Өкмөттө «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун («Мегаком») менчиктештирүү боюнча экономика министри Олег Панкратовдун сунушу каралды. Министрдин билдиришинче, аталган компания 2015-2017-жылдары жеке менчикке берилүүчү объектилердин тизмесинде турат. «Санариптик телеберүүгө өткөндөн кийин жыштыктардын бир бөлүгү бошойт. Айрым байланышсыз аймактар бар, калкка байланыш кызматын көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу керек. Бардык аймактарда Wi-Fi жана 4G болушу шарт»,- деди министр.
Премьер-министр Темир Сариев «Альфа Телекомдун» бардык кирешеси өлкө бюджетине түшүп, мекеменин өзүн өнүктүрүүгө каражат жетишпей жатканын белгиледи. «Эгер ушул багытта кете берсек, анда 2 жылдан кийин «Мегаком» кирешесиз мекемеге айланат. Компанияны мамлекеттин эсебинен колдоону баштасак, кыйынчылыктар болушу мүмкүн»,- деди Сариев.
Жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү аталган компанияны жеке менчикке сатуу демилгесин бир добуштан жактырышты.
Экономика министри Олег Панкратов компаниянын баасы канча болору азырынча белгисиз экендигин айтты. Жогорку Кеӊеш сатуу демилгесин колдосо, компания сатыкка чыгарылат. Бийлик буга чейин «Альфа Телекомдун» 49 пайыздык акциясын 100 миллион долларга чукул баага сатууга аракет кылган.
Эске салсак, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт «Мегаком» уюлдук операторунун 49 пайыздык акциясын улутташтырууга жетишкен. 2014-жылдын июль айында болсо Бишкектин райондор аралык соту компаниянын калган 51 пайыздык акциясын аресттен чыгарып, муну менен мамлекет компаниянын жалгыз кожоюнуна айланган эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg