Шоу чөйрөдө үнү, келбети, ал эле эмес, жан дүйнөсү керемет Назира деген бир кыз бар. Бул ырчы кызга анча маани бербей жүрсөӊүз, ырларына баам салып, төмөнкү маекти окугандан кийин Назираны сыйлап каласыз деп ишенем.
– Назира, маек төрүбүзгө куш келипсиӊ! Учурда филармониянын солисти болуп иштеп жаткан экенсиӊ. Эстрададан алыстап, оркестрге ыктаганыӊа ким түрткү болду?
– Ооба, Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин эӊ кенже солистимин. Чыгармачылыктан өз ордумду таптым десем болот. Анткени өзүӊ сүйгөн кесип менен чын жүрөктөн жактырган жерде иштөө ырахат гана тартуулайт.
Азыркы жаштар оркестрди анча баалашпайт. Бир кезде мен деле сыналгыдан оркестрдин коштоосунда жаӊырган ырларды берсе уккум келчү эмес. 7 жыл музыкалык билим алып, Улукмырза Полотов сыяктуу агайлардан сабак алгандан кийин өсүп, көз карашыӊ да өзгөрөт экен. Улукмырза агай көп ырчылардын атасы, ал киши шакирттерин окутуп эле тим болбостон, ишке орношуусуна да жардам берет. Бир күнү агайга оркестр менен ырдагым келерин айтсам, «музыканы жакшы өздөштүрүп келе жатасыӊ, сен филармонияда иштешиӊ керек» деп сүйрөп келип киргизип койгон. Айрымдар «бул жакка ишке кирүү оӊой эмес, Назира бирөөнү тапкан го» деп тескери ойлошот экен.
– Демек, 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек менен ийгилик жаратса болот экен да?
– 1 пайыз талант, 99 пайыз аракет деген мурунураак болгон. Канчалык чуркап эмгектенгениӊ менен талантыӊ күчтүү болбосо, сахнада көпкө кармалбайсыӊ. Азыр концертке келген ар бир экинчи адам ырчы жандуу ырдадыбы же фонограмма мененби, айырмалай алат. Менин жеке оюмда, кийинчерээк 1 пайыз талант, 99 пайыз аракет деген сөз жоголуп кетиши мүмкүн. Кесиптештеримдин арасында деле укмуш жылдыз, бирок таланты жок, ушунчалык таланттуу, бирок акчасы жок чыгалбай жүргөндөр бар.
– Кесиптештерим деп калдыӊ, азыркы ырчылардын арасынан сенин купулуӊа толгону барбы?
– Мен баалаган ырчылар саналуу гана. Алтынай Нарбаева жүрөгү менен ырдаса, Айжамал Кабылова ырды көркүнө чыгарып коёт. Сайкал Садыбакасованын ырдаганы өзгөчө болсо, Маликанын үнүнө сөз жок. Мен ырчынын мамилесине же башкасына карабайм, кайсы ырчы ырдабасын, жүрөк менен ырдалган ырлар жагат.
– Байкасам, обон да жазат экенсиӊ, «унутсун дегениӊби, уйкумду бузбай калдыӊ...» деген саптары бар «Сага» деген ырыӊ бактыӊды ачты окшойт...
– Туура айтасыз, көпчүлүк мени «Сага» деген ырым аркылуу таанышат. Мындан 10 жыл мурун кыӊылдап жүрүп бир кайрыктарды таап алгам. Анан акын Махабат Молдалиеванын китебин ачып окусам, ушул ыр жазылып туруптур. Жараткан обонума ыр төп келип калды. Алгач бул ырды ырдап чыкканда сонун болуптур деп суктанып, үнүмдү эле угуп жүрө берчүмүн. 2 жылдан кийин кайсы бир радионун «Арзуу» программасынан сүйүү тууралуу кайгылуу окуяны айтып, анан менин ырымды берип жатпайбы. Ошондо бул ырдын мааниси тереӊ экенин түшүнгөм. Ырларымды көбүнчө атам сындайт, «кызым, аябай кайгырып ырдаптырсыӊ го, эмне эле сүйүү жөнүндө көп ырдайсыӊ?» десе уялып калам.
– Сүйүү демекчи, сени убагында Чыӊгыз Мырзаев менен кыз-жигит болгон деп калышат...
– Мен дайыма интригадан алыс болгонго аракет кылам. Ошентсе деле Добр, Чыӊгыз менен кыз-жигит деп айтышат. Бирок алар менин эӊ жакын досторум. Эл эле эмес, туугандарым деле ошентип ойлошот. Бир жолу таежемдин үйүнө барсам, «ай, Чыӊгыз экөөӊөр кандай сүйлөшүп жатасыӊар?» деп жатпайбы. Мен «жөн эле дуэт ырдап койгом, кайдагыны айтпаӊызчы» деп күлгөм.
– Чектен чыккан күйөрмандарга туш болдуӊ беле?
– Мурда күйөрмандарым болсо экен деп кыялданчумун. Көрсө, алардын деле терс жактары болот экен. Айрыкча «Эмне мени менен сүйлөшпөй жатасыӊ? Өлтүрүп кетем, уурдап кетем!» деп коркуткандары жаман. Ишенесизби, жашоомдо сүйүп калдым деген кыздар да болгон. Сиӊдилерим «бир кыз сизди аябай жакшы көрөт, таанышам деп жатат, таанышып коюӊузчу» деп жанды койбой тааныштырышты. Ал кыз гүл көтөрүп келип «мен сизди жакшы көрөм» деп айткан, аны күйөрман кыздай эле кабыл алсам, эмнегедир ою такыр башкача экен. Телефон чалып тийише баштады, ошондо аябай коркком. Сүйөм деп артымдан чуркап, жанымды койбогон ал кыздан араӊ кутулгам.
– Эми өзүӊдүн сүйүүӊ жөнүндө айтып бербесеӊ болбой калды окшойт...
– Окуп жүргөндө элге окшоп балалык сүйүүгө деле кабылган жокмун. Анткени мен окуган мектепте атамдын карындашы мугалим болуп иштечү. Ошондон уялыппы же коркконумданбы, айтор, жигиттерге жакын жолочу эмесмин. Дайыма колума комуз көтөрүп жүргөндүктөн «ай, комузчу, комузчу» деп жигиттер тийишип калчу. Студент кезде деле кыйратып жигит жандаган жокмун. Азыр деле жүрөгүм бош. Жолдошум кандай болот болду экен деп кызыга берем. Апам «биздин ырчы болбойсуӊ деген каршылыгыбызды жеӊип ырчы болдуӊ, эми жолдошуӊа жеӊилип үйдө отуруп калба» деп көп айтат.
– Чыгармачылыгымды колдойт деп акчалуу, улуу кишиге экинчи жубай болуп тийип кеткендер да бар...
– Учурда 27 жаштамын, турмуш куруу 30га чейин кеч болбойт го дейм. Анткени алдыда өзүм ойлогон максаттарым көп, ошолорду ишке ашырышым керек. Күйөөгө кеч чыксам да татыктуу кишиге жолуксам дейм. Жеке өзүмдү айтсам, экинчи аял болууга каршымын. Ар бир аялзаты биринчиси болууну кыялданат да. «Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсыӊ» деген туура. Эгерде улуу кишиге чыксаӊ, сен анын өзүн эмес, акчасын сүйгөн болуп каласыӊ. Тоодо кой кайтарган бирөөнү сүйүп калсам, жайлоону көздөй кеткенге даярмын. Анткени бакыт деген сүйгөнүӊдүн жанында болуу болсо керек.
– Ата-энеӊ сен жараткан ийгиликтерге кубанып, колдоп турса керек?
– Апам менин көзүмчө такыр мактабайт. Бирок сыртынан билгизбесе да, ичинен сыймыктанып калат. Жаӊы ырдап баштаганда алгачкы клибим эфирден чыкканда тааныштардын баарына «кызымдын клибин көргүлө» деп чалып жатса, клип бүтүп калып, өзү көрбөй калган экен.
Атам маршруттук таксиде кетип баратса радиодон менин ырым жаӊырып калат, анан ал «менин кызым ырдап жатат, Назира Токонова менин кызым» десе шоопур да, айылдаштары да ишенбей коюшуптур. «Кызым ырдап жатат десем, мага эч ким ишенбей койду» деп келген. Кээде иним «Назира Токонова менин эжем десем эч ким ишенбейт, мени менен сүрөткө түшүп коюӊузчу» деп калат.
– Маектин соӊунда балалыгыӊа кайрылгым келип турат...
– Балалык десе эле ушул окуя эске түшөт. Бир жолу курбу кызым экөөбүз мектептен келе жатсак, жолдо чымчык өлүп жаткан экен. Анан ага боорубуз ооруп «ий, байкушту көмүшүбүз керек» деп орустардын мүрзөсүнө алып барып жерди чуӊкур кылып казып, бет аарчыга ороп көмгөнбүз. Эми ыйлаш керек деп отуруп алып өзүбүздү кыйнап ыйлаганыбызчы. Анан «кой, бул байкушка эстелик жасайлы» деп жанындагы эстеликтерге окшоштуруп ылайдан эстелик тургузганбыз. Азыр ошону эстеп алып эле күлө беребиз.
– Кудай күлкүгө жеткирсин!
Замира Рахманбердиева
star@super.kg