АНАКОНДА

АКШ, Бразилия жана Перу өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен 1997-жылы тартылган «Анаконда» фильми көрүүчүлөр­дүн, айрыкча жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болуп эсептелет. Фильм Бразилия жана АКШда өткөн бетачарында эле 70 миллион доллардан ашык каражат топтоп, фильмге сарпталган каражатты актап койгон. Ал эми Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин атасы Жон Войт фильмде карамүртөз, ташбоор аңчынын ролун абдан келиштире аткаргандыгы үчүн Оскар сыйлыгына татыктуу болгон.

Фильмдин режиссёруЛуис Льоса
Сценарийин жазгандарГанс Бауэр, Жим Кэш, Жек Эппс
ПродюсерлериВерна Харра, Леонард Рабинович, Кэрол Литтл
Башкы ролдордо: Терри Флорес – Женнифер Лопес, Дэнни Рич – Айс Кьюб, Пол Сарон – Жон Войт, Стивен Кейл – Эрик Штольц.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
Курамында окумуштуулар менен кошо режиссёр болгон топ тукуму үзүлүп жок болуп бараткан индеец уруусун таап, изилдөө жүргүзүп, фильм тартуу үчүн Амазонкага жөнөшөт. Алар Амазонка дарыясында кетип бара жатышып, кайыгы сынып, сууга чөккөнү калган Пол аттуу кишини көрүшөт да, аны куткарып, өздөрүнө кошуп алышат. Пол Амазонка дарыясындагы жыландарга аңчылык кылып жүргөн болот. Ал изил­дөө­чүлөргө жол көрсөтүп берүүгө убада бергени менен оюнда аларды анаконда жашаган жерге алып барып, жыланга жем кы­лып берүү менен болсо да жыланды кармоо болот. Жаратылыштын кооздугуна суктанып келе жаткан топ алгач кайда келгенин деле биле бербейт. Качан гана аларга анаконда кол салганда изилдөөчүлөр өздөрүн Полдун алдап алып келгенин түшү­нү­шүп, өз жандарын куткаруу үчүн күрөшө башташат.

ТАСМАНЫН ТАРТЫЛЫШЫ
“Анаконда” фильмин тартуу идеясы “Кинг-Конг” тасмасынан улам пайда болгон.
Фильм Бразилиянын Амазонка дарыясынын жээгинде жайгашкан улуттук экологиялык пар­кында тартылган. Ал жерде экзотикалык өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе болгондуктан, Бра­зилиянын Рио-де-Жанейро шаарынан өсүмдүктөрдү алып келишип, тасма тартылуучу жер­лерди кооздоп чыгышкан. Ал эми тасма тартуу башталганда алгач чыныгы анаконданы алып келип тартып алышат да, калган бөлүктөрүн жасалма жыландын жардамы менен тартып чыгышкан. Жасалма жыланды Нори Хонда аттуу дизайнер түзүп, аны пластика жана металлдан жасап берет. “Sony Pictures Image­works” фирмасы болсо жасалма жыланды робот сымал кыймылга ээ кылат. Ал эми анаконданы белгилүү вокал мугалими Фрэнк Уеллер «сүйлөтүп», тагыраак айтканда, үнүн туурайт. Режиссёр тасманын арасында кээде анакондадан кичирээк жыландарды кошуп тарткан да, мон­таждоодо аларды анакондадай кылып чоңойтуп көрсөтүп бере алган.
Фильмде доктор Стивен Кейлдин ролун аткарган Эрик Штольцту тасма жаңыдан тартылып башталганда эле уулуу курт чагып алат. Анын ролуна ылайыктуу адам таппаган режиссёр фильмдин сценарийин өзгөр­түп, фильмде да аны уулуу курт чагып алды деп төшөк­тө жаткызып коёт. Буга башында съёмкалык топ каршы болуп, Эриктин ордуна кайрадан кастинг өт­кө­рүү­нү сунушташат. Бирок, ал үчүн кайрадан баары Америкага кетип, конкурс жүргү­зүп, бирөөнү тандап келүү үчүн кеминде үч ай кетмек. Ушул жагын ойлогон режиссёр буга макул болбостон өз айтканындай тартууну улантат.

ФИЛЬМДЕГИ КАТАЛАР

  • Чыныгы анаконда фильмдегидей өтө деле каардуу жана сугалак эмес. Анаконда бир жолу тамактангандан кийин аны сиңи­рүү үчүн жумалап ийининен чык­­­пай жата берет. Качан гана жуткан нерсеси сиңип бүткөндө кайрадан тамак таап жеш үчүн суунун үстүнө ууга чыгат. Ал эми фильмдеги анаконда бир аз мурун тамактанганына карабай кайра эле кинодогу каармандарга кол сала берет.
  • Тасмадагы каармандардын төртөө гана белгилүү актёрлор болсо, калгандары белгисиз актёрлор. Ал белгилүү актёрлордун бири – терс каарман Жон Войт. Анаконда муну билип туруп жасайбы же кокустукпу, айтор, ал алгач белгисиз актёрлорду жутуп, андан кийин гана бел­ги­лүү­лөргө кол сала баштайт. Ошентсе да белгилүү актёрлор аягында анаконданы өлтү­рүп, тирүү калышат.
  • Фильмде анаконданын жумурткадан жаңы чыккан балдарынын узундугу 30 сантиметрге араң жетет жана аны Терри (Женнифер Лопес) өл­тү­­рүп коёт. А чы­ны­гы анаконданын жумурткадан жаңы чыккан баласы эң кеминде эле 60 сантиметрден узун болот жана коркунучту сезгенде качып кетүү инстинктине ээ.

“АНАКОНДА-2. КАРГЫШ АЛГАН ОРХИДЕЯГА АҢЧЫЛЫК”
“Анаконда” фильми абдан популярдуулукка ээ болгон соң, ушул эле фильмдин негизинде 2004-жылы “Анаконда-2. Каргыш алган орхидеяга аңчылык” аттуу фильм тартылат. Фильмде орхидея гүлүн издеп саякаттап жүргөн изилдөөчүлөр алп жылан анаконданын орхидея гүлүн жутуп, күчүнө күч, демине дем кошоорун билип калышат. Орхидеянын гүлүн талашкан анаконда менен изилдөөчү­лөрдүн арасында да жашоо үчүн күрөш башталат.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан