КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

 Жылдыз айыл аксакалдарын чогултуп, Искендин аялынын алдына барышты. Аксакалдар бир ооздон жесирге:
– «Алдыӊа келсе атаӊдын кунун кеч» деген. Садыр ачуусу менен ушул ишти жасап албадыбы. Кечир, кагылайын.
– Элдешкиле!
– Бир эл, бир жерденбиз,- деп жесирге жалынышты. Жылдыз аялдын «мен доогер эмесмин» деп айтышын күтүп отурду. Бир маалда Искендин аялы оор үшкүрүк чалып, көпчүлүккө жооп узатты.
– Өлгөндүн артынан өлбөйт экенсиӊ. Жолдошумду канча жоктогонум менен, кайрып алган жокмун.
Жылдыз ашыгып:
– Кайрат кыл,- деди.
– Айла канча, чыдап жатам. Алдыма кайра-кайра келип жатасыздар. Өлгөн Искен эми кайрылбайт. Садыр аке деле атайын өлтүргөн жок. Мен анын темир тор артында азап тартышын каалабайм,- деп айтканда Жылдыз кубанганынан ыйлап жиберди. Аксакалдар да бир ооздон ыраазычылык айтышып, бата беришти.
Элдешкенден кийин Садыр абактан чыгып келди. Аман-эсен чыкканы үчүн деп түлөө беришкен соӊ Акылды үйлөндүрүүнү чечишти. Көптөн бери азап тартып жүргөн жубайына Садыр оюндагысын айтты:
– Жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Киши өлтүрүп, түрмөгө түшүүнү ким ойлоптур?
– Аман-эсен чыгып келгениӊе шүгүр кылсаӊчы.
– Амандыгым курусун, бетиме кара так сүртүлүп отурат.
– Сен эмне, атайын киши өлтүрүпсүӊбү? Кокустук болуп кетпедиби,- деп жолдошунун көӊүлүн көтөрүүгө далалаттанды.
– Акыл бүгүн дагы үйдө жокпу?- деди Садыр.
– Көчөгө чыгып кетсе керек.
– Эх, бул бала качан токтолот? Бизди күйгүзүп бүтмөй болду го,- деп оор үшкүрүндү. Жылдыз жолдошунун эмне жөнүндө ойлоп жатканын  билди.
– Акылды үйлөнтөлү,- деди Садыр бир маалда.
– Берметке көӊүлдөнүп жүрөт. Үйлөндүрүп койсок үйгө байыр алып, акыл токтотуп калар. Анда ата-энесинин алдынан өтүп куда түшүп баралы,- деди жолдошунун оюн бекемдеп.
– Өӊдү көрсө жүз таят болуп кулдук уруп барсак, ата-энеси бизге жок деп айтышпаса керек.
Садыр ишеничтүү сүйлөдү.
– Анда даярдыкты баштайлы.
Бермет менен Адыл Бишкекке окууга тапшырмай болушту. Акыл болсо окуу тууралуу ойлонгон да жок. Мурдагыдай эле жүрөт. Оюнун баары Берметти алуу. Аны жубай кылып алса дүйнөсү түгөл болчудай кудуӊдап жүрөт. Тек гана өз кызыкчылыгын ойлой берди. Аны досу Адыл менен Берметтин ууз махабаты кызыктырган жок. Берметке барганы менен пайда чыкмак беле? Күчүн арак менен тамекиден чыгарууну адат кылып алды. Садыр баласынын мындай жүрүм-турумуна жаны кейип, бир күнү аны менен
ачык сүйлөшүүнү чечти:
– Балам, эмне үчүн мындай кылып жүрөсүӊ? Мен сенин айыӊдан абакка отуруп чыктым.
– Ошондо бардыгы менин айымдан экен да?! Апам экөөӊөрдүн чекеӊерге чыккан чыйкан болдум го?!
– Эй, бала! Сен ата сөзүн укпасаӊ, сыйлабасаӊ, кандай жашоо болот?
– Жашооӊорду мен талкалап жатсам, бүгүнтөн баштап босогону аттабайм!- деп корсулдап, эшикти катуу жаап чыгып кетти. Садыр башын чайкап, «бул оӊолбос болду го»
деп үшкүрүнүп артынан чыкты. Дарактын түбүндө отурган Акылга басып келип:
– Оюӊдагыны айтчы, угайын,- деди. Башын жерге салып, жер чукуп отурган баласы:
– Мен үйлөнүшүм керек,- деген жооп узатты.
– Үйлөн. Берметке куда түшүп баратабыз.
– Чын элеби? Ал шаарга окууга кетем деп жатпайбы. Тийбейм десе кантесиӊер?
– Сен жакшы жүрсөӊ эле баары жайында болот.
Ата баласын сооротумуш болду.
Эртеси Садыр менен Жылдыз ээрчишип кудага жөнөштү. Жолдо катар түрдүү ойлордун жетегинде баратышты.
– Бермет жашоого дилгир, өӊдүү-түстүү, акылдуу кыз.
– Ооба, ата-энелери да жакшы кишилер.
Биринин сөзүн экинчиси улап, кудум жаш кезинде Бишкектеги бульварларды аралагандай кетип баратышты.
 Эшиктин алдын шыпырып жаткан Бермет экөөнү көрүп:
– Келиӊиздер. Садыр аба, ден соолугуӊуз жакшыбы?- деп жылуу учурашты. Жылдыз анын чекесинен өөп:
– Окууну аяктап, шаарга кеткени турасыӊбы?
– Кызым, атаӊ кайда?- деди Садыр.
– Үйдө, кириӊиздер.
Үйгө баш багары менен бөлмөдөн шаӊдуу үнү менен Берметтин апасы тосуп чыкты. Амандашып алган соӊ чай үстүндө жай сүйлөшүүгө өтүштү.
– Садыр аке, келчү эмес элеӊиз,- деди Жаныбек кызына жуучу түшүп келгенинен күмөн санабай.
– Жаныбек, биз силер менен куда болгону келдик. Жалгыз уулубузга Берметти келин кылып алалы.
– Кызыбыз окуйт,- деп апасы сөзгө аралашты.
– Окуса каршы эмеспиз. Эрке балабыз «Берметти алып бербейсиӊер» деп таарынып жатат.
– Жок дебегиле. Үмүт менен келип отурабыз. Бермет бизге келин болсо, Акылыбыз токтолор...

(Уландысы кийинки санда)

Жакында... Мени бакыт аралынан издебе...
Элдин баары майрамдап жаткан Сүйүү күнү Адель үчүн каргашалуу болду. Ал күнү жөн гана курбу кызынын чакыруусу менен келген Адель мындай жаӊжал чыгып кетерин билген эмес. Ал жерде чырактай жаш жигит киши колдуу болду. «Качкыла, качкыла!» деген жапан үндү угуп, бирок калтыраган денесин токтото албай, шок абалда тура берди. Дендароо болуп турган кыздын колуна кан бычакты кармата койгон бирөө түн коюнуна сиӊип жок болду.
Ошентип Адель жок жерден 18 жашында түрмөнүн суук босогосун аттады. Күчтүү адвокат аны түрмөдөн алып чыгарын, өзүнөн улуу адамга баш байлаарын, эч кимдин оюна келбеген байлыктын ээси болорун, андан кийин баш айланткан сүйүүгө жолугарын, тагдырына дагы далай кызыктар жазылганын билген эмес.
Чыккынчылык, чыныгы сүйүү, жашоонун катаал мыйзамдары камтылган чыгарма жакында сизге сунушталат. Андыктан сан сайын кууп окуганга даяр болуӊуз, окурман!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
karasuu
2015-06-15 09:24:03
баардык ата эне балдарыбызга татыктуу тарбия бере алсак экен!!!
+1
nuris208
2015-06-15 10:51:35
Кобуроок жазгылачы бир жума кутуп 3 мунотто окуп жатабыз
+1
Eureka
2015-06-15 11:38:26
Оо Аллах балдарыбызга ыйман, акыл эс бер
+1
demo009
2015-06-15 14:05:18
кутуп журуп саргайдым деген,ушул экен да.
0
mirana9395
2015-06-15 14:55:49
Супер инфо сураныч кобурооктон жазгылачы сураныыыыч.
0
aydarken
2015-06-15 18:53:59
Ошода кобурооктон жазса жакшы болмок.
0
mers8
2015-06-16 02:48:37
Биагы эсмиралдо болдуго чиркин куто бермей зарплатаныда мынчалык кутпойм кун санап хе хе
+1
Adik01219
2015-06-16 02:56:06
Тааак жакшы анда кутобуз
0
admin_media
2015-06-18 12:09:53
Gulnaz.GS,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан