ОТОО ЧӨПТӨРДҮ КАНТИП ЖОК КЫЛУУГА БОЛОТ?

Учурда жашылчалар өсүп жаткан кез. Алар менен кошо отоо чөптөр да кем калышпай өсүшүүдө. Аларды чыгарбай, алдын алууга болобу? Чыккандан кийин кантип жок кылууга болот? Сөз ушул жаатта болмокчу.

ОТОО ЧӨПТӨРДҮ ЧЫГАРБАЙ КОЮУ ЖОЛДОРУ

  • Күзүндө эле жерди тереӊ айдап, топурактан сыртка чыгып калган тамырларды терип, өрттөп салуу оӊ. Кээ бир отоо чөптөрдүн тамырындагы уулар колду күйгүзүп жибербеши үчүн кол кап кийиӊиз.
  • Жашылчалардын түбүн кетмен менен чаап, жумшартып туруӊуз. Бул түптөрүндөгү отоо чөптү оӊой жулууга жана алардын тамырынын сыртка чыгып калып, куурап калуусуна жеткирет.
  • Отоо чөптөрдү бат-баттан тамыры менен жулууну унутпаӊыз. Бул ишке алгач жашылчаларды сугарып, анан жер тоборсуп калганда киришиӊиз. Кокус отоо чөптүн тамыры калып калса, кайра өсөрүн эске алыӊыз.
  • Отоо чөптөрдү өстүрбөө үчүн өскөн жашылчалардын түбүнө 2-3 сантиметр аралыкта тактайлардын таарындысын, саманды калыӊ кылып таштаӊыз. Жарыксыз, күн нурусуз отоо чөп өсө албайт.
  • Жашылчаларды тыгыз отургузуӊуз. Бул отоо чөптөрдүн өсүп, көбөйүүсүнө тоскоолдук кылат.
  • Жашылчалар отургузула турган жер айдалган соӊ тегиз спанбонд (же агробула) менен туташ жабыӊыз. Спанбонд – бул полимерди эритүү жолу менен алынган, токулбай жасалган материал. Жашылчалар тигилчү орундарды алдын ала тешип коюу зарыл. Четтерине, анан шамалдан учуп кетпеши үчүн ар жерлерине кирпич, таш коюлат.
    Спанбонд отоо чөптөрдүн өсүүсүнө жана көбөйүүсүнө жолтоо кылып, кийин бышкан жашылчаны оӊой чогултууга мүмкүндүк берет. Бирок кээ бир отоо чөптөр баары бир жашылчалар үчүн калтырылган тешиктерден баш багып калуусу мүмкүн. Ак сойлок болуп өсүп калгандары агробуланын ошол жерин өйдө түртүп калуусу мүмкүн. Агробуласы жоктор гезит, картондорду колдонуп жүрүшөт. Булар убактылуу гана жардам берет.
  • Жер айдалгандан кийин же жашылчалар тигилгенден кийин отоо чөптөргө каршы химиялык заттарды (гербицид) чачыӊыз. Бул жаатта Мамлекеттик химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов маалымат берет.

1 жылдык 2 үлүштүү отоо чөптөр. Сары чырмоок (повилика), көк баш гүл (василёк синий), ажырыктуу каз таман (герань рассечённая), талаа кычысы (горчица полевая), кадимки меӊдубана (дурман обыкновенный), жылтыркан (кохия), алабата (лебеда) жана башка.
Көп жылдык 2 үлүштүүлөрү. Коко тикен (бодяк), төө тикен (верблюжая колючка), тармал чөп (василистник), талаа чырмоогу (вьюнок полевой), шумгуя же шумгула (заразиха кумская), уйгак (лопух) жана башка.
1 жылдык дан отоо чөптөр. Тоок таруусу (просо куриное), жылгын же жылган (мятлик), кара сулу же кара сойлок (овсюг), чирчик же ит конок (щетинник), жашыл буудайык (зелёный пырей).
Көп жылдык дан отоо чөптөр. Камыш (тростник), бутактуу машакча (колосняк), жайылып өсчү буудайык (пырей), ажырык (свинорой) жана башка.



САРЫ ЧЫРМООК
Сары чырмоок тамыры, жалбырагы жок, жип сымал узун сабагы гана бар 1 жылдык мите өсүмдүк. 200дөй түрү кездешет. Уругу жана үзүлгөн сабагы аркылуу көбөйөт. Тамыры болбогондуктан, топурактан азык заттарды жана сууну соруп ала албайт. Андыктан өзү жармашып өскөн өсүмдүккө (картошка, кызылча, бадыраӊ, чалкан, кулмак, беде жана башка) мителик кылат. Тактап айтканда, өсүмдүккө чырмалып алып, андан керектүү заттарды атайын өсүндүлөрү (гаусториялары) менен сорот. Жоон сабактуу түрлөрү алгач чөптөргө мителик кылып, анан дарактарга жана бадалдарга өтөт. Сары чырмооктун уусу өсүмдүктөр гүлдөп жана уруктап жаткан кезде пайда болот. Ал чырмалып алган тоют өсүмдүктөрү чапкандан кийин көгөрүп кетип, аны жеген малдар ооруп же ууланып калышы ыктымал. Маданий өсүмдүктөрдүн азык заттарын соруп алып, алардын өсүүсүн кечеӊдетип, акырындап өлтүрөт.
Көбөйүп кетпеши үчүн ал чырмалган өсүмдүктү кошо жулуп өрттөө же гербицид чачуу керек.

 

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baymat
2015-06-15 14:14:17
Талаадагы 1 гектардан ашуун чопторду кантип жок кылууга болот ушуну жаза кетсенер жакшы болот силер айткан жол менен чон коломдуу жерди жок кылууга болбойт
+1
admin_superstan
2015-06-15 14:50:49
Baymat, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Сунушуңузга рахмат!
0
Pantherka
2015-06-16 14:30:48
Дары эле он, гектар жерлерди жок кылыш ото кыйын го кол менен.
0
joni2000
2015-06-17 12:30:43
ураган деген уу чачкыла
0
asiret
2015-06-19 10:29:02
Камышты кантип жок кылсак болот
0
ormon
2015-06-21 21:32:01
Турган супер деген химикатбы балгар осумдугуно 0.5гектар Канча чачыш керек
0
PatriotKG01
2016-06-05 14:03:09
Кылаалы деген да чоп бар экен жок болбой жатат кантип жок кылуунун жолдорун карап бергилечи
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан