Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Абдулазиз ясаулбашы урушту карап, замбиректери, орус мылтыкчан мергендери кысымга түшкөнүн, көтөрүлүшчүлөрдүн күчү да үч бөлүштү болуп турганын көрдү. «Каптасын!» деп буйрук берип, буктурмада турган Султанмурат бекке жигит чаптырды. Чабарман эптеп кымкууттан чыгып, саздуу камышты аралап барып бекти жер сыйпалап таппай калды. Султанмурат бек артынан кара таандай чуулдап каптап Уали саркердин колу чыкканда эле атын созултуп чаап качып берген болчу.
Уруш кечке утур ордонун аскери Абдулазиз ясаулбашы баш болуп тегиз сулап жыгылганда гана басылды.
Эртеси жеӊишти сүйүнчүлөп Исхактын алдын чабарман тосуп чыгып, канжыгасындагы баштыктын оозун чечип карматты. Адамдын башы экен.
– Йе, бул эмне?.. Кимдин башы?..- Исхак үӊүлүп тиктеп чочуп кетти.
Абдылла бек эӊилип:
– Ээ, жакшы тартуу экен, таксыр!- деп жиберди. – Абдулазиз ясаулбашынын башы экен. Ордонун иши бүтүптүр! Бул адам эӊ акыркы мыкты аскер башы болучу. Бүттү! Мындан ары жол тороп эч кимиси чыга албайт эми...
Ишенген ясаулбашчысынын кыйрап калганынан кабар таап Насирдин хандын ындыны өчүп, санаа басып, мусаллас менен көӊүл жубатып отурган маалында Султанмурат бек келди. Өӊ кеткен, суюк сакалы сербейип, эки көзү алайып жүдөгөн.
– И? Жан алгыч кууганбы сизди?..
– Өкүмдар... Бир Кудай өзү күбө, селсаяктын каракчыларынын ичине азезилдин өзү кирип алганбы... тим эле, Кудай анын бетин ары кылсын, кутурган карышкырдын үйүрүндөй... Гм... Анан ошентип...
Насирдин хан жек көрүп тиктеди. «Күпүйгөн ашкеби!» деди ичинен. Колдо бар аскерин берип, баатыр Абдулазиз ясаулбашын кошуп, «Галавачы пашага кара бол, көмөк бол, селсаяк Исхакты көптөп кармап байлап кел!» деп аттандырбады беле?! «Сөксөӊ да, урсаӊ да, канжалатып башын кессеӊ да эчтеке чыкпайт. Турат бир көлтөйгөн арам эт!» Жүзүн үйрүп кетти...
– Чы-ык биякка! Бөрүнүн тукуму! Чы-ык биякка, наалаты!..
Эмне кылса? Ал ойлонду. Жок, анын кыр көрсөтүүгө эч кубаты жок экен. Тагдыры миӊ тукуму менен бир ордо кишилери, бир аз ишенимдүү жигиттер, анан ордо кыздары гана калган экен. Эшик ага бүгүлүп буйрук күтүп турган.
– Орустун элчисине жигит чуркатыӊ...
– Эч кимди ордодон чыгарбай жатышат, таксыр. Орустун элчиси да ушинтип идарасына камалып калды...
– Ордо кишилерин жыйнаӊ. Жүктөтүӊ казынаны... Кожон дарбазасына карай жүрөбүз. Жатып ичерлердин бирин тышка түртүп чыгарыӊ. Айтсын калкка!.. Кара жанын
сурады десин, кетет десин...
Ал эми кыргыз зайыбын чакыртып алды. Узун бойлуу, кызыл жүздүү жаш зайып балтыр бешик баласы менен келди.
– Тартууга келген күӊ эдиӊиз. Эсиӊиз менен, көӊүлүӊүздүн түздүгү менен ордомдун эркеси, ак никелүү зайыбым болдуӊуз... Тышта не күн болуп жатат? Мына, төркүндөрүӊүз түбүмө жетти. Илгертен тоолуктар менен тамыр-сөөк да болуп, минтип жоолашып да келген экенбиз. Мен эле көрбөпмүн мындай күндү...- Ал түп атасы Хажы бийдин, чоӊ атасы Шералы хандын, өз атасы Кудаяр хандын жолун эстеди. – Эстүүлүк кылыӊ, кыргыз айым. Баланы сактап калыӊ. Алып кетиӊ тоого, этегиӊизге ороп. Акыры эр жеткенде эси болсо билер ким экенин. Бул дүйнө оомал-төкмөл экен, бир күнү оомат келсе бул бала сиздин бактыӊыз болуп, тагаларына дагы таяныч болуп, биздин тукумубуздун баскан жолун басар...
– Падышам, менин төркүндөрүм өз ичинен бирөөнү ак кийизге салып алып келатат дейт го? Бул чын болсо, бу сийдигиӊизди алар асырабас бекен... Сөзүӊүз эки болбосун, падышам, сактайын. Талак кылыӊыз. Өз күнүмдү көрөйүн, мен дагы...
Насирдин хан таӊ калып тиктеди. Зайып көшөрүп жооп күтүп турду.
– Мейли, кыргыз айым эркин болуӊуз. Сизден эӊ акыркы сурарым ушул ки...
– Ырахмат, падышам... Жети атасы хан болуп эмне тапты?! Кимге пайдасы тийди?! Теги башка, атасы башка дейм, атын башка коём. Жүрөр эл ичинде таман акы, маӊдай тери менен күн көрүп...
Насирдин хандын эки көзү чакчайып кетти. Өзү берки үч катынынан туулган балдарын сактап кетсе да куп кеп. Толгонуп туруп аталары кылып кеткен ишти бул да кылып, тоолуктардын арасына бир сийдигин таштагысы келди. Билсе билер тегин, билбесе өзүнө. Каӊырыгы түтөдү.
– Кайыр... Канжыгадан көрүшөрбүз...
Зайып ийилип таазим кылып чыгып кетти. Бул хандын төртүнчү катыны болгон, Сарыбайдын кызы Кундузай эле.
 Ошол тогузунчу октябрь күнү Насирдин хан азгантай кишилери менен ордодон чыкты. Эл жолмо-жол кыйкырып, кесек менен уруп Кокондон айдап салды. Эли жок, аскери жок, кол башындай алтыны жок, Кожон шаарындагы атасы Кудаярга барып кошулду.
Экинчи дарбазадан эл жолуна бойро төшөп, «Жаӊгер! Жаӊгер!» деп кернай, сурнай тартып, шаӊ менен Исхакты тосуп алды.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан