Ырчы, тамада, куудул Жеӊишбек Айтиев 1-июнь күнү кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы: «Кызымдын атын Салиха койдук. Арабчадан аруу, таза деген маанини билдирет экен. Өзүмдүн 3 уул, 2 кызым бар эле. Салиха төрөлүп, эми 3 уул, 3 кыздын атасы болуп отурам. Кудай берсе 10 баланын атасы болгум келет, баатыр ата болуш кеп бекен»,- дейт сүйүнгөн ырчы.