ЫРЧЫЛАР СПЕКТАКЛДЕ РОЛЬ ЖАРАТЫШТЫ

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата эстрада ырчылары «Буратино» жомогунун негизинде коюлган спектаклде роль аткарышты. Анда Анжелика ташбака Тортилланын, Назгүл Токтакунова менен Айбек Замиров түлкү Алиса жана Базилио мышыктын, Иса Өмүркулов Артемон деген иттин ролун аткарышкан. Аталган иш-чара тууралуу Анжелика: – Спектаклде алгачкы жолу ойнодум. Өтө деле татаал эмес экен, өздөштүрүп кетсе болчудай. Бул атайын балдар күнүнө карата уюштурулган кайрымдуулук иш-чара болчу. Балдар үйүнөн келген кичинекей бөбөктөрдүн маанайын көтөрдүк. Алардын жыргап эс алганын көрүп, кадимкидей ырахат алат экенсиӊ. Өзүмдүн кыздарымды да алып барган элем, мен таш баканын үнү менен ырдаганда, кыздарым мени таанып коюшуптур. Айтор, аларга да аябай жагыптыр.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2015-06-15 12:53:48
nurgultoktogul, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан