2015-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга чет жерден КОТОРУЛГАН АКЧАНЫН көлөмү 33 пайызга кыскарды.
Өлкөдө ар бир төртүнчү адам ЧЫЛЫМ ЧЕГЕТ. Тамеки тартуучулардын орточо курагы 19 жашты түзөт. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун окумуштуу катчысы А.Алтымышева айтты.
Билим берүү жана илим министрлиги эскертет: жалпы республикалык тестирлөөдөн 110дон азыраак балл алган БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОЖдорго тапшыра алышпайт.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын экс-ректору ЧЫӉГЫЗ ШАМШИЕВ издөөгө жарыяланды.
«КЫРГЫЗАЛТЫН» каржылык маселелеринен улам кызматкерлеринин айрымдарын 4 сааттык иштөө режимине которду.
ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, 2015-жылдын 4 айынын ичинде өлкөдө 42 жашы жете элек бала ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН.
Бишкекте жайында 3 миӊдей баланы камтый ала турган 44 мектеп ичиндеги ЛАГЕРЛЕР ачылат.
Жогорку Кеӊештин депутаты ШАРШЕНБЕК АБДЫКЕРИМОВ Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти болуп шайланды.
«ДОРДОЙ» базарында товар айландыруу 80 пайызга чейин түшүп кетти»,- деди аталган базардын профсоюзунун жетекчиси Д.Дөөлөталиева.
«Өнүгүү-Прогресс» жана «Улуттар биримдиги» 2013-жылкы макулдашуусун бузушуп, ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО өз-өзүнчө бармай болушту. Аталган партиялардын лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Мелис Мырзакматов экени маалым.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ өз фондунан жетим жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар үчүн Тоголок Молдо атындагы жатак мектебине 700 миӊ сомдук материалдык жардам көрсөттү.
Премьер Темир Сариевдин айтымында, 15-июндан 15-сентябрга чейин Ысык-Көлдө жайгашкан ПАНСИОНАТТАРДЫ мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө тыюу салынды.
«Өлкөдө жылына 150 миӊдей АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК берилет. Анын 11 миӊи өз алдынча үйрөнгөндөр. Эӊ кызыктуусу, эч бири сынактан да кулап калбайт»,- деп таӊ калды Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.