Жанар Акаевди буга чейин элдин үнүн бийликке жеткирген курч журналист катары таанысак, азыр аны президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын мүчөсү катары билебиз. Жаӊы кызмат жаш инсанды кайсы жагына өзгөртүп жатат? Жанарга бир катар суроолорду жолдодук.
– Жанар, журналистикада жүргөндө бийликти бир топ «чымчып» коёр элеӊиз, азыр өзүӊүз бийликтеги адамдардын жанындасыз. Кандай айырма бар экен, кыйынчылыктар болуп жатабы?
– Ар бир жаӊы ишке көнгүчө кыйналбай койбосоӊ керек. Менде башынан эле аркы жээк, берки жээк деген түшүнүк жок, жасаган ишим Кыргызстанга пайдасы тийсе болгону. Кайсы кесипте же кандай кызматта болбоюн, жасап жаткан жумушум элге, өлкөгө пайдалуу болсо, кыйынчылыктарга, сыноолорго чыдаймын. Чынында, мамлекеттик кызматтын сырларын, аки-чүкүсүн жаӊыдан үйрөнүп жаткан убагым. Айырмасы, албетте, асман менен жердей. Мурда саясатка, окуялар менен көрүнүштөргө журналисттин көзү менен карап келсем, эми мамлекеттик кызматкердин көзү менен карай баштадым. Жоопкерчилик сезими абдан күчөдү.
– Жанар Акаев дегенде «Ыӊгайсыз суроолорду», криминал, коррупциялык иштер боюнча элдин эсинде калган иликтөөлөрдү түшүнчүбүз. Мындай материалдарды даярдоо оӊой эмес болсо керек?
– «Ыӊгайсыз суроолордон» кийин телефонумдун жаагы басылбай, мактаганы да, капачылыгын айткан саясатчылар да болчу. Эки тарапка теӊ бирдей сөз бергеним үчүн капа болууга акылары жок эле. Айтышта жеӊилип калса, ал менин эмес, саясатчынын проблемасы да, чынбы? Ал эми иликтөөлөр негизинен карапайым адамдардын, жабыркагандардын таламын коргоо багытында жасалчу. Бирөөнүн маӊдай тери менен тапканын тартып алып, арам тамакка көөп, бирөөнүн ырыскысына кол салгандардын абийирин ачкым келчү. Бул максатым азыр да калган жок.
Бир учурда капкара көз айнек тагынып, кымбат иномаркаларда жүргөн, колтугунан тапанчасы култуйган бандиттер өспүрүмдөр үчүн мода боло баштаган. Мен аларды жек көрсөтүп, билимге умтулган, окуган жаштар өрнөк болушун, идеал болушун каалайм. Криминалдын өкүлдөрү иш кеӊсебиздин алдына чейин келип, эскертүү берип кеткен учурлар болгон. Коркуткан СМС билдирүүлөр келчү, бул маалымат милицияда да бар. Бирок андай коркутуулар курч журналистиканы мокото албайт, корксоӊ анда кесиптен кетишиӊ керек.
– Президент менен иштөө кандай экен?
– Президент – жөнөкөй инсан, ошон үчүн ал киши менен иштөө мен үчүн татаал эмес. Баары оӊ жолго түшсө экен, коомубуз жаркын маанайга жетсе экен деген мамлекет башчынын ниети бар экенин мурда эле байкачумун. Ал баарыбыздан чындыкты талап кылат, бардык ишке көз салып, күйүп турат. Башкысы президентке ар бир жолу киргенде анын насаатын угуп, бир нерсе үйрөнүп калууга жанталашам. Көз карандысыздыкты бекемдөөгө, улуттук экономиканы көтөрүүгө, коррупцияны жоюуга өлкө жетекчилиги жан үрөп жатканда кол кабыш кылуу ар бир кыргызстандыктын парзы деген пикирдемин. Мен мурда эл аралык компанияда иштегендиктенби, дүйнөдөгү окуяларга тыкыр көз саламын. Азыр канчалаган мамлекеттин тагдыры жарга такалды, ыдырап кетүү абалында турушат. Андай коркунуч бизде жок дейсизби? Кыргызстандын акырындан болсо да өнүгө баштаганы кээ бирлердин ичин тарытып жатканы маалым. Мындайда улуттук ынтымак, ар бирибизден аз да болсо жоопкердик сезимибиз керек. Биздин Кыргызстандан башка жерибиз да, мекенибиз да жок. Бул нерсени айрыкча сыртта жүргөндө даана сезесиӊ.
– Мамлекет башчысы жанына көбүнесе жаштарды топтогонун коомчулук жакшы саамалык катары кабылдап жатат. Бийликке жаштардын жоон тобу келсе, өргө карай жылабыз деп ишенесизби?
– Билимдүү, мекен деп күйгөн жаштардын мамлекеттик жооптуу кызматтарга тартылышы, ошого өлкө жетекчилигинин шарт түзүшү мени да кубандырат. Ошол эле убакта жаштардын баары эле таза, мекенчил деп айтууга болбойт. Азыр пара менен кармалгандардын арасында да билимдүү жаш аткаминерлер учурап жатканы өкүндүрөт. Же болбосо казынаны уурдап, ал турсун элди экиге бөлгөн саясатчыларды колдоп, ошолор гана мамлекетти адилет башкармак деп мактап жаткан жаш журналисттер да жок эмес. Азыр чынчыл, билимдүү, бир дубандын эмес, бүт өлкөнүн кыйырында ой жүгүртө алган жаштардын заманы келе жатат, ошолорго шарт түзүлүүдө. Саясий элитаны жаӊылоо аракети мамлекет башчысынын демилгеси, мен билгенден бул иш уланат.
– Чет жакта билим алып, мактанарлык ийгиликке жеткен кыргыз жарандары аз эмес, аларды чакырып, өлкөбүздү көтөрүүгө тартса болбойбу?
– Дүйнөдөгү абройлуу окуу жайларда окуган кыргыз жаштарынын катары калыӊдап баратканы абдан кубантат, алардын билим-тажрыйбасы Кыргызстанга абадай эле керек. Бирок четтен билим алган жаштарыбыз бизди мамлекет чакырып, кызыл килем менен тосуп алып, Өкмөт үйүнө ишке жайгаштырыш керек деп күтпөшү керек. Кыргызстанга чындап жардам бергиӊ келсе, мекенге кел да, өз пайдаӊды тийгиз. Эмгекти сөз жок бийлик да, эл да байкайт.
– Кыргызстанда «чоӊ» болуу, депутат болуу өнөкөт дарт сыяктуудай. Баары эле папке көтөрүп, Ак үйдө жүргүсү келет. Мунун себеби эмнеде?
– Жыйырма жыл бою бийлик баюунун эӊ оӊой жолу болуп келген. Коомдук пикир да «чоӊ» болсоӊ – баары болот деген ойго туткундалган. Депутат болуу элдин жүгүн моюнуна көтөрүү, чоӊ жоопкерчилик экенин түшүнбөй туруп, жетиштүү байлык топтодум, эми депутат болушум керек деген пикир өкүм сүрүүдө. Ар кандай, анын ичинде арам жолдор менен капитал топтогон ишкерлер парламентте отурсак бизнесибизди коргоп, ал турсун өркүндөтүүгө жол ачылат деп ойлошот. Мына, партиялар азыр да биринчи кезекте акчалуу адамдарды катарына кошуп, депутат кылгысы келип жатканы көрүнүп эле турбайбы. Адамдардын акыл, билим дареметин, тажрыйбасын, иш билгилигин талдаган партиялар аз. Ар ким Кудай берген өнөрүнө, дараметине жараша иш кылган туура деп ойлойм. Президентибиздин тикелей киришүүсү менен элита жаӊыра баштады. Мамлекетибиз менен жарыша саясий процессте да жаӊылануу башталды. Жакынкы жылдары башкарууда жаӊы доор менен кадамдаш башкаруучулар катмары пайда болот деп ойлойм.
– Маегиӊизге рахмат!
Эльвира Караева
politika@super.kg