СПОРТ – САЛАМАТТЫККА ДАНАКЕР. БААРЫБЫЗ МАШЫКСАК ЭМНЕГЕ БОЛБОСУН?!

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, адамдын ден соолугунун чыӊ болушуна медицина эмес, ириде анын сергек жана өрнөктүү өмүр сүрүүсү чоӊ ролду ойнойт. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер бай же кедей болгонуна карабай, калкынын сергек жашоосун камсыз кылуу үчүн массалык түрдө спорт менен машыгууга чакырышат. Анткени мамлекеттин башкы байлыгы калкы болсо, а калктын байлыгы – бул ден соолук. Кыязы, биздин ата-бабаларыбыз да муну илгертен туюп, бекеринен «биринчи байлык – ден соолук» дешпесе керек. Биздин мамлекетибиз ушул байлыкка кандай көӊүл бөлүүдө?

МААЛЫМАТ

  • Дене тарбия жана спорт агенттигинин жылдык бюджети – 463 миллион сом.
  • Бир жылда спортчуларга бөлүнгөн мамлекеттик стипендиянын жалпы суммасы – 32 миллион сом.
  • Эӊ алдыӊкы стипендия – 45 миӊ сом, эӊ төмөнкүсү – 3 миӊ сом.

КИМ ИЙРИЙТ ДА, КИМ СОГОТ?
2014-жылдын май айында кыргыз өкмөтү «Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү» мыйзамга таянып, «Дени сак улут – өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө» деген аталыштагы атайын программаны кабыл алган. Ага ылайык, 2014-2017-жылдар аралыгында өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында атайын иш-чараларды жүзөгө ашыруу планы белгиленип, аны аткаруу эки министрликке: Саламаттыкты сактоо менен Билим берүү жана илим министрликтерине; эки мамлекеттик агенттикке: Дене тарбия жана спорт, Архитектура жана курулуш агенттиктерине, ошондой эле Дене тарбия жана спорт академиясына, Улуттук статистикалык комитетке жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов:
– Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги массалык спортту жайылтууну жалгыз ишке ашыра албасы анык. Маселен, алыскы аймактардагы спорт машыктыруучуларынын маянасы аз болгондуктан, ал жерлерде адистер токтобой, алардын ордунда көп учурда райондун агроному же мал доктур, же болбосо дагы бир чарба кызматкери отурганын көрөбүз. Борбордон алыскы мектептерде дене тарбия сабагын кайсы мугалимдин айлыгы аз болсо, ошого энчилеп берип коюшат. Ал эми айыл өкмөттөрүнө дене тарбия жана спорт боюнча инструкторго штат ачуу жөнүндөгү демилгебиз Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этнос аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосун таппай жатат,- дейт.

Ушул эле Дене тарбия жана спорт агенттигинин статистикасы мындай:
Балдарыбыздын 30 пайызы ден соолугу начар болуп төрөлөт.
Мектеп окуучуларыбыздын 60 пайызынын омуртка сөөгү ийри – сколиоз, 20 пайызы ашыкча салмактын азабын тартууда.
Аскердик чакырууга келген жигиттерибиздин 90 пайызы дене тарбия көнүгүүлөрүн аткара албайт.
Өлкөбүздөгү көпчүлүк жарандардын спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгү жок.
Дегинкиси, программада кыргыз өкмөтү дене тарбия жана спортто башкаруу системин модернизациялоону так ушул мамлекеттик агенттикке тапшырган. Ошентсе да бул жаатта ушул күнгө чейин эч кандай жылыш жок.

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев:
Жаштарыбыздын басымдуу бөлүгүнүн ден соолугу начар жана аскердик кызматка жараксыз деген жыйынтыкты мен негизсиз деп эсептейм. Мурдагыга салыштырмалуу саламаттыгы начарлап, ооруп калгандар бар болсо, алар медициналык эмдөө албай калгандар. Быйылкы окуя муну таасын көрсөттү. Өтө кооптоно турган жагдай деле жок, саламаттыгыбыз боюнча жалпы аймактагы кошуналарыбыз менен бирдей деӊгээлдебиз,- деген бекем позицияда.
Ооба, саламаттыкты сактоо министринин бул сөзүнө каршы аргумент табуу кыйын. Бирок ошол программанын иш-чарасында көрсөтүлгөн медициналык спорт кадрларын тарбиялоо боюнча жана мекеменин кызматкерлеринен куралган спорттук клубун түзө алдыбы? Майып балдардын машыгуусуна ылайыктуу спорттук иш-чараларды иштеп чыктыбы?
Бул суроо дегеле бардык министрликтер менен мекемелерге тиешелүү. Анткени массалык спортту өнүктүрүүдө эӊ алды менен мамлекеттик мекеме-ишканалар демилгелүү болушу абзел эмеспи. Иш жүзүндө сөз менен башканы айтып, аткарууга келгенде кадимки Тоголок Молдо атабыздын тамсилиндей, «ким ийрийт да, ким согот» абалында.

Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков:
Бизде бир эле бюджетти карап отура бербей, массалык спортту өнүктүрүүнүн башка дагы жолдору толтура. Мисалы, азыр Кыргызстанда миллиондогон суммага лотерея ойнотулуп жатат. Бул ишмердүүлүк боюнча лицензияны дээрлик чет өлкөлүк жарандар алып, байыгандар да ошолор. Ушуну мыйзамдуу жол менен Дене тарбия жана спорт агенттигине алып бергенге эмнеге болбосун? Аталган агенттик спорттук иш-чаралар менен кошо лотерея да ойнотуп, андан түшкөн каражатты кийинки спорттук иш-чараларга жумшамак. Мындан тышкары өлкөбүздө мамлекетти күтүп отурбастан, көптөгөн мекенчил инсандарыбыз жер-жерлерде спорт аянтчаларын куруп жатышат. КСДП да «Спорт – улут саламаттыгына данакер» деген программаны кабыл алып, жер-жерлердеги партиялык активисттердин көмөгү менен Кара-Суудан Жети-Өгүзгө чейин көптөгөн спорт объектилерин ачтык, мелдештерди уюштуруп, спорттук шаймандар менен камсыз кылып жатабыз. Бул ишти жалаӊ гана жарандык коомго жүктөп койгонубуз да жарабайт. Биз, депутаттар, бул маселени мамлекеттик деӊгээлде көтөрүп, бийлик бутактары жана бүтүндөй коомчулук менен чогуу изденүүбүз керек,- дейт.

КРИМИНАЛГА БИР КАДАМ...
Спорт чөйрөсүндөгү дагы бир башкы көйгөй: спортчуларыбыз криминалдык топтордун катарын толуктоодо. Анан калса спорт десе айрым жаштар эмнегедир ден соолукту чыӊдоо эмес, күчүнө таянып башкаларга үстөмдүк кылуу же бирөөнүн байлыгын тартып алууну түшүнчү болду. Эӊ өкүнүчтүүсү, бул көз караштын жактоочулары күн санап көбөйүп, спорт менен криминалдын ортосундагы кадам улам азайып бараткансыйт.

Мунун себебин Жогорку Кеӊештин депутаты Бактияр Кадыров төмөнкүдөн көрөт:

– Спорт жөнүндө кеп болгондо эсиме Союз мезгилиндеги бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларда, мекеме-ишканаларда өткөрүлчү спорттук иш-чаралар түшөт. Массалык спортко абдан уюшкандык менен, жоопкерчиликтүү мамиле жасалчу. Калыӊ элдин талабынан өсүп чыккан ИИМдин «Динамо», профсоюздун «Буревестник», жумушчулардын «Сельмашевец» сыяктуу спорт клубдары бар эле. Алар ар бир спортчуга кам көрүп, карьерасы бүткөнүн дароо жумуш менен камсыз кылчу. Азыр карьерасы аяктаган спортчу кайда барарын билбейт жана ага кам көргөн эч ким болбогондуктан, криминал чөйрөсүнүн өкүлдөрү тартып кетип жатат. Буга жол бербөө үчүн мурдагыдай мекеме-ишканалардын спорттук клубдарын жандандыруубуз зарыл.

Чыӊгыз Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан