Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 2-июнь күнү интернеттеги баракчасы аркылуу жаӊылыгы менен бөлүштү.
«Мугалимдер үчүн эӊ жакшы жаӊылык: бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында орто билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин айлыгын көтөрүүгө 2,2 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынды. Мектептеги билим берүүнүн сапаты мугалимдерден көз каранды. Министрлик бул жетишкендиктер менен токтоп калбайт, кийинки кезекте мугалимдердин статусун жогорулатуу боюнча иш алып барат»,- деди Сариева.
Буга чейин 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта мугалимдердин орточо айлык акысы 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылган. Бирок өкмөт каражат табылганда гана жогорудагы токтом күчүнө кирерин белгилеген эле.
Эльвира Сариева мугалимдердин арасында жүргөн сөздөргө да жооп берди: «Айлык акынын көлөмүн ылдыйлатуу үчүн окуу сабактарынын сааты кыскартылбайт. Жакында эле Кыргыз билим берүү академиясы Туруктуу окуу планы боюнча өз көз карашын билдирип, анда ушундай кыскартуу каралган болчу. Дал ушундай жыйынтыктын айынан биз долбоордон баш тартып, кайра иштеп чыгууга жөнөттүк. Туруктуу окуу планы боюнча документ 2015-жылдын аягында кабыл алынат»,- деди министр.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg