ИЙ, БЕТИМ...

Жылдызбек Абдраимов, куудул: «ЛИФТТИ ТӨЛӨП КАЛБАЙЛЫ ДЕП КАЧЫП ЖӨНӨДҮК»
– «Жоролор» куудулдар тобу менен «Кеӊеш» тобу 4 жыл мурун Казакстандын Караганда шаарына концерт коюп барып калдык. Концерттен кийин коноктогон кишилер бизди мейманканага жеткирип коюшту. Бөлмөлөрүбүз бешинчи кабатта болчу, жөө чыккандан эринип «Жоролордун» төрт жигити, Мүзүр байке, Гүлмира жеӊе болуп алтообуз теӊ кирип алдык. Мен кнопканы басып жиберсем, лифт өчүп, камалып калдык. Дем жетпей, чекебизден тер чыпылдап ага баштады. Түн ортосу, эч ким жок, элестеткиле 2 сааттай отурдук. Бир убакта Гүлмира жеӊе ыйлай баштады. Анда Эсенбек «үйдө мештин ичинде 10 000 сомум бар эле, аялыма айтып койбой, ал эмдигиче ыргытып ийди го же өрттөп ийди» деп капа болуп жатпайбы. Аны көрүп баарыбыздын боорубуз эзилди. Биз лифтте камалып калганыбызга кайгырып жатсак, Эсенбек акчасын ойлоп кайгырып отурат. Анан Кудай жалгап бир казак лифтти сыртынан талкалап ачып жиберди. Чыккандан кийин бөлмөбүзгө барып эс алгандын ордуна дароо жолго чыктык. Лифтти сындырып салып, төлөмөр болуп калбайлы деп качып жөнөдүк да.

Бегимай Карабаева, ырчы: «ЧОӉ ТУФЛИНИН БАШЫНА БАЙПАК ТЫГЫП КИЙДИМ»
– Бул жакында эле болгон окуя. Гастролдоп Кара-Суу жергесинде жүргөнбүз. Туфлимди мурунку барган жерде унутуп калыптырмын. Сахнага чыкканга башка туфли издеп баштадым. Менин бутумдун өлчөмү 35 эле. Бардык кыздардын бут кийимин кийип чыктым, эч кимдики туура келбей койду. Айла жок 38-өлчөмдөгү туфлинин башына байпак тыгып кийип алып эптеп сахнанын ортосуна жеттим да ордумдан жылбай ырдадым.

Байыш Момунов, ырчы: «ДОСУМ ЧЫӉГЫЗ МЫРЗАЕВДИН ЭСТЕЛИГИНИН ЖАНЫНДА ТУРАМ ДЕП...»
– Бир жолу бир досум Бишкекке келиптир. Мага телефон чалып «мен аянтта турам, мени алып кетчи» дейт. «Кайсы жерде турасыӊ?» десем, «Чыӊгыз Мырзаевдин эстелигинин жанында турам» дейт. Телефонумдун трубкасын койгондон кийин «Чыӊгыз Мырзаевге эстелик коюлду беле, мен укпай калдымбы, каякка коюлду эле?» деп ойлонуп жибердим. Көрсө, Чыӊгыз Айтматовду айтам деп Мырзаев деп салыптыр. Кайра телефон чалып «Чыӊгыз Айтматовдун эстелигин айтып жатасыӊбы?» десем, «ооба» деп каткырат. Анан боорум эзилгиче күлдүм. Жолукканыбызда да көпкө каткырдык.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы: «МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН ӨЧҮМДҮ АЛГАМ»
– Анда бойдок кез. Иштерим ийгиликтүү болуп, урунарга тоо, урушарга жоо таппай келе жаткам. Ал күнү досторум менен бир аз сыра ичип майрамдап койгон элем. Рулдамын да, бир убакта кызыл күйүп жол чыракка токтоп калдык. Карасам жаныма МАИ кызматкерлери да токтоп калышыптыр. Аларга тийишким келип машинанын терезесин ачып учурашып, «байкелер, жол чырактан өткөндөн кийин он мүнөткө токтоп коёсуздарбы?» дедим. Алар мени түшүнүп-түшүнбөй токтоп калышты. Мен да сыр билгизбей машинадан түшүп барып, ар нерсени сүйлөп тура бердим. Өӊдөрүнөн бул ким деп түшүнбөй тургандарын көрүп, ого бетер мени буга чейин кандай эзишсе дал ошондой көп сүйлөп туруп алдым. Он мүнөттөн кийин бирөөсү «байке, кете берсек болобу?» дейт, мен дагы «Ак жол, жигиттер!» деп МАИчилерден өчүмдү алып алгам.

Дайыр Исмадияров, ырчы: «МАШИНАМДЫ УНУТУП ҮЙГӨ КЕЛЕ БЕРИПТИРМИН»
– Студент кезде күнүгө сабакка коомдук унаа менен барат элем. Бир күнү көптөн берки кыялыма жетип, машина сатып алдым. Кыйын киши болуп университетке айдап барып, окуу жайдын алдына токтотуп сабакка кирип кеттим. Сабакта отуруп машинамды унутуп, кечинде адатымча маршруттук такси менен үйгө кетип калыптырмын. Үйгө келсем үйдөгүлөр «кана машинаӊ?» дешет. Машинамды ошондо эстедим, анан түн ичинде университетке барып машинамды айдап келгем.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Angel92
2015-06-15 14:06:52
Акбар эми окуп алышып кайра сизге эзилбесин))
+4
HAPPY.GIRL
2015-06-15 14:22:34
Блин Чынгыз Мырзаев деп кой,ВООБЩЕ ХА-ХА. мешти ичине акча катканы дагы кызык экен))))))))
+5
Ayka1994
2015-06-15 16:08:51
Ха-ха -хааа го Айрыкча Дайырдын айтканы менен Бегимайдын айткандары )))
+2
Nuranna_93_kg
2015-06-15 16:29:10
Дайыр мн Акбар байкелер маанайды которду го...)))
0
semakg
2015-06-15 17:40:40
Акбар Таластан болбойбу случайно? Кантип эле эзилип туруп калсын ХХХ ырчы болсон эмне кайра ХХХ чыгармак. Анан айтаарым ичип алып рульга олтурбаш керек. Олтурсан аны жарыя кылба мактанып.
+1
admin_superstan
2015-06-15 18:36:41
semakg, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
0
dina
2015-06-19 13:39:31
semakg,Нарындан эле болот)))
0
zamko
2015-06-16 13:40:01
Жалганды да эби менен суйлойт да машинасын унутуп, окшошпой калды
0
HAPPY.GIRL
2015-06-16 15:57:49
Друзья а вы поверили что Дайыр машинесин унутуп калганына? Не может быть,элестеткиле биринчи куну айдап барса анан кантип унутуп калмак эле... Жаны машинелуу болгондо уйго киргин келбей машинеде 3-4 кун жашап каласын го.... Смешно.. очень смешно )))
+3
Azura
2015-06-16 17:28:11
HAPPY.GIRL,бывает.менде да болгон андай
-1
HAPPY.GIRL
2015-06-16 17:34:37
Azura,Да ладно,мен машинелуу болгондо жанынан чыкпай эле калгам.
+1
suiuktuujar
2015-06-16 16:31:46
Ха ха ошондой болдунар беле.
+1
B.GULNARA
2015-06-17 08:25:21
Akbarga kulkum kelbei ele jinim keldi
+1
aydarken
2015-06-17 15:19:18
Чынгыз Мырзаевдин эстелигин элестетип алып эзилгенче кулдумго костюм шым кийип колуна микрафону мн,Администраторумдан бекинип алып кулдум жумушта болчумун угупалбасале болду
+1
sobr_89kG
2015-06-18 20:00:19
Акбар ашаа чаап калпты айтыптыр гаи не жиндиби озундагы жытты билбегидей сыра ичип алса калптыда чеги менен айтыш керек озуну ер ойлосон бироону шер ойло деген бар гаилер жытты ичкен адамды 10 метрден ыргыта тааныйт
+1
oimo_kg
2015-06-18 23:48:22
Realduu bolsonor kudai saktasin birok jok degende 1 jolu ichip alip aidabagan erkek jok boluw kerek. Akbardi korup buga tenelbeili degen go tigi GAIchiler
0
dina
2015-06-19 13:41:59
Чынгыз Мырзаевдин эстелигине боорум эзилип калды, жоролор да ха-ха болуптур.
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-06-19 23:31:51
Ар кандай окуялар боло берет. Биздин бир агайыбыз эртен менен машинасын универдин алдына токтотуп, 2, 3 сааттан кийин колоко болсун деп универдин арт жагына алып барып коюп унутуп калыптыр. Чыгып эле машинасын ордунан таппай копко издеген экен
0
Sagidko88
2015-06-20 19:30:20
Силерге айтса да жакпайт. Эч ким калп чынын териштир деген жок. Кулкулуу окуясын айтты. Фантастика эмес реально эле го баары. Кулуп алгыла андан коро)
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан