КИЧИНЕКЕЙ АКТЁРЛОР ЭСИӉИЗДЕБИ?

Бүгүн биз кино талаасына балакай кезинде келип, эсте калган ролдору менен элдин сүйүүсүнө татыган актёрлор жөнүндө кеп кылабыз. Биз сүйгөн балакай актёрлор кантип чоӊоюшту, кандай болуп өзгөрүштү, чогуу байкайлы.

АНАНДИ ТОЛУП КЕТҮҮДӨН КОРКПОЙТ
Өлкөбүздө популярдуулугу артып бараткан индиялыктардын «Келин» сериалында Анандинин ролун аткарган актриса Авика Гор учурда 18 жашта. Авика аталган сериалга 10 жашынан баштап тартыла баштаган.
Актриса өз сөзүндө: «Сериалды тартуу иштери окуума терс таасирин тийгизген жок. Анткени дайыма сабактан кийин тартылчумун. Мектепте теӊтуштарым мага «жаш келин» деген ат коюп алышкан. Бул ат мени 9-классты бүткүчөктү ээрчип жүрдү. Бир ролго байланып калгым келбейт, алдыда эл билбеген башка таланттарымды ачкым келет. Анткени актриса ар тараптуу болуш керек»,- дейт.
Авика дүйнөлүк сулуулар сынагын жеӊип, Болливуддун эӊ атактуу актрисасы болгусу келерин айтат. Моделдик кесип менен актрисалык кесипти чогуу алып кетүү пландары бар. Актрисага келбети Шахрух Ханга, дене түзүлүшү Ритик Рошанга окшош узун бойлуу жигиттер жагат. Толмочунан келген Авика семирип кетүүдөн коркпойт. «Картошкадан жасалган тамактарды көп жейм, диета кармап көргөн эмесмин, бирок кичинемден эле эртеӊ менен түрдүү көнүгүүлөрдү жасайм» дейт. Авика Гор «Келин» сериалынан кийин Индияда бир канча фильмдерге тартылса да, көпчүлүк аны Ананди деп билишет. Андыктан Авика ар тараптуу актриса болуу өнөрүн эми көрсөтөт өӊдүү.

ШАХЗААДА МУСТАФА МЕНЕН БАЯЗИД ДАЙЫМА ИЙГИЛИК ҮСТҮНДӨ
Түрктөрдүн «Даӊазалуу кылым» сериалында шахзаада Мустафанын балакай кезин ойногон мотурайган кара каштуу жеткинчек эсиӊизде болсо керек. Ал кичинекей актёр Юсуф Беркан Демирбаг учурда 10 жашта, аталган сериалга 5 жашынан баштап тартыла баштаган. Юсуф жаштыгына карабай бир топ фильмдерге тартылганга жетишкен. Ал өз өлкөсүндө көпчүлүк киносынчылардын мактоосуна арзып, аброй топтогон актёр. Анкара шаарында төрөлүп, учурда ата-энеси менен Стамбул шаарында жашайт. 2011-жылы жарыкка чыккан «Жан» деген тасмадагы ролу үчүн «Мыкты драмалык актёр» деген улуттук сыйлыкты алган.
Ал эми шахзаада Баязиддин кичинекей кезин ойногон актёр Эрхан Жан Картал актёрлуктан сырткары мода чөйрөсүндө да ийгиликтерди багындырып келет. Учурда 15 жаштагы актёр 2013-жылы Болгарияда дүйнөдөгү кичинекей модель балдар арасындагы өткөн сынакта 1-орунду алган.
Сериалдагы ролу тууралуу: «Мага Баязид абдан жагат. Баязиддин чоӊойгон кезин Арас Булут Ийнемли жакшы аткарган. Тартуу талаасында мени менен иштеген актёрлордун баары мага жардам берип жүрүштү. Халит Эргенчтен Осмон империясы тууралуу көп кызыктуу маалыматтарды алдым. Ал эми Мерьем Узерлинин күлгөнү аябай жакчу»,- дейт. Көгүш көздүү Эрханды Түркияда "кичинекей Кыванч Татлытуг" дешет. Актёр теннис ойногонду, сууда сүзгөндү жакшы көрөт. Келечекте Түркияда белгилүү актёр Кыванч Татлытугдун ийгилигин кайталагысы келет.

«КЛОНДОГУ» ХАДИЖА ГОНОРАРЫНА ҮЙ-БҮЛӨСҮН БАКЧУ
Бразилиялыктардын «Клон» сериалында Жадинин эптүү, чыйрак кызы Хадижа эсиӊиздеби? Чыгыш бийин Жадиден кем калышпай бийлеген Хадижанын өз аты Карла Диас, учурда 25 жашта. Аталган сериалга 11 жашында тартылган. Атасы уругвайлык, апасы бразилиялык, андыктан Карла португал жана испан тилдеринде эркин сүйлөйт. Актрисалык чыйыр жолу наристе кезинде башталган. Дегенибиз, Карла 2 жарым жашынан баштап эле жарнамалык түрмөктөргө тартылып жүрчү. 2 жылда эле наристе Карла 80ден ашуун жарнамалык түрмөктөргө тартылганга жетишкен. Ал эми алгачкы чоӊ ролун 5 жашында ойногон. «Клон» сериалына режиссёр Жайме Монжардимдин чакыруусу менен келген. Анткени ага чейин «Семейные узы» сериалындагы ролу менен таанылып калган эле.
«Клондогу» ролу тууралуу актриса: «Сериалга тартылуу иштери көп деле убакыт алчу эмес. Эртеӊ менен сабакка барсам, кечинде тартуу иштери башталчу. Телесериал экранга чыкканда досторум кийинки серияларында кандай окуя болорун сурап, кызыга беришчү. А мен каадаланып «бул кесиптик сыр» деп тамашалап кутулчумун. Хадижа эмоционалдуу кыз, өгөй энеси менен урушкан, апасын сагынып ыйлаган жерлерин аткаруу кыйын болгон»,- дейт. Кызыгы, Карла Диас ошол учурда алган гонорарына апасын, өгөй атасын кошуп үй-бүлөсүн бакчу экен.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aksy-13
2015-06-08 11:03:27
Анандинин Казахстанга келген видеосун кордум жашнакай узун бойлуу кыз болуптур, ролду жеткире аткарганда коруучунун кыжырына тийип ар нерсени сурай бетип.
Хадиже да жашнакай сулуу кыз болуптур.
+2
Positive
2015-06-08 19:31:01
ооо хадижааа чоон кыз болуп калпытыр биз менен тен экен почти
+1
bema19.86
2015-06-12 13:24:59
Хадижанын чонойгондогусу татынакай экен ....
0
gemma95
2015-06-13 15:22:47
Ананди менден бир эле жаш кичине экен да:)


Хадижа сонун кыз болчу,азыр да келишкен айым экен)


Баязид менен Мустафа да мыктылар)
0
kyrgyzkyzy99
2015-06-13 19:11:36
Ананди менин эжеме окшош экен
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан