ЧҮЙ БООРУНДАГЫ МӨӉГҮЛӨР БИР ЖЫЛДА 15 МЕТРГЕ ЖУКАРГАН

Абанын температурасы барган сайын жогорулап бара жатканын акыркы кездери жон терибиз менен сезип жатабыз. Алыс кетпей Кыргызстандагы былтыркы, мурдагы эле жылдагы кургакчылыкты мисал келтирсек болот. Эзели суу тартыштыгын көрбөгөн дыйкандар мунун айынан эки-экиден мушташканга чейин барышууда. Былтыр Ысык-Көлдүн Тоӊ районундагы суу сактагыч тазаланып жатканда жергиликтүү тургундардын өз оозунан уккан элем. Алардын бири Төрт-Күл айылынын тургуну Камчыбек Чотоев: «Адамга кан кандай керек болсо, суу сактагыч да дыйкандарга ошондой керек жана маанилүү орунда. Былтыр суу тартыштыгынан кээ бир жерлер айдалбай, беде өспөй, эгинибиз бышпай калды»,- деп суунун баркы канчалык экенин баса белгилеп өткөн. Анткени айыл жеринде суу жок эгини бышпай калса, бир жылдык нанынан куру калды дегенди билдирет эмеспи.
Ал эми беделдүү эл аралык уюм катары саналган Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу жакынкы 20 жылда абанын температурасы 0,2 градуска жогорулайт деп белгилешүүдө. Ал эми 21-кылымдын соӊунда жердеги абанын температурасы 4,6 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Акыркы 100 жылда температура орто эсеп менен 0,74 градуска ысыган. Анын 0,5 градусу акыркы 50 жылга туура келсе, анын соӊку 12 жылы өтө ысык болууда. Жогоруда адистер айткандай, мөӊгүлөрдүн тездик менен эриши да акыркы 50 жылга туура келет. Буга далил катары Тоо-кен ассоциациясынын мүчөсү Валентин Богдецкийдин изилдөөсүнө таянсак, 1942 жана 1963-жылдар аралыгында Кумтөр кениндеги мөӊгүлөр 200-250 метрге кыскарган. Бул маалыматтарды ал СССРдин башкы штабынын жогорудагы жылдарда абадан тартылган сүрөттөрүн салыштырып байкаган. Окумуштуу: «Ал кез эч кандай адамдын таасири жок кез эле. Мындан улам мөӊгүлөрдүн эриши табигый көрүнүш жана аны сактап калуу бул акылга сыйбайт»,- деген пикирин билдирген.
Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун боолголоосуна ишенсек, ушул кылымдын соӊуна чейин деӊиздердин деӊгээли дагы бир метрге чейин
көбөйүшү күтүлөт. Ал эми 2013-жылы АКШдагы Улуттук география телеканалы сүрөттөгөндөй, эгер жер бетиндеги мөӊгүлөр жана муздар капысынан эрий турган болсо, анда деӊиз деӊгээли 65,8 метрге дагы жогоруламак. Мындай апаатта Италиядагы Пизан мунарасы, Рио-де-Жанейродогу Иисустун айкели жөн эле суу астында калып, жер бетин топон суу каптаганын элестетүүгө болот.
Мөӊгүлөр эрип жатат десе эле көпчүлүк дароо Ысык-Көлдү карашат. Бул эми саясий оюндардан улам элдин да кулагына сиӊип калган адат болуп калды окшойт. Же эмне Кыргызстан боюнча бир гана көл калаасында мөӊгү барбы? Албетте, жок. Кыргызстандын аймагынын 90 пайыздан ашыгы тоолуу болгондуктан мөӊгү жети дубандын баарында бар.
Өткөндө Бишкектин чет жакасындагы тоолордун бирине барганымда альпинизм менен алпурушуп жүргөндөргө кезигип калдым. Алардын бирин кепке тартып, мөӊгүлөр тууралуу эки ооз сөзүн уктум. 12 жашынан бери тоо спортуна аралашып, Кыргызстандагы бийик чокулардын далайын багындырган альпинизм боюнча инструктор Владимир Агафонов мөӊгүлөр боюнча мындайча оюн билдирди: «Тоого 12 жашымдан бара баштагам. Азыр 37демин. Мына ушул 25 жыл аралыгында мөӊгүлөр азайганы байкалууда. Өзгөчө акыркы 10 жыл ичинде тездик менен эрип жатат. Кээ бир жердеги мөӊгүлөр 2-3 метрге жукарса, кээ бир жердегилер 15-20 метрге чейин жукарып кеткендери бар. Мисалга алсак, Аламүдүн районунда жайгашкан Алтын-Төр капчыгайындагы мөӊгүгө 5 жыл мурда барганбыз. Кийинки жылы ошол эле жерге барганыбызда мөӊгү дээрлик 15 метрге чейин жукарыптыр. Деӊиз деӊгээлинен 4000 метр бийиктикке чейинки мөӊгүлөр тез эрийт. Ал эми 4000 метрден жогору жайгашкан чоӊ мөӊгүлөрдүн эриши көп деле байкалбайт. Анткени ал бийиктикте аба муздак. Мунун негизги себеби катары дүйнөлүк климаттын жылып жатканы менен байланыштырып жатышат. Мисалы, картадан Америкадагы Амазонка токоюн карасак, бактарды кырка берип, аянты аябай кыскарды. Токойдо болсо аба нымдуу келип, муздак болору белгилүү да. Адам баласы ушинтип миӊдеген чарчы аянтты жок кылып жатканы климатка өз таасирин тийгизип жатса керек. Кыркылган бактардын ордуна жаӊы көчөттөрдү тигүүдө. Бирок бир көчөт товардык деӊгээлге жетип өскүчө 70 жыл керектелгендиктен кыркылган дарактардын ордун басууга жетишпей жатат».
Бир жыл ичинде эле Чүй боорундагы мөӊгүнүн калыӊдыгы 15 метрге жукарганы тууралуу альпинисттин айткан мисалы жанды кейите турган маселе. Бирок эмнегедир буга эч ким көӊүл бургусу келбейт. Мөӊгү боюнча маселе көтөрүп чыккан саясатчылардын мисал келтиргени эле Нарын суусунун болгону 0,04 пайызын түзгөн Давыдов мөӊгүсү. Давыдовдун алдында жаткан алтынды алуу үчүн аны бир орундан экинчи орунга жылдыруу керек жана бул мөӊгүгө түз таасир этерин кен ишканасы деле жашырбай дайыма ачык айтып келе жатат.
Андыктан дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен эрип жаткан муз катмарларын сактап калууга курулай аракетти жумшаган акылга сыйбас. Андан көрө окумуштуулардын эскертүүлөрүн эске алып, келечектеги суу тартыштыгына азыртадан даярдык көрүү оӊ болмок. Мындайча айтканда, мүмкүн болушунча өндүрүштү жолго салып, экономиканы чыӊдоого көӊүл бурсак, күч жумшасак келечек муун үчүн сооп иш кылган болот элек.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Serenada
2015-06-15 10:29:53
Ойчу ойлонгуча тобокелчи кыр ашыптыр .Биз ойлонуп тияк биаякты караганча кеч болот да
+1
marik10
2015-06-22 22:23:17
тарызты окусак 100000 жылда бир суук же ысык болот, биз ошо ысыктын учурунда жашап калыптырбыз, анан монгулордун ээришин бир ишканага тиешелуу кылган туура эмес
+1
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан