1-июнда Кыргызстанда эӊ узун бойлуу адам катары таанымал болгон Жеӊишбек Райымбаев узакка созулган оорудан улам 36 жашында каза тапты.
Маалым болгондой, ал буга чейин кант диабети жана башка оорулардан жабыркап келген. Оорудан улам 2014-жылы бир бутун кестирүүгө да аргасыз болгон. Ушундан кийин ал ордунан турбай калып, акыркы айлар ичинде өзүн начар сезе баштаган.
Эске салсак, Жеӊишбек Райымбаев 1979-жылы 9-майда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Анын бою өспүрүм курагынан тартып 2 метр 36 сантиметрге чейин өскөн. Убагында ооруга чалдыккан Жеӊишбекке жардам берүү боюнча карапайым жарандар тарабынан ар кандай аракеттер көрүлгөн. Ал каза болгонго жакын президент Алмазбек Атамбаев жардам катары 100 миӊ сом акча бөлдүрүп жана ай сайын 10 миӊ сомдон жөлөк пул берүү боюнча жарлыкка кол койгон эле. Социалдык өнүктүрүү министрлиги Жеӊишбек Райымбаевди дарылоо үчүн Израилдеги клиника менен макулдашкандыгын, бирок ал андан баш тартып койгондугун билдирген.
Жеӊишбек Райымбаевдин сөөгү өзү туулуп өскөн айылда 3-июнда жерге берилди. Мамлекет башчы тарабынан Жеӊишбек Райымбаевдин кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй бүлөсүнө 100 миӊ сом бөлүндү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg