Кээ бир активисттер педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтоону баштады. Эмнеге азыр жана эмнеге педофилдерге гана өлүм жазасы болушу керек деген жүйөлүү суроо туулат.
Оор кылмыш кылгандардын катары педофилдер менен эле чектелбейт. Жүз миӊдеген жарандарыбыздын тагдырына балта чапкан, кары-жашы дебей миӊдеген адамдардын өмүрүнө залака келтирген саткын саясатчыларды өлүм жазасына тартууга эмнеге болбойт?!
Карапайым адамга бул «жакшы» жөрөлгөнүн артында дагы бир чоӊ оюн жатканы алгач көрүнө бербейт…
Эсиӊиздерде болсо, педофилия жөнүндө кабарлар байма-бай пайда боло баштаган учур Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөздөр айтыла баштаган учур менен дал келип турат. Буга чейин Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары тарабынан көтөрүлгөн педофилдерди бычуу демилгесин колдоого алуунун ордуна Конституцияга асылуунун канчалык кажети бар эле?
«Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы болушу керек», «Кыргызстанда мыйзам иштебейт» дегенибиз менен 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбөө мыйзамы кабыл алынганына карабай, учурда Жогорку Кеӊештеги айрым депутаттар жана «активисттер» 24 жылдык эгемен тарыхыбызда Конституциябызды 9-ирет өзгөртүү планын ишке ашырууну көздөшүүдө. Коомчулукта бул демилге сынга кабылышын алдын алып, «акылмандар» педофилия темасын байрак кылып көтөрүп чыгышканы жөн гана дал келүүчүлүк эмес.
Жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүп гана тим болбостон, ал жазанын ишке ашырылышын да жолго салуу керек. Буга баары макул. Бирок Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши менен айрым саясий топтор тарабынан өз кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүү жана толуктоолор да киргизилбейт дегенге кепилдик жок. Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү мыйзамды сыйлабастыкка алып келген эӊ негизги факторлордун бири.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg