«Style mix» триосунун сары чачтуу эрке кызы Илима Дүйшеналиева 2-июнь күнү чыгармачыл досторунун курчоосунда туулган күнүн белгиледи. 21инчи жайын тосуп жаткан ырчы кыз өздүк майрамы тууралуу: «Жылда эле туулган күнүмдү жакын санаалаштарым менен тосом. Бул жылы да күндүзү ата-энем, бир туугандарым менен, ал эми кечинде чыгармачылыктагы байкелерим, досторум менен тостум. Кечени уюштурууга продюсерим, «Style mix» триосундагы балдар кол кабыш кылышты. Келген коноктордун баары чакан белектерин көтөрүп келишти, өзгөчө эсте калган белек Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим жеӊемдин берген туфлиси болду. Бутумдун өлчөмүн билишет окшойт, ал туфлини кийип алып кеченин Золушкасы болуп жүрдүм»,- деп билдирди.