ЭЛ АРАЛАГАН ЭЛ УУЛДАРЫ

УУЧУБУЗ КУРУ ЭМЕС
Бир жума бою «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тыӊ жигиттери өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып, элдин алкоосуна алынганын көрүп, жүрөк сүйүнөт. Саясаттан тажаган элди ишендирүү убаракерчилик дечүбүз. Уучубуз куру эмес экен, элдин үмүтү өчө элек турбайбы. Муну Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен жолугушууга келген 40 миӊден ашык адамдар далилдеди. Жолугушуулар Лейлек, Ноокат, Өзгөн, Аксы, Сузак жана Ноокен райондорунда өттү. Ар беш жылда элдин башын айлантып, ишенимге киримиш болгондордон «Өнүгүү-Прогресс» бир топ жогоруда. Ал көзү көрүп, кулагы уккан жерге жетип барып, колунан келген жардамын аябайт.

500дөй БАЛА СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУЛДУ
Бакыт Төрөбаев башында турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын азаматтары Баткен облусунун Лейлек районунан сапарын башташты. Бул сапар бир чети Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө туш келди.
Бакыт Төрөбаев эл алдында сүйлөп жатып: «Баланы коргоо – бул энени коргоо. Ар бир бала өз ата-энесинин мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун сүрүүгө татыктуу»,- деп айтты. Он бир жашында эне мээриминен айрылган эл өкүлү ар бир бала үчүн эненин жытынан, мээриминен өткөн бакыт жок экендигин өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан билерин кошумчалады.
Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын өкүлү Назарали Арипов туулган жеринде бөбөктөрдүн майрамын акыркы беш жылдан бери жогорку деӊгээлде майрамдоого көмөктөшүп келет. Бул ирет да өзгөчө майрамдык шаӊ сезилип жатты. Иш-чара балдардын асфальтта сүрөт тартуусу менен уланып, келген конокторду таӊ калтырышты.
Айта кетсек, бул күнү беш жүздөн ашык бала сүннөткө отургузулду. Ал үчүн атайын Түркиядан эки дарыгер чакырылды.

Кыйман Рахманова: «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын программасы айылдын турмушун өнүктүрүүгө багытталган. Бул биз муктаж болуп турган негизги көйгөйлөр. Азыр Лейлек районунун көпчүлүк жаштары иш издеп сыртка чыгып кетишкен. Үйдө жаш балдар менен кары-картаӊдар гана калышкан. Эми «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын 61 мекеме ачабыз деген планы Лейлекте ишке ашып калса, иш орундары түзүлүп, алыстагы балдар кайтып келет деген үмүтүбүз чоӊ»,- дейт.

НООКАТТА МТС АЧЫЛАТ
Ноокат районунда он миӊдеген жашоочулар борбордук стадиондо «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлдөрүн күтүп алышты. Ноокат өлкөнүн ысык жери деп эсептелгендиктен, айдап-себүү иштери эрте башталат. Дыйкандардын аракети кыштын акыркы айларында эле байкала баштайт. Кендирди кескен баягы эле каржы маселеси жер айдоого келгенде таасир бербей койбойт. Мындай абалды байкаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев районго жакын жердеги МТСтин тракторлорун жөнөтүп жардам берип келчү.
Бакыт Төрөбаев: «Былтыр Ноокат районуна картошка казуучу жана эгүүчү шаймандары бар бир трактор келген. Эми ноокаттык туугандарга чоӊ МТС ачабыз, мен буга сөз берем».

Акбар Калмуратов, Ноокат районунун тургуну: «Карапайым дыйкандарга үрөн, техникаларды арзан баада алып келип, каражатты үнөмдөп берди. Бул партия өкүлдөрү башкалардан бир канча жакшы жагы менен айырмаланып, элге жакын».

ӨЗГӨНДӨГҮ БИР АЙЫЛ СУУГА ЖЕТТИ
Өзгөндүктөр да кенен болсун деп жолугушууну стадиондо уюштурушту. Бул аймакта партиянын таламдаштары көп экенин келген элдин санынан байкоого болот. Кооперативдер түзүлүп, айдап-себүү иштери арзан болуп, дыйкандын түйшүгүн жеӊилдетти. Мындан сырткары каналдар казылып, суунун жолу ачылып, айыл эли таза суу менен камсыз болгон.

Абдыкадыр Мырзабаев,
Өзгөн районунун тургуну: «Советтер Союзу кулагандан кийин совхоз, колхоздор жоюлуп, айыл чарба аксап калган. Бул көйгөйдү сезе билген «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы Өзгөн элинин карапайым дыйкандарына 2 жылдан бери жардам берип, заманбап техника менен камсыз кылуу үчүн МТС ачкан. Ошондой эле иштетилбей калган айдоо аянттарын калыбына келтирип, кооператив уюштурууга да жетишти. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы муну менен эле чектелип калбастан, таза суу тартыштыгы бар айыл жергесине да жардам берип келет».

Мырзакарим Жаныбаев, Өзгөн районунун тургуну: «Элдин эмнеге муктаж экендигин байкап туруп жардам берген партия экендигин түшүндүк. Биздин Көлдүк айыл өкмөтүндө бир айылда 64 түтүн жашайт, дарыябыз жаныбызда, бирок 5 жылдан бери сугат суусу жок, жалама таш болуп кыйналып келген. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын өкүлдөрү элдин камын ойлоп, керектүү шаймандарын алып келип, арык казып суу чыгарып беришти. Эл буга ыраазы, көктөн күткөнү жерден табылды».

«АКСЫ ЭЛИ ХАН КӨТӨРГӨН УЛУУ ЭЛ»
Мындай пикирин Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Аксы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. Кербен шаарынын борбордук стадиону бул күнү майрамдык шаӊга бөлөнүп, ар бир жергиликтүү жашоочу партия өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, жооп ала алышты. Жолугушуунун алкагында жергиликтүү спорт комплекстин иштеп кетүүсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. Аксы району тоо коюнуна жайгашканы менен, жергиликтүү эл дыйканчылык иштерине өзгөчө көӊүл бурат. Мындан улам «Өнүгүүнүн» бир МТСи ушул аймакта жайгашып, жердин 90 пайызын арзан баада айдап, дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтып келет.
Бакыт Төрөбаев: «Орусиядан атайын «Росагромаш» деген компания издеп келди. Мен аларга «эгерде сиздер чын эле жардам беребиз десеӊиздер, мен иштешкенге
даярмын, жөн эле куру сөз болсо, анда иштеше албайм» деп айттым. Мына ушуларга талап койдум. Иштейм десеӊер, 500 техника алып келгиле» дедим. 17-июнда Москвага чакырды, барганда бул туурасында сүйлөшүүлөр жүрөт. Сүйлөшүүлөрдүн акыбети кайтса, бүткүл Кыргызстандын аймактарын техника менен камсыз кылганга аракет кылам. Ошол техникалар менин жеримди иштетпейт, алар элдин жерин иштетет»
.

«ЖАШТАРДЫН ШААРЫ» АТАЛГАН ЖАЛАЛ-АБАДДА
Партиянын бул аймакта абройу бийик. Жалал-Абад облусунда алгачкы кадамдар башталып, бүтүндөй өлкө «Өнүгүүнү» тааныды.
Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын өкүлү: «Мухаммед пайгамбар «адамдын денесинде бир муштум эт бар, ошол эт таза болсо, бүткүл дене таза болот» деп айткан экен. Ал эмне деп сураганда, «жүрөк» деп жооп бериптир. Урматтуу туугандар, жүрөгүӊөрдүн таза болушун, өнүгүү деп согушун каалайм».

КОЧКОР-АТА КОЛ ЧАБУУЛАР МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жолугушуу кечки бешке белгиленгени менен, жергиликтүү жашоочулар күндүзгү экиден тарта эле чогула баштады. Келгендер катар тизилген айыл чарба техникаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, партия өкүлдөрүн чыдамсыздык менен күтүштү. Аӊгыча элди жарып келген эл уулдары чогулгандардын кол чабууларына арзыды. Зарыл болуп жаткан бардык тармактарда иш алып барган партиянын бул жолугушуусунда 12 жолу операция болуп, Бакыт Төрөбаевдин жардамы менен ден соолугу калыбына келген Нурмухаммед ата-энеси менен келип, эл алдында ыраазычылык билдирип, партия төрагасына ак чапан жана ак калпак кийгизди.
Нурмухаммед Сапарбаев: «Бакыт Төрөбаевге рахмат. Ошол адамдын жардамы менен жер бетинде басып жүрөм. Ал операцияма жардам берип, өмүрүмдү узартты».
Үсөн Мамытов, Шайдан айылынын тургуну: «Өткөн жылы биздин айылга шагыл төгүп, жолдорду оӊдоп берген. Ал эми дыйканчылык жагынан аябай жардам берди. Эгер ушул партия бийликке келсе, агрардык тармак гүлдөйт».
Ошентип, Лейлектен башталган сапар Кочкор-Ата шаарынан жыйынтыкталды.
Жолугушууга Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режавалиев, Улукбек Кочкоров, Назарали Арипов, ошондой эле экс-депутат Зиядин Жамалдинов катышышты. Мындан сырткары партиянын Чүй облусу боюнча куратору, Энергетика тармагындагы ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сабырбек Султанбеков, партиянын Ош шаары боюнча куратору, «Саламат» корпорациясынын президенти Медербек Сабиров, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча куратору Мурат Жетимишбаев, «Ремстроймост» курулуш компаниясынын президенти, Ысык-Көл облусу боюнча куратору Максат Чунуев, партиянын Талас облусу боюнча куратору Нурлан Сырдыбаев, Нарын облусу боюнча куратору Алтынбек Жунус уулу келип, эл менен баарлашышты. Ар бир райондо иштеп жаткан партиянын штабдары иш-чараны уюштурууга чоӊ жардам көрсөтүп, эл менен пикир алышууга шарт түзүштү.

Жийдегүл Касымбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aika0906
2015-06-20 01:12:56
4 айфон ойнотконун да жазбайсынарбы супер инфо???
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан