«Мен киммин? Мен бир байкуш көчө кезген,
Ырдасам ырларым жүрөктү эзген...»
Каарманымдын окуясын угуп отуруп ушул саптар эсиме түштү. «Мен селсаякмын» деген 35 жаштагы Азат (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) өз окуясын баяндап отурду.
«СҮЙҮКТҮҮМ ИШЕНИЧИМДИ АКТАБАДЫ»
– Кыздар, абийириӊер менен турмушка чыккыла! Эркектер сүйүп калдым деп жоопкерчиликти өз моюнуна алып, үйлөнүп алышат. Бирок ага кийлигише турган ата-эне, урук-тууган деген болот. Азыр менин турмушум талкаланган. Азыркынын сөзү менен айтканда бомжмун, селсаякмын. Менин мындай акыбалга түшүшүмө бир базардан өткөн кызды сүйүп, ага баш кошконум жана салттан баш тарта албай ата-энемдин кийлигишүүсү менен ажырашуум себеп болду.
Мектепти жакшы аяктадым. Биздин учурда алыскы райондордон борборго келип окуган адамдар чанда гана болчу. Өз күчүм менен Ишеналы Арабаев атындагы университетке тапшырып, филология факультетине өттүм.
Шаардын жашоосу... Урунуп-беринип жүрүп, Бишкектин ызы-чуулуу, тынымсыз кыймыл жүрүп турган жашоосуна көнүп кеттим. Дос, тели-теӊтуш күттүм, сүйүү таптым. Болочоктогу келинчегим Назираны алгач эркек балдардын курчоосунда көргөм. Баскан-турганы көп нерсени көргөндөй, билгендей туюлчу. Акыры максатыма жетип, аны жандап жүрүп өзүмдүк кылып алууга шарт түзүлдү. Окуу жай аркылуу таанышып чөйрөбүз бир болгондуктан айланамдагы адамдардын көбү Назираны таанышчу.
Негедир ал менин баш кошуу тууралуу сунушума дароо макулдугун берди. Шаан-шөкөт менен үйгө алып келдим. Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи, сүйүктүүм нике түнүндө ишеничимди актаган жок. Анын көп эркек менен жүргөнүн билчүмүн, бирок сүйүүм үчүн бардыгына кайыл болуп, өз каалоом менен үйлөнгөм. Шейшебибизди сыйрып алып, сүйүнчүлөйлү деп турган жеӊелерим томсоруп эле кала беришти. Айыл жери болсо, салтты бекем кармаган урук-туугандар апамды баш көтөртүп бастырбай коюшту окшойт. Апам караманча эле көшөрүп, «Айчүрөк алгансыбай кетир бул шуркуяӊды! Мен сага чекесинен чертип мектепти жаӊы бүткөн кызды алып берем. Эл караган бетибизди жер караттыӊ» деп туруп алды.
«ТУУГАНДАРЫМДАН ЧЫГЫП КАЛДЫМ»
– Мындай кысымга темирдей эле туруштук бердим. Ортодо күнөөсүз эки бала жаралды. Балалуу болгондон кийин ата-энем неберелери үчүн келинин жайына коюшабы дегем. Бирок ал оюмду да таш капты. Акыры анын көлдөгөн көз жашына чыдабай, урук-тууган, ата-энеден кол үзүп, аялымды, балдарымды алып Бишкекке баса бердим.
Өзүм күрөш менен машыгып, мелдештерге катышчумун. 70 килограммдан ашык салмактагы категорияда күрөшүп бир топ ийгиликтерге жетишкем. Борбор калаага келип, жумуш таап иштеп калдым. Акча чогулттум. Барак тибиндеги үйдөн 2 бөлмөлүү батирлүү болдум.
Ошентип жашоо кечирип жүрдүк. Эркек болгондон кийин туулган жерди самайт экенсиӊ. Туугандарым менен байланышып, алардын жамандык-жакшылыгына катышып турууга белсендим. Чакырса-чакырбаса деле бара берчүмүн. Мындайда баркыӊ кетип, сага ит келдиби, киши келдиби деп мамиле кылышса, ого бетер жер карап жаман болот экенсиӊ. Айылдан келген күнү унчукпаган аялыма чыр салчумун. Назирага болгон сүйүүм көӊүл калууга, ал эми көӊүл калуу кайдигерликке айланып бара жатты. Эмне кылмакчымын? Арак менен достошо баштадым. Андан жутуп алсам эле көйгөйлөрдү убактылуу унута түшөм.
«БИР КӨЙНӨГҮМДҮ АЛЫП, ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТТИМ»
– Үчүнчү балабыз уул төрөлдү. Кубанычыбыз коюнубузга батпай, тели-теӊтуш чакырып дасторкон жайдык. Коноктор келип бир аз арак ичке киргенден кийин өйдө-ылдый сөздөр сүйлөнө баштады. Баягы менин жүрөктөгү жарамды тырмап, арасынан бирөө Назира менен мага чейинки болгон мамилесин далилдеп бере салбаспы. Ансыз деле акыркы күндөрү келинчегим экөөбүз балдар үчүн эле жашап калганбыз. Чыйралган мамилебиз ушул жерге келгенде «чырт» үзүлдү. Аялымды колундагы жаш балдары менен көчөгө кубалап чыга албайт болчумун.
«Эркек болгондон кийин бир көйнөгүӊдү ийиниӊе асып, үйдөн чыгып кеткениӊ жакшы» деп атам көп айтчу. Ошенттим. Жалгыз досум – арак болду. Шаардын четиндеги арзаныраак батирлердин бирине чыгып иштеп, ичкенин ичип, калганын балдарыма деп жардам берип турдум. Кудайга шүгүр, анда жакшы тапчумун. Бизди атам «уурулук кылба, бирөөнү алдаба» деп тарбиялаган. Мен жалаӊ гана маӊдай тер менен иштеп тапкан акчама тиричилик кылчумун. Бирок турмуш өз толкунуна каалагандай калчап, ар түрдүү ала салдырат тура.
«МЕН АРАКЕЧМИН, ИЧМЕЙИНЧЕ ТУРА АЛБАЙМ»
– Мен иштебеген иш калган жок, жадакалса чөнтөкчү да болдум. Азыр болсо тапкан-тергенимдин баарына ичем, кечинде базарлардын айланасында бир түнгө берилчү арзан батирлерге кирип жатып алам дагы, эртеӊ менен кайра аракка акча издеп жөнөйм. Күн жылыганда көчөдө деле калып калам. Бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткенден кийин кайра чыгыш ушунчалык оор экенин айтып түшүндүрө албайм.
Азыр мен ичмейинче тура албайм. Мени ушул абалга болбогон бир куру намыс, кайсы бир деӊгээлде зыянын тийгизген салт, анан жубайымдын жаш чагындагы жаӊылыштыгы алып келди. Учурда 35 жаштамын. Улуу кызым мектепке барып калды. Ата-энем, бир туугандарым Назирага келип, «Балабызды тентитип жибердиӊ, тагдырын талкалаган сенсиӊ, бир адамды жашоо огунан тайдырып, бактысын байладыӊ» деп опузалап кетишиптир. Муну мен келинчегиме шоро сатып отурган жеринен жолугуп уктум. Ага да боорум ооруйт. Болбогон жерден бир үй-бүлө, бир тагдыр талкаланды.
Бул арманымды ичиме сактап жүрө бербей, жок дегенде бир адамга болсо да сабак болсун деп келип айтып отурам. Бир жолу ишканаӊарга келгем, бирок анда кебетем өтө начар болчу, кире албай кеткем. Бүгүн эртеӊ менен атайын жуунуп, сакалымды алып даярданып келдим.
Каарманымдын баянын бир сааттан ашык угуп отурдум. Экөөбүз отурган бөлмө ичимдик ичкен адамдын демине толуп, баш айланып чыкты. Мындан улам Азаттын канча ден соолугун жинди суу алып жатканын баамдоого болот.
Окурман, өзүӊүз жагдайды таразалап, керектүүсүн өзүӊүзгө алып, керексизин кемчилик катары кайталабаганга жадыӊызга түйүп аласыз деген ойдобуз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg