Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча чечимди карап чыгат. Президент Алмазбек Атамбаев премьер Темир Сариевди кабыл алып жатып ушундай тапшырма берди. Мамлекет башчы кышы оор жана узакка созулган бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына өзгөчө көӊүл буруу зарыл экенин белгиледи. Быйылкы жылдын 1-июнунан баштап калкка багытталган социалдык тариф 1 киловатт-саат үчүн 84 тыйын, ал эми 700 киловатт-сааттан ашык колдонууда 2 сом 20 тыйынды түзөрү айтылып келген эле.
Мындай тапшырмадан кийин Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттик кайрадан эсептөө жүргүзүп, жаӊы тариф 1-августтан тарта киргизилери белгилүү болду. Башкача айтканда, электр энергиясынын баасы 10 пайызга жогорулап, 1 киловатт-саат 77 тыйынды, ал эми 700 киловатт сааттан ашык колдонууда 2 сом 16 тыйынды түзмөкчү. Ошондой эле бийик тоолуу райондордун тургундарына 2 сом 16 тыйындык төлөм 1000 киловатт-сааттан ашык пайдаланганда колдонулат. Мындай жеӊилдик аларга октябрь айынан майга чейин гана каралууда, ал эми жай мезгилинде алар социалдык тарифти 700 киловатт-саатына чейин колдоно алышат. Калган колдонуучулар (өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик абоненттер) ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 24 тыйындан төлөшөт.
Маалымат үчүн: Учурда электр энергиясынын тарифи калк үчүн киловатт-саатына 70 тыйынды түзөт. Айына 700 киловатт-сааттан көбүрөөк электр энергиясын колдонгон абоненттер 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Ал эми калктан тышкары башка абоненттерге 1 сом 97 тыйындык тариф каралган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg