ЫСЫКТА ТҮРЛӨП ЧАЙ ИЧИӉИЗ

Аптап куйкалап суусап турганда чай көп ичилет эмеспи. Ага ар түрдүү өсүмдүктөрдү кошуп демдеп ичсеӊиз, суусунуӊуз эле канбастан, ден соолугуӊузга да абдан пайдалуу. Үй шартында түрлөп чай даярдоону оӊой эле үйрөнүүгө болот.

ЧЫЧЫРКАНАК ЧАЙЫ
Чычырканак чайы стресстен арылтып, ашказан ооруларына жакшы жардам берет. Аптада 4-5 жолу ичсеӊиз болот.
1) Чычырканактын мөмөсүн тазалап, крандан агып жаткан сууга жакшылап жууп алуу керек.
2) 100 грамм чычырканакты кол менен мыжыгып аласыз. Эгерде тоӊдурулган мөмөнү колдонгону жатсаӊыз, аны кайнак суу менен жууп, жибитип алышыӊыз керек.
3) Эзилген мөмөнү чайнекке салып, бир аз кара чай кошуӊуз.
4) Үстүнө кайнап жаткан сууну куюп, 10 мүнөт демдейсиз. Андан кийин жакшылап аралаштырасыз да, чайды чыпка аркылуу өткөрүп, анан куюп иче берсеӊиз болот. Бул чайга бал, же андан аллергияӊыз бар болсо, даамына жараша кумшекер кошуп коюӊуз.

ӨРҮК ЧАЙЫ
Аптапта суусунду кандырат жана жашартуучу касиетке ээ. Муздаткычка коюп, каалаган учурда иче берсеӊиз болот.
1) Кара чайды демдеп коёбуз жана анын муздашын күтөбүз.
2) 10 даана өрүктүн сыртын аарчып, данегин чыгарып алып блендерге бирдей масса болгуча эзебиз.
3) Кумурага атайын чыпкалагычтан өткөрүлгөн өрүктү салып, үстүнө кумшекер кошобуз. Лимонду алып, ширесин сыгып кошобуз. Үстүнө демделген чайды куюп, аралаштырып муздаткычка коёбуз. Ичер алдында бүлдүркөндү жакшылап жууп, үстүнө салып койсоӊуз көрк да, даам да берет. Аптаптан сизди куткаруучу чай даяр.

ИТ МУРУН ЧАЙЫ
Ит мурун иммунитетти күчтүү кылат. Ошондой эле жыпар жыты менен да белгилүү. Ит мурун чайын жумасына 2 жолу гана ичүү керек, анткени көп ичсе организмдеги кальцийди жууп кетет.
1) 100 грамм ит мурундун мөмөсүн жууп, майдалап, кара же көк чайды кошуп, үстүнө кайнак суу куюп 15 мүнөт коё турасыз.
2) Демделгенден кийин чыпкалагычтан өткөрүп иче берсеӊиз болот.
3) Чайды термоско даярдайм десеӊиз, ит мурун мөмөсүн бүтүн боюнча жууп, термоско салып үстүнө кайнак суу куюп коёсуз.
4) Эки сааттан кийин үстүнө лимон сыгып, бал салып иче берсеӊиз болот.

ЖАЛБЫЗ ЧАЙЫ
Жалбыз чайын тамак ооруп жатканда, сасык тумоодо, мончодон чыкканда ичсеӊиз жакшы жардам берет.
1) Кайнак суу менен чайнекти чайкап аласыз. 3-4 чоӊураак жалбыздын жалбырагын жакшылап жууп, чайнекке салгандан кийин үстүнө көк чайды саласыз.
2) Анын үстүнө кайнак суу куюп, 6-7 мүнөт демдейсиз. Жалбыз чайын бал кошуп ичсеӊиз абдан жакшы натыйжа берет.

ЧАЛКАН ЧАЙЫ
Чалкан организмди шлактардан арылтат, ошондой эле энергия берүүчү касиетке ээ.
1) 4-5 сабак чалкан жалбырагын жууп, үстүнө кайнак суу куюп даярдап аласыз.
2) Чалкан жалбырагын чайнекке салып, үстүнө муздак суу куюп жай отко коёсуз.
3) Кайнап баштаганда өчүрүп, чайды салып 30 мүнөт демдейсиз.
4) Чыпкадан өткөрүп, чайга кумшекер же бал салып иче берсеӊиз болот. Кургатылган даяр чалкан колдоном десеӊиз, дарыканадан сатып алсаӊыз болот.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2015-06-17 10:45:50
Ajar., саламатсызбы!
Эки сөз тең бирдей колдонулат.
0
Ajar.
2015-06-17 18:35:32
Мм... Ээ, аа... Эми... силер билесиңер да...
0
Ayka1994
2015-06-18 13:53:44
Охххоо сонунго айрыкча лимон чай ичсениз чарчоону калтырып сизге куч берет баш ооруну басандатат
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан