ПАРА АЛГАН МУГАЛИМ ИШТЕН ЧЕТТЕТИЛИП ГАНА ТИМ БОЛОБУ?

Кандай гана кесип тандабасын жакшы окуп, татыктуу билим алган адам өз ишин мыкты билген, дасыккан адис болуп чыгары талашсыз. Тилекке каршы, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын көбүндө пара берүү жана пара талап кылуу күч алган. Ошондуктан акча менен окуусун бүтүрүп, дипломго ээ болгондордун саны да арбын. Ошол биз ишенген адистер адам укугун коргоп, оорулууга операция жасап дарылап, билим берип, эл башкарып, маданият тармагын тейлеп жатышат. Алар канчалык деӊгээлде калкты канааттандырууда? Биз бул жолу окуу жайлардагы акча менен бүткөн сессия тууралуу кеп кылмакчыбыз.

«МУГАЛИМИБИЗ 8000 СОМ МЕНЕН КАРМАЛДЫ»
Бишкек шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай тили факультетинин 2 студентине жолуктук. Алардын айтымында, 26-май күнү университеттеги англис тили кафедрасынын жетекчиси, М.А. аттуу мугалим 8000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын пара талап кылганын укук коргоо кызматкерлерине кабарлап, аны ашкерелөөгө белсенген аталган окуу жайдын 4-курсунун студенти Айжамал Качкинбаева төмөнкүлөрдү айтып берди: – Бул факт! Ал мугалим студенттерден биринчи жолу акча алып жаткан жок. Ооба, бардык эле окуу жайда мугалимдердин көпчүлүгү пара алат. Буга студенттер өздөрү да күнөөлүү. Бирок М.А. кызмат абалынан аша чаап пайдаланып, акылга сыйбаган ставкаларды коюп, буга чейинки муунду деле зыркыратып келгени чындык. Биз бул мугалимдин колуна түшө электе эле жогорку курстун студенттери «А. силерге көргүлүктү көрсөтөт» дегендерин угуп таӊ калчубуз. Айткандай эле көкөйгө көк талкандай тийди. Тайпабыз менен сүйлөшүп, былтыр дагы эки жолу аны карматалы дегенбиз. Бирок арабыздан бирөөлөр ага жеткирип койгон окшойт. Сессия баштала электе эле колуӊардан эч нерсе келбейт деген мааниде тайпадагы баш көтөргөндөрдү опузалап кирген. Мунусунда бул тууралуу эки гана студент сүйлөштүк да, ишке ашырууга аракет жасадык.
26-май күнү Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына арыз жазып, жаныбыздагы болгон акчаны чогултуп, өзү койгон ставка – 8000 сомго толуктадык. Купюраларга белги койдуруп, окууга жөнөдүм. М.А. эч качан өз колу менен түз акча алган эмес. Анын сабактарын ортодогу өзү шайлап койгон ортомчу студенттер бүтүрүшөт. Кыскасы, М.Анын «иштерин» бүтүрчү ортомчу студентке акчаны бердим. Бирок укук коргоо кызматкерлери аны аӊдып жүргөнүн байкап калып, мага окуу жайдын ашканасынан жолугуп, «А. бир гана сенин акчаӊды алуудан баш тартып жатат, өзүӊ бүтүр» деп акчаны берип кетип калды. Кудай жалгап, ашканада дагы бир ортомчусу тамактанып отуруптур. Ал кызга барып акчаны карматып, киргизип жибердим. Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери мугалимди өз иш бөлмөсүнөн белги коюлган акчалар менен кармашты. Жалпы сумма 11 000 сом экен. Ал эми 3000 сом дагы бир студент кыздын баа койдуруу үчүн берген акчасы экени кийин аныкталды.

«АЛ ДАГЫ ДЕЛЕ ОКУУ ЖАЙДА ИШТЕП ЖАТАТ»
«Акча берген жокмун. Тырышып окусам дагы араӊ «4» коюп берди. А. өзү келип сабак өтчү эмес, анын ордуна кафедранын лаборанты кирчү» деген экинчи студент Жылдыз Турдумаматова аталган мугалимге чара көрүлөт деген ишеничте.
– Башында тайпабыздагы бардык студенттер сабактан калбай келчүбүз. Андан кийин 18 гана студент келип окуп калдык. Анткени башкалары "окууга келсек да, келбесек да акча менен бүтүрөбүз" деп калышты. Башында англис тили сабагын А. эмес, кафедранын лаборанты өтүп жүрдү. А. сессия жакындаганда эле пайда болуп калды. Студенттерге өтө начар мамиле кылат. Эгер өз таламыӊды талаша албасаӊ же жөн эле ага жакпай калсаӊ, башыӊдан ылдый карап туруп баа койбой басып кетет. Ал акча талап кылуу үчүн программада жок оор темаларды берип салат же жөн гана жактырбаганын билгизип баа койбой коёт. Айла жок, студенттер акча ала чуркашат. Ставкалары да укмуш кымбат.
Мен акча бербей эле баа алдым. Ал мага «сенин тайманбаган мүнөзүӊдү баалап «4» коюп берейин, болбосо «3» алмаксыӊ» деп жатып коюп берди. Ал эми Айжамал дагы деле баа ала элек.
Эми мугалимдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бирок ал окуу жайда дагы деле иштеп жүрөт. Эмне, ага чара көрүлбөйбү? Калган студенттер эми кантип баа алышат деп
таӊ калып жатам. Аталган мугалим буга чейин дагы Эл аралык университеттин студенттеринен пара алып кармалып, куулган экен. Анан кандайча БГУга келип иштеп калганы белгисиз.

«ИШ СОТКО ӨТӨ ЭЛЕК»
Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын кызматкери Шакир Мусаровго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 26-майда биздин кызматкерлер М.Аны пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 225-беренеси (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Болжол менен 1 айдын ичинде кылмыш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлөт. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот чечет. Соттун чечиминен кийин гана окуу жайдын жетекчилигине тиешелүү маалыматтар берилип, мыйзамдын негизинде чара көрүлөт.

«КОМИССИЯ ТЕКШЕРИП ЖАТАТ»
К.Карасаев атындагы БГУнун юрист-консультанты Нурлан Махмутов окуя боюнча буларга токтолду:
– Бизге укук коргоо кызматкерлери тарабынан дагы, арыз берүүчү студенттерден дагы арыз же маалымат кат түрүндө келип түшө элек. Бирок аталган окуяны иликтөөгө алуу үчүн окуу жайдан курамында юрист, профсоюз мүчөсү жана башка кызматкерлерди камтыган атайын комиссия түзүлүп, иш алып барып жатат. М.А. ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Комиссия укук коргоо кызматкерлеринин чыгарган чечимине карап жана студенттерден келип түшкөн арыздын негизинде жыйынтык чыгармакчы. Ал эми М.Анын ордуна экзамендик сынактарды башка мугалим кабыл алат. Аны окуу бөлүмү дайындайт.
Юристтердин берген маалыматына караганда, азыр ЖОЖдордун мугалимдери мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбей калган. Ошондуктан аларга пара алуу беренеси менен кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Тактап айтканда, ЖОЖдордун мугалимдери пара алган жагдайга 225-берене гана ылайыктуу экен. Эгер мындай иштер ортодо "сынбай" айыпталуучу күнөөлүү деп табылса, ал административдик жазага же 120дан 180 саатка чейин гана коомдук иштерге жазаланат.

«Супердин» сурак бурчу
Пара бербей сессияны бүтүрүүгө болобу?
Айбек Жыргалбеков, КУУнун студенти:
– Негедир ЖОЖдордо сессия десе эле көпчүлүктүн оюна эӊ биринчи пара берүү келет. Пара берүү же алуу ар кимдин өз жоопкерчилигинен жана абийиринен көз каранды. «Келининде да, керкисинде да бар» дегендей, буга мугалим да, студент да күнөөлүү. Аны моюнга алыш керек.

Айканыш Ибрагимова, КУУнун студенти:
– Албетте, болот. Жакшы окусаӊ, эч ким сенден акча талап кылбайт. Бирок бардык эле сессия ийгиликтүү бүтө бербейт. Анткени жыл сайын сабактын өзгөрүшүнө жараша мугалимдер алмашат да. Кээде айрым мугалимдер жакпай калсаӊ деле кыр көрсөтүп, акча талап кылган учурлар болот...

Нургазы Аматов, КОСУнун студенти:
– Мен сырттан окуу бөлүмүндө окуйм. Университет жетекчилери пара менен күрөшөбүз дешет, бирок окуу жайдын ичинде эмне болуп жатканын билишпейби же көз жумушабы, айтор, пара берүү көндүм нерсе. Студент менен мугалим кайсы предметти канча сом менен бүтүрсө болорун жашырбай, ачык эле сүйлөшүп алышат.

Эрлан Турдалиев, КУУнун студенти:
– Азыр окуу жайларда мугалимдердин акча алуусу абдан күч алып, тамырын кенен жайган десек болот. Буга студенттер өздөрү түрткү болушат. Мисалы, мен математика сыяктуу так илимдерди үйрөткөн сабактардан оӊой эле баа алам. Бирок маселе жараткан сабактарга акча берүүгө туура келет.

Улукбек Торгоев, ЫМУнун студенти:
– Албетте, болот. Студент акча беришти же бербей коюшту өзү тандап алат. Сабактарга кирбесе, лекцияда отурбаса, кайсы тема өтүлүп жатканын билбесе, сессия учурунда жоопту асмандан алып бере албайт да. Бирок менин окуу жайымда билсеӊ да акча талап кылган мугалимди көргөн эмесмин.

Гулиза Төлөнбай кызы, БГУнун студенти:
– Өз күчү менен бүтүргөнү да, пара бергендери да бар. Ооба, мугалимдердин студенттердин окуган аракетин баалабай, китептерин таӊуулагандары кездешет. Ошондой эле студент окуп келмейинче баа койбой, акча албаган адилеттүүлөрү да бар.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Студенттер окутуучусун пара менен карматышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nem
2015-06-08 11:20:25
озун артынан кубалап окусан коймокда акча берем убакытты коротпой дептирсин сени кошо жоопко тартса болмок менда окугам окусан сабакка келсен соонун эле коюп берет
0
Shakarap
2015-06-08 15:41:41
Кекиртек кекиртек далай жерге секиртет. Бизде да алчу, заставить этип китеп сатышчу, бирок
0
Erniet
2015-06-08 22:44:08
Жакшы сабакка дайым келген студенттерге коюп берет. Бирок сабакта ашыкча тапшырма бергени да чын. Кээ бир мугалимдер кандидат наукмун деп эле ставкасын которуп алат. Биздин Вуздар чирип буткон. Сапатсыз билим. Акча, Акча жана да акча!
0
Jigitronic
2015-06-10 08:45:44
Эч нерсени билбей анан акча берет да.Бекер акчаны ким албасын.Мен деле алам,сен да аласың,баарыбыз алабыз.Бир мугалимдин кармалганы ал деңиздин бир тамчысы эле.
0
Eureka
2015-06-10 12:39:42
Пара алган паракор эмес, пара берген паракор.
0
nanana
2015-06-10 20:42:00
Baardigibiz ten korrupsiyaga belchebizden batip ketkenibiz,bul korunuwko kadimki ele kunumduk iwtei koz karawta bolgonubuz abdan okundurot,baardiginizdar kizdardi katuu talkuuga aliptirsizdar,Zhyldyz Turdumamatovani jakindan taaniymin,Kirgizstandin kelechegi uwundaylardin kolunda bolso depsizder,egerde azyrki jawtardin baardi Zhyldyz onduu bilimduu,taimanbas,kalis bolgondo chininda onukmokpuz,ozuno iwengen,ozgoruuloedu kaalagan gana studentter bul kadamga bara alat bilip koyunuzdar
0
nanana
2015-06-10 20:48:04
Bilim beruu sistemasin tup tamirinan ozgortuu kk,ozum Manas Universitetinin studentimin, Kirgizstanda bizdin Universitettei bolgondo baardik okuu jaylar chindap onukmokpuz,bawka Jogorku Okuu Jaylar Manas Universitetinen ulgu alsa bolot
0
bmw-535
2015-06-11 12:05:22
А. бугун 2500 алып келбесенер, эртеси куну 3500 алып келесинер деп студенттерди ыйлатчу.
0
bmw-535
2015-06-11 12:08:36
Ар кандай кишилер болот да, беш кол тен эмес деп бекер айтылган эмес. Ар кандай студенттер. ар кандай мугалимдер болот. Эч качан бир ситуация экинчи ситуацияга окшош болбойт. Акча албаган дагы мугалимдер бар, вымогательством заниматсеткен дагы мугалимдер бар.
0
Pantherka
2015-06-13 14:50:54
Пара алып анан адамдарды олтуруп салган доктурлар деле иштеп жатканда мугалим не болуп калыптыр, иштей берсин!
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан