«АСКЕРГЕ КЕТКЕН УУЛУМДУН КӨК АЛА БОЛГОН СӨӨГҮ КЕЛДИ»

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө аскерге кетип, каза таап келген балдардын ата-энелери коёндой окшош баяндар менен кайрылышат. «Уулум аскерге өз ыктыяры менен кеткен. Аскер кызматы тууралуу түз ойдо экенин жана ал жакта шарттар жакшы экенин айткан. Бир күнү эле аскер комиссариатынан уулумдун асынып калганын айтышты. Бирок соттук-медициналык эксперттер баламдын денесиндеги көк алаларды аныктап беришти...» Мындан ары ата-энелердин акыйкаттык издеп, бирок иштин жабылып калгандыгын, же бир да адам окуяга күнөөлүү болуп табылбаганын айтышат.

«ЭКИ БАШКА ВЕРСИЯНЫ АЙТЫШТЫ»
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов да аскерге кеткен боюнча тирүү кайтпай калды. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына аскердик кызматын өтөөгө бөлүнүп, Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү абагын күзөтүп жаткан. Окуяны маркум аскердин апасы Назира Касмалиева төмөнкүдөй айтып берди:
– Уулум Нурсултан ушул жылдын 8-апрелинде аскерге чакырылып, 6-майда аскердик антын берген. Бишкекке барып, ант берүү аземине катышып келгенбиз. Аскердик антын бергенден туура 1 ай өткөндөн кийин 5-июнда жергиликтүү аскер комиссариатынын кызматкерлери келишип, «эже, сабыр кылыӊыз, уулуӊуз күзөткө биринчи жолу чыккандыктан окко учуп каза тапты» деп угузушту. Алардын айткан сөзү азыркыга чейин кулагыма жаӊырып турат. Эне уулунун өлүмү тууралуу угуп жатканда кандай болорун айтып жеткире албайм. Ал сөздөр менин жүрөгүмө бычак менен тилип жазылгандай сакталып калды. Өлүмүн угузгандан бир аз өткөн соӊ «балаӊарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзөлү, уруксат бергиле» деп Бишкектен телефон чалышты. «Кызмат учурунда окко учса, баламдын сөөгүн бүтүн бойдон жөнөткүлө. Жерге тынч жашыралы, кыйнабайлы, мен макул эмесмин» дедим. Ошондо «балаӊыз күзөт нөөмөтүндө турганда абактын күзөт мунарасына өз куруна асынып калган. Мындай жагдайда союшубуз керек» дешти. Элестеткиле, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, баламды жоготконумду араӊ көтөрүп турсам, анын асынып калганын айтып жатышса. Аскер кызматкерлери жадакалса баланын эмне болуп өлгөнүн да тагыраак түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик? Адам эмес, малды деле чабан жоопкерчилик менен карап, өлсө өлүгүн өзү жеткирип, себебин айтып берет экен. Менин балам малча жокпу?

«ЭМНЕ ҮЧҮН АСКЕРЛЕРГЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСАШПАЙТ?»
– Уулумдун сөөгүн үйгө алып келишти. Аны алып келгендер таптакыр башка бөлүктүн кызматкерлери экен. Менин баламды өмүрү көрүшпөптүр. Тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси же офицерлеринен келеби, көксөөбүздү суута турган жүйөлүү жооп береби деп күткөнбүз. Бирок алардан бирөө да басып келип жооткото турган сөз айтышкан жок. Аскер бөлүгүнүн башчысы менен сүйлөшсөм, окуядан өзүн өзү өлтүргөн деген болжолдуу тыянак чыгарышыптыр. Биз бул ойго каршыбыз. Анткени баламдын сөөгүн алып келгенде эки бөйрөгүнүн тушу көпкөк, ал тургай тамандарынан бери канталап, көгөргөн издер бар болчу. Башында шишиктер, денесине мык сыяктуу ичке учтуу нерсе менен сайгылашыптыр. Нурсултанды өлтүрө сабашкандай. Эксперттердин чечимине каршы экенибизди билдирип, көз карандысыз эксперттерге кайрадан сөөктү сойдурууга сунуш киргиздик. Анализдерди алдык, жыйынтыгын бир аз убакыт өткөн соӊ билдиребиз дешти. Канчалык соттошуп, териштирген күндө да баламды кайтара албайбыз деӊизчи. Бирок аны өлүмгө алып келгендер жазасын алышы керек.
Уулум аскерге кетип жатканда «апа, мен келгенде баарыӊар мени сыймыктануу менен тосуп аласыӊар» деген эле. Ал өз жанын кандай тоскоолдуктар болсо да кыйбайт болчу. Балам аскерден өлгөн балдардын акыркысы болсо кана? Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мөлтүрөгөн жапжаш балдардын күнөөсүз жандары кыйылып жатат. Мен баламды 9 ай курсакта көтөрүп, 18 жыл бою аскерге барганда өлүп калсын деп чоӊойтуптурмунбу? Аскер кызматын өтөгөн жигиттер өлкөнүн күчү, коргоочулары, чеби. Аларга токмок жеп же бирөөлөрдү аёосуз сабап мыкаачы болууга, башын койнуна катып, жалтак болуп же өз жанын кыюуга, адам өлтүрүүгө тарбиялашабы? Эмне үчүн аскер жетекчилиги жоокерлерге жоопкерчилик менен карашпайт? Президент жакында «Аскер кызматкерлерине жакшы көӊүл бургула. Күч түзүмдөрүн бекемдегиле, аларга үй салгыла, кийим-кечесин ырастагыла. Өлкөгө коркунуч туулса төшүн тосуп ошолор чыгат» деди. Аларга эмнеге шарт түзүп, үй салып, айлык берип жатышат? Биздин балдарыбызды аскерге алып, чекесинен өлтүрүп жаткандары үчүнбү?

«ИЛИКТӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Катардагы аскер Н.Б.Карагулов №3-түзөтүү абагында кызмат өтөп жаткан жеринен каза тапкан. Окуя тууралуу иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү адамдар көрсөтмө берип жатышат. Ишти аскер прокуратурасы териштирүүдө. «Жоокер кызмат учурунда асынып алган» деген версия бар. Мунун чын-төгүнү иликтөөнүн жыйынтыгында билинет. Биздин кызмат деле тажрыйбасыз 18 жаштагы жаӊы келген аскерди абактарды кайтарууга бөлүнгөнүн көзөмөлдөшү керек болчу. Мунун себептери дагы жакын арада билинип калат.

«БИР ЭМЕС, ЭКИ ИРЕТ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»
Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунун тергөөчүсү Нурдин Уметалиев иликтөөнүн жүрүшү боюнча буларды айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү биздин кызматка Новопокровкадагы №3-түзөтүү абагындагы окуя тууралуу кабар келип түшкөн. Биз барганда катардагы аскер Нурсултан Карагуловдун сөөгү асылган жеринде эмес, чечилип жерде жаткан абалда болчу. Сөөккө кароо жүргүзүлгөн. Карагуловдун сөөгүнө туугандарынын катышуусунда соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, тиешелүү актылар түзүлүп, иликтөө иштери дароо башталган. Кароолор жүргүзүлгөндөн кийин сөөктү туугандарына өткөрүп бердик. 7-июнда биздин кызматка маркумдун туугандары тарабынан телефон чалуу болуп, экинчи ирет экспертиза дайындообузду суранышты. Биринчи экспертизаны жүргүзгөн адисти алып, Ысык-Көл облустук жана Түп райондук соттук-медицина эксперттерине кошулуп Жети-Өгүзгө бардык. Туугандары ич ара экспертизага катышуучу адамдарын дайындашып маркумду экинчи ирет союшту. Эксперттер туугандары айтып жаткан денедеги көк ала тактар, мык сайылган деген болжолдоолорду аныктап, суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымында, сөөк жерге берилбей, 3 күндөн ашык кармалып калган. Андыктан сөөк бузулуп, маркумдун денесинде тактар, кан уюган бөлүктөр карарып билине баштаган. Ал эми мык сайылган деген жерлерди 1-экспертизаны жүргүзгөн эксперт биологиялык, химиялык экспертиза дайындоо үчүн гистологияга жөнөтүүгө денесинин бардык бөлүгүнөн учтуу нерсе менен оюп бөлүкчөлөрдү алгандыктары менен түшүндүрдү. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары болжол менен 1 айдын ичинде чыгат. Ошол күнү окуя болгон жердеги күзөт нөөмөтүндө турган башка бардык аскерлер жана ЖАМКнын кызматкерлери көрсөтмө берип жатышат. Эгер катардагы жоокердин өлүмүнө күнөөлүүлөр аныкталса, кылмыш иши козголуп, тиешелүү жазаларын алышат.

Өлкөбүздө 2010-жылдан бери аскер кызматын өтөп жаткандардын арасында 64 аскердин өлүмү катталган. 2014-жылы болсо 12 аскер каза болгон. Анын 10у кызмат өтөп жаткан учурда, ал эми экөө кызматтан сырткары учурда каза тапкан. Өзүн өзү өлтүрүү 7, кырсыктап каза болгондор 2, курал колдонуудагы этиятсыздыктан 2 жана ооруп каза болгондордун саны 1.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Santta
2015-06-16 18:33:50
Эмне учун Аскерге жаны келген жигиттер коп каза болуп жатат?Себеби жааш, коркоот дейт эч нерсени билбейт, колунан эч нерсе келбейт, дейт дагы ар кандай кылык корсотуп даже олумго жеткирип жатат,кантип эле кызмат кыламын ата-энемдин ишеничин актаймын деп барган жигит озун озу аса берсин чекеден эле? Акыркы учурда элдин ичинде 2 бойрогу иштебеген.р жана башка ички органдары иштебегендерге,канча оорулууларга к/к болуп жатат акыры,ошондойлор пайдаланышыда мумкун оз кызыкчылыгы учун чон сумма берип!
0
alimyrza93
2015-06-16 18:40:56
буну дедтер эле сабашкан, бизде ушундай жактары жакпайт елки, бир жеринерди кысып кызмат отосонор бир жеринер бир нерсе болуп кетеби, ушул нерсеге жеткирбей эле акырынтарбия берсе болот го ...
0
samira8589
2015-06-16 19:03:15
Биздин айылда деле бир бала каттуу токмок жеп армиядан келип олум тошогундо жатат 2айдан бери,ички органдарын эзип салышыптыр. Акыркы убакта ушундайлар коп болууда. Чара колдонбой жаап жашырып коюшууда,демек билинбей калат экен деп дагы боло бериши мумкун.
0
HAPPY.GIRL
2015-06-16 19:05:01
Ошол жерде иштеген органдар баш болуп озу олгон деген версия колдогону туура эмесс,карга карганын козун чукубайт деген ушу да !!!Былжырагандар,ушул органда иштеген адамдардын баласы олсо анан тушунушмок!!!
0
Bayjigit83
2015-06-16 21:19:51
Билесинерби?
5 жыл ичинде бир да озбек улутундагы жаран армияга кызмат отоого барбаптыр.
Бул факт!
Эмне алардын баары эле кызмат кылууга жарамдуу эмесби?!
0
Bayjigit83
2015-06-16 21:28:31
Атамбаев айткандай,биз курама элбиз.
Коп улутту,анда эмне алар кызмат отобойт Мекенге?!
Же биз Кыргыздар аларды да коргоого милдеттубузбу!
0
jaskaaa
2015-06-17 02:51:39
Жигиттер спорт залга барып даярданып анан баргылачы барсанарда!
0
talasbek.211392
2015-06-17 08:58:49
ушинтип аскерге барган балдар олуп жатса кантип аскерге баргысы келсин балдардын. мандайды козомолдобосо жана сабап отургондорго катуу чара корсотпосо,анда мындай дагы коп болот тургандай.
0
kursantvs
2015-06-17 09:15:45
Армиясы кандай болсо мамлекети да ошондой
+1
Stervochka
2015-06-18 10:28:32
jaskaa спортсмен жигиттер деле армияга барып олуп келген фактылар бар, алар мурда баргандарга муш кайтара турган болушса, аларды байлап алып туруп анан 6-7 мурункулар болуп тепкилешет экен. Ошондуктан мен деле баламды армияга жонотуштон коркуп журом.Барса жакшы болмок бирок мындай урой учурган окуяларды окуп,коруп кайсы ата-эне баласын олумго жонотот. Эмнеге кыргыз армиясында тартпип жок? Офицерлер баарын жашырышат, тартип сонун дешет, чынында оздору да жаштарга кол которушот экен.
0
aiur
2015-06-20 19:01:33
Чондордун,акчасы барлардын балдары аскерге барбайт,карапайым калкка эле кыйын болдуго...
0
AykaMer
2015-06-21 16:20:25
Мен армияга баргандарды сыйлап,урматтачумун. Мекенди коргойт,эл учун курошот деп,ошол учун инимди армияга барышын каалачумун. Уй булодо жалгыз уул болгондуктан апам каршы болгон. Мен бара берсин кызмат отоп келет,чыныгы жигит болот деп айта берчумун,апам болбой каршы болуп туруп алган. Ошондо апама катуу таарынгам. Акыркы кундору ушундай аянычтуу окуяларды окуп,коруп апамдын жасаганы туура экенин тушундум. Азыр озумдо уулум бар. Аны армияга жоноткум келбейт.
0
nurkajan
2015-06-21 22:32:15
кыргыздарга башкалар кол салбай эле озубузду озубуз жок кыла турган болдук го!чет жактагылар кутуп турушат да кыргыздар акыры жок болот не кылабыз аларга согуш ачып дешип
0
kaniet
2015-06-22 07:00:12
Өзбектер аскерге барбайт, барса аларды соо коюшпайт, кыргыз кыргызга дедовшина кылып өлтүрүп атса, анан да абакта күзөт кылган жигит экен, укканбыз, абактагылар күзөтчү жаш аскерлерди суидцидге чейин жеткиришет деп, бүл жигит да ошондойго туш болгон же киши колдуу болгон.Армияда эркекче тарбиялоонун эки түрү бар:1-устав менен.2-дедовшина. Экөөнүн кыйындыгы бир биринен ашып түшөт.башкача айтканда"кайда барба, мамайдын гөрү" дегендей эле сөз.армия абактын мыйзамы менен жашагандай болуп калды азыр.
+1
chomly88
2015-07-08 17:15:37
Мен уулумду олсом да аскерге жонотпойм, азыр эч кимге ишениш кыйын, ар ким озунун кочугун жабат. Эгер уулумду куч колдонуп алып кетишсе,ошолордун бетин тытып, чачын жуламын.
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан