Жогорку Кеӊештин 3-июнундагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берген фактылары жөнүндө маалымат угулду. Жыйында жарандарга паспорт берүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын Ички иштер министрлиги айтып чыкты. Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзамсыз берилген 271 паспорт боюнча тергөө иштери жүрүп, 11 адам камакка алынган. Алардын арасында 1 эле жарандын 4-5 жолу паспорт, 2-3 ирет жеке идентификациялык номер алган окуялары кездешет. Тергөөдө алар 200 доллардан 1500 долларга чейин пара беришкени, мындай жагдай кылмышкерлерди издеп табууну кыйла татаалдаштыра турганы белгиленди.
Ал эми Мамкаттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова «2014-жылдын октябрында жеке идентификациялык номерлерин өзгөрткөн жарандар боюнча материалдарды Коргоо кеӊешине жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүп бергенбиз. Алардын саны ID-card боюнча 6 миӊден ашуун, ал эми чет жердик паспорттор боюнча 3 миӊден ашуунду түзөт. Жеке маалыматын өзгөрткөн жарандардын саны болсо 2014-жылга карата 42 миӊ кишиден турат. Алардын арасында жеке идентификациялык номерлерин алмаштыргандар да болушу мүмкүн»,- деп, депутаттарга Кыргыз Республикасында ар бир жаран персоналдык маалыматтарын өзгөртүүгө укуктуу экенин эскертти.
Вице-премьер Тайырбек Сарпашев мыйзамга ылайык, жеке идентификациялык номерин өзгөрткөн жаран жоопкерчиликке тартыла турганын айтты. «Адам төрөлгөндө ага жеке ПИН-код берилет. Ал бул номер менен өмүр бою жашашы керек. Аны өзгөртүү мыйзамсыз»,- деди Сарпашев. Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматына, Ички иштер министрлигине, Социалдык фондго жарандарга паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү ишин жакшыртуу тапшырмасы берилди. Андан канчалык жыйынтык чыгары белгисиз, бирок көпчүлүк жарандардын жеке маалыматтарын өзгөртүү мигранттардын «кара тизмени» айланып өтүү аракети экенин жашырып болбойт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg