БАРСЕЛОНА - ЧЕМПИОН!


...Башкы калыс оюндун негизги убактысына 5 мүнөт кошту. «Ювентус» футболчулары шашкалактап жатышты, алардын максаты – эсепти теӊөө эле. Бул арада топту илип кеткен «Барселонанын» оюнчулары акыркы чабуулга өтүштү. Педродон келген пас жана Неймардын соккусу. Гооо-ооол!.. Ышкырык. Оюн бүттү...

Чемпиондор Лигасы. Финал.
6-июнь. Берлин шаары. «Олимпиаштадион» стадиону. 70 440 көрүүчү.
Ювентус – Барселона 1:3
Голдор: Ракитич 4-мүнөттө, Мората 55, Суарес 68, Неймар 90.

КЫЗЫКТУУ:

  • «Барселона» тарыхында 2-ирет требл (бир сезондо өлкө чемпиондугун, кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеӊүү) жасады.
  • «Барселона» плей-оффто жалаӊ чемпиондорду тизе бүктүрдү: 1/8 финалда Англия чемпиону «Манчестер Сити», 1/4 финалда Пари-сен-Жермен (Франция),1/2 финалда «Бавария» (Германия), финалда «Ювентус» (Италия).
  • «Барселона» футболчусу Хави Чемпиондор Лигасынын тарыхында эӊ көп оюн (151) өткөргөн.
  • Андрес Иньеста финалдык оюндун мыкты футболчусу деп табылды.
  • Чемпиондор Лигасынын мыкты бомбардирлери болуп Неймар, Лео Месси жана Криштиану Роналду аталышты. Үчөө теӊ 10дон гол киргизишти.

МЫКТЫ ЧАБУУЛЧУЛАР VS МЫКТЫ КОРГООЧУЛАР
Клубдар арасындагы эӊ абройлуу мелдеш болуп саналган Чемпиондор Лигасынын финалы 6-июнда Берлин шаарында орун алып, ал «Ювентус» жана «Барселонанын» кыл чайнашкан беттеши менен коштолду. Испан чемпиондорунун финалга дейре чыгышы эч кимди таӊ калтырбаса да, алардын атаандашынын бул этапка чейин жетиши күтүүсүз болду.
Жылдын негизги оюнуна даярдык көрүү үчүн 3 жумадай убакыт (өлкө чемпиондуктары эбак эле аяктаган) бар эле. «Юве» машыктыруучусу Массимилиано Аллегри жүрөк үшүн алчу чабуулчулар Неймар-Суарес-Месси үчилтигине каршы туруунун аракетин көрсө, Луис Энрике каталондук клубду мыкты коргонууну кантип жиреп өтүүнүн жолдорун үйрөтүп жатты. Кызыгы, бул эки команда теӊ өз өлкөсүнүн чемпиондугун жана кубогун жеӊген, эми кимиси Чемпиондор Лигасын утса, бир эле сезондо 3 кубокко ээ болмок.

ОЮНДУН ЖҮРҮШҮ
1-тайм
Көпчүлүк серепчилер «бул оюн кызыксыз өтөт» деп божомолдошкон. Эсептин 4-мүнөтүндө ачылганы болбосо оюн ушундай таризде өтмөк беле, ким билсин. Укмуштуудай ылдам чабуулдун жыйынтыгында Андрес Иньестанын чыгарып берген тобун Иван Ракитич голго айлантты. Бул жерде атүгүл атактуу дарбазачы Буффон да жардамга келе алган жок.
«Кары синьора» тайм бүткүчө эсине келе албай, олуттуу чабуул жасай алган жок. Тевестин дымагы өчүп, Пирлонун пастары өтпөй, Погбанын аракети жыйынтыксыз болуп жатты.

2-тайм
Тыныгуудан соӊ италиялык клуб баш көтөрө баштады. Анын жыйынтыгы 55-мүнөттө акталды. Оӊ капталдан башталган чабуул Моратанын соккусу менен аяктады. Эсеп теӊелди. Стадион жанданды. «Ювентустун» үмүтү жанды.
Оюндун жүрүшү дал ушул убакыттарда өзгөрсө өзгөрмөк. Себеби өздөрүнө ишене түшкөн «Юве» артты карабай чабуулга бара башташты. Бирок Месси жана анын командасы экинчи голду киргизип кетти. 68-мүнөт. Дүйнөнүн мыкты футболчусунун аракетин Луис Суарес пайдаланды.
...Оюн Неймардын голу менен аяктады. Барселонада майрамдын башталышы. Ал эми «Ювентус» аракети үчүн мактоого татыктуу экени шексиз.

ОЮНДАН СОӉ
Луис Энрике, «Барселонанын» башкы машыктыруучусу: «Биз абдан кубанычтабыз. Быйылкы сезондо 60 оюн өткөзсөк, анын 50сүндө жеӊишке жетиштик. Футболчулар жеӊишке жетүүдөн тажаша электигин дагы бир ирет далилдешти».
Массимилиано Аллегри, «Ювентустун» башкы машыктыруучусу: «Биз кашык каныбыз калгыча кармаштык. Бардык футболчулар колдон келишинче ойношту. Келечекте «Ювентус» мындан да күчтүү болоруна ишенем».

ЛЕГЕНДАЛАР МЕНЕН КОШТОШУУ
Бул оюндан соӊ «Барселонанын» капитаны, 35 жаштагы Хави клуб менен кош айтышты. Ал жаштайынан дал ушул клубда тарбияланып, 17 жыл аралыгында 787 оюн өткөргөн.
Ал эми «Ювентустун» гана эмес, Италия футболунун легендасы аталган Андреа Пирлонун да клуб менен кош айтышканы айтылууда. 36 жаштагы Пирлонун финалдан соӊку ыйы буга далил болгондой.

Оюнда мыктылардын бири Иван Ракитич болду.

Канча аракет кылса да, Тевестин оюну жүрбөй койду.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
killerbee
2015-06-15 10:52:28
Ювентусту колдодум елн
-4
erlandyky
2015-06-15 11:44:49
барса
+6
ali.95
2015-06-15 22:08:13
Дагы 2 кубок калды. Супер кубок испания, супер кубок уефа
+3
abai
2015-06-16 03:09:12
Visca el Barca! Visca Catalunya!
0
as.fanat
2015-06-16 09:27:54
...пффф...барса...мынчалык зеригиштуу...теманы алмаштырайлычы)))
-4
Diana92kg
2015-06-16 23:04:40
as.fanat,Барса Чемпион!!!!
+1
as.fanat
2015-06-17 11:08:16
Diana92kg, пффф уйкуму келтирбегилечи)
-4
Diana92kg
2015-06-19 16:07:21
as.fanat,Кой эми ичин куйбосун. Барса Чемпиооон!!! ))))
+3
Kara-kulzha
2015-06-16 17:55:42
Барса чемпион
+2
nurik903
2015-06-18 01:12:01
месси умер деп атышты элего
-6
Suma9
2015-06-19 00:03:16
Молодцы!За Барселоны!
+3
goodman02
2015-06-19 10:00:09
бардык минусту койгондор Реалдын фаннатарыго дейм хееехе))) болду эми ичинер куйбосун биз барибир чемпионбуууууууууууз. БАРСААААА
+5
saipi
2015-06-19 21:17:14
MeSSi super
+8
eldar96
2015-06-19 21:36:46
Реал супер
-3
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан