КУРАМЫ КҮЧТҮҮ «КЫРГЫЗСТАН»


9-июнда Бишкек шаарында «Кыргызстан» саясий партиясынын III курултайы өтүп, анда уюмдун саясий кеӊеши шайланып, жаӊы уставы кабыл алынды. Курултайга жер-жерлерден келген 300 делегат катышты. Партиянын төрагасы болуп бир добуштан Канатбек Исаев, теӊ төрагалары болуп Каныбек Иманалиев жана Арзыбек Буркановдор шайланышты. Ошондой эле делегаттар көпчүлүк добуш менен партиянын 23 адамдан турган саясий кеӊешин дайындашты. Алардын арасында Алмаз Баатырбеков, Нурбек Алимбеков, Канатбек Муратбеков, Бекмамат уулу Темир, Таалай Сагынов, Арзыбек Кожошев, Рустам Маманов, Элмира Жумалиева, Жыргал Калмаматов, Талант Узакбаев жана башкалар бар.
Курултайда мамлекетти өнүктүрүү боюнча партиянын стратегиялык планына негиз болуп бере турган «7 кадам» манифести талкууланды.
«Бул документте келечекте мамлекетти өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору жана аларды турмушка ашыруунун механизмдери жазылмакчы»,- деди Канатбек Исаев.
«Манифестте биринчи кезекте бизге ыймандуу бийлик керектиги айтылды. Бийликке ыймандуу башкаруучулардын келгени эле ийгиликтин жарымы. Анткени ыймандын ичинде коррупцияга каршы күрөш дагы, эл-жер алдындагы бийик жана ыйык жоопкерчилик дагы бар», - деди партиянын төрагасы Канатбек Исаев.
Манифестте айтылган максаттар менен иштерди турмушка ашыруу үчүн «Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү бардык саясий күчтөр, мамлекеттик органдар жана коомдук
уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Курултайга конок катары «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жана башкалар чакырылды.
Курултайдан кийин «Кыргызстан» партиясынын саясий кеӊешинин мүчөлөрү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, репрессиянын курмандыктарына жана Апрель баатырларынын арбагына багыштап Куран окуп, гүл коюшту.

Мээрим Ниязбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altynbekk5
2015-06-15 11:10:36
Шайлоодо депутаттар ыбыр дыбыр.
Жүрөгү эмнегедир чымыр чымыр.
Ай сайын шайлоо болуп калганда не ай.
Алмакпыз бир мешок ун сахар сыр.

Аттин аттин Аттин аттин.
Акчага алданып калабызбы.
Биз эмне алдангандай балабызбы.

Аттин аттин Аттин аттин
Сал десе эле салабызбы.
Алданып ачка отуруп калабызбы.

Шайлоодо кур сөзүн угам жыргап.
Колдойбуз сөзүн сүйлөп ырын ырдап.
Кайра аны каалаганда тушурсоң не ай.
Кечирип кой ак үйдөн кадам жылбайт.

Алтынбек Эгембердиев.
+1
Asel-91
2015-06-15 14:13:20
Altynbekk5,Бали!!!))))) Талантыңыз күчтүү экен, китепке даяр болуп калса керек... Фейстен да көп окуйм ырларыңызды))
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан