча топтолмок
+7
fit91
2015-06-09 14:53:06
Алахым шыпасын берсин
0
Serenada
2015-06-09 16:22:33
Шыпасын берсин Аллах
0
jigit1285
2015-06-09 23:54:38
Аллахым шыпаасын берсин ылайым,тезирек айыгып кет иним
0
vip-ainuwka
2015-06-10 09:30:32
Аллах сиздерге куч кубат берсин айыгып кетсин
0
aytunuk
2015-06-10 11:16:31
Баарыныздар эле аллах жардам берсин сакайып кет деп жазыпсыздар жардам бергенге колдоо корсотпойлубу коп тукурсо кол болот
+1
Гүлжан Асанкожоева
2015-06-11 09:08:36
"ЭЛСОМ" электрондук капчык кызматы аркылуу 0558910414 номерине да каражат которсо болот. Бул номер Медердин апасынын номери.
+1
aizbek
2015-06-11 20:54:29
батырак сакайып кет кудайым шыпаа берсин
+1
gulnara2014
2015-06-12 17:09:30
Дарт беруучу да бир АЛЛА, шыпаа беруучу да бир АЛЛА. Аллахым дартты берсе шыпаасын кошо берсин. Айыгып кетуунду Алладан тилейбиз
0
Bek94
2015-06-14 10:15:47
Сагайып кетсин кудайым шыпа берсин
0
Apyyke
2015-08-18 23:00:48
Аттин арман дунуйо. Жалгыз эненин жалгыз баласына дапт жабышып какаганга муштаган болуптур да. Эмне дейбищ айыгып кетсинчи. Донор табылса коп суммадагы акча менен операция жасалат го. Айыгып кетсин ылайым. 1001 ночь деген турк сериалын эстеп кеттим бул тагдырды окуп.
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан