Назми, ырчы: «14 ЖЫЛ САХНАДА ЖҮРСӨМ ДА КАМЕРАДАН СҮРДӨЙМ»

Бир кезде «Алдаба», «Эсимде» деген ырлары менен элге таанылган ырчы айым Назми Байзакова турмушка чыккандан бери сахнадан алыстагандай. Ырчы айым чыгармачылыкты жеке бактысына алмаштырдыбы, айтор, мурункудай активдүү иштебей калды.

– Куш келипсиз! Акыркы жылдары чыгармачылыгыӊыз солгундап бараткандай, үй-бүлө түйшүгү менен алпурушуп, бошобой жатасызбы?
– Саламатсыздарбы? Мен негизи бүгүнкү күнгө чейин эле, жадакалса кош бойлуу кезимде деле тынбай иштеп, ырларды жаздырып келгем. Менимче, ырларым хит болбой жатат окшойт. Такыр эле үйдө отуруп алдым деп да айта албайм, анткени 1 жылда 5-6 ыр жаздырып, 2ден клип тарттырып жатам. Мүмкүн, элге жеткиликтүү ырларды ырдабай жаткандырмын. Учурда изденип, жакшы авторлор менен иштешүүдөмүн. Эл деле менден өзгөчөлүк күтүп жатат окшойт.
Жакында Съездбектен «Падышам» деген бир ыр алдым. Ушул ырым хит болот деген үмүттөмүн. Мындан 9 ай мурун ушул ырга клип тартып баштаганбыз, бирок бүтө элек. Ырды клиби бүтсө чогуу чыгарам деп радиолорго да бербей кармап отурам.
– Бир жылдары Сапар Сопубеков менен дуэт ырдап жүрдүӊүз эле...
– Ооба, Сапар экөөбүз 5 жылдай чогуу иштештик. Дуэтибизден жакшы ырлар жаралды. Азыр деле тойлорго чакырып калышканда «Сапар менен кел» дей беришет. Негизи, дуэт менен иштөө кыйыныраак, бири-бириӊди сүйрөп иштөөгө туура келет. Экөөбүз эки башка иштеп көрөлү деп чечкенбиз. Учурда Сапар бир ресторанды ижарага алып иштетип жүрөт. «Жакында үйлөнөм, тойго даярдана бергиле» деген болчу. Чакыруу баракчасын күтүп жатабыз.
– Чыгармачылык менен канча жылдан бери алышып жүрөсүз?
– Сахнага аттанганыма 14 жыл болуптур. Чынында, кичинемден бери ырдап жүргөнүм менен, ыр дүйнөсүнө келип калганым бактылуу кокустук десем болот. Мен айылдан шаарга ИИМдин академиясына тапшырам деп келгем, тилекке каршы, ал жакка 18 жаштан өйдө алышат экен. Ал убакта 17де болчумун, бир жыл каякта жүрмөк элем деп Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырып, өтүп кеттим. Анан бир-эки жолу ырдап калгандан кийин каяктагы ИИМдин академиясы, ошол бойдон ыр дүйнөсүнө берилип кеттим.
– Турмушка чыгып, өзүӊүздүн 2 кызыӊызды, жолдошуӊуздун мурунку никесиндеги 2 баласын тарбиялап жатканыӊызды билебиз, кандай эне, кандай жар болуп жатасыз?
– Кудайга ыраазымын, өзүмдүн 2 кызым бар. Жолдошумдун мурунку никесинен бир кыз, бир уулу чоӊоюп калышкан, колума кол, бутума бут болуп жатышат. Алина кызым мени «апа» дейт. Мени жашарткан да кызым болуп жатат. Алинанын табити жакшы, эмне модада экенин бүт билет. Экөөбүз көп сырдашабыз. Дүкөнгө барганда бижутерия, кийимди өзү тандап берет. Ал эми Феликс жок азык-түлүк дүкөнүнө бара албайбыз, менин жана атасынын ишенген жардамчысы. Алина быйыл 5-курсту аяктап жатат, буюрса, өз кесиби менен иштейм деп турат. Ал эми Феликс 9-классты аяктоодо. Менин кандай апа болуп жатканымды балдарымдан сурасаӊар туура болот го дейм.
– Кыялыӊыздагы мырзаны таптыӊыз, айтсаӊыз, жолдошуӊуздун кайсы сапаты сизге өзгөчө жагат?
– Чыгармачыл адамдар романтиканы сүйөт эмеспизби. Жолдошум романтик. Өзүнүн апасына кандай мамиле кылса, мага да ошондой аяр мамиле жасайт. Мага «төрөдүӊ, үйдө отур» деп тыюу салган жок. Колдон келишинче «бул ырды ырда, клип тарттыр, ушундай костюм тиктирсек кандай болот?» деп сунуштарын, кеӊештерин айтып турат. Артисттерге кийимге, салонго эле толтура каражат кетет. Жолдошумдан сурасам, көп акча карматып коёт. Анын тапканын ээн-эркин иштетем. Дагы бир жакшы сапаты – менден өткөн баласаак. Курбу кыздарымдын деле күйөөлөрүн көрүп жүрчүмүн, бирок менин жолдошумдай баласаак эркекти өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Бала дегенде үстүнө үйрүлүп түшүп алат. Ошон үчүн мурунку никесиндеги балдары апасын эмес, атасын тандашса керек.
– Үйдө аял кишинин ролу кандай болушу керек?
– Жолдошум мыйзам чыгаруучу, баарыбыз ошонун тартиби менен жашайбыз. Мен «серый кардиналмын» деп койбоймунбу (күлүп). Аял киши эркектен озунбай, баарын жөнгө салып, тартипти сактап турушу керек. Үйдө адилеттүү сот, мыкты мугалим, мыкты дарыгер, мыкты ашпозчу болгону жакшы.
– Картаюу айымдардын фобиясы десем жаӊылышпасам керек, сизде кандай?
– Ар бир курактын сулуулугу болот. Жаштыгым өтүп кетти деп өкүнбөйм, анткени убакытты токтотуу эч кимибиздин колубуздан келбейт. Тескерисинче, азыр турмуштук тажрыйба топтоп, жакшы-жаман, ак-караны ылгап калган мезгил экен. Сахна дайыма сулуулукту талап кылат эмеспи, анын талабына жооп бериш үчүн атайын спорт залдарга барып арыктадым. Жолдошум да «спорт залга бар, өзүӊдү таштап салба» деп дайыма эскертип турат.
– Тойлордо ырдаганыӊызды жолдошуӊуз кандай кабыл алат?
– Башында «эмнеге кеч, ушунча жүрөсүӊбү?» деп жактырчу эмес. Жаӊы турмуш курганда 2 жылдай тойлордо ырдатпай жүрдү. Мен «бул менин кесибим, мындан башка эч нерсе колумдан келбейт» деп айтып жатып көндүрдүм окшойт.
– Аябай токтоо ырчы айым Назми мектеп курагында кандай эле?
– Эркек мүнөз кыз элем. Өзүм жалаӊ балдардын арасында өскөм, үйдө жалгыз кызмын. 9-классымда Маданият үйүндө иштеп, аны менен кошо кулатуу спорту менен машыгып, мелдештерге барып байгелүү орундар менен кайткан күндөр болгон. Биздин убакта кыйын мушташкан кыздардын тобун түзүү мода болуп кеткен эле. Ошол топтун 4-5 мүчөсү биздин класста окучу, арасында мен да бар элем.
Бир жолу башка мектептин дискотекасына кыздар менен барып калдык. Эч кимди тааныбайт экенбиз, «кызыксыз экен» деп чыгып баратсак, ошол жактагы улуу кыздар бизге «жегенге майда-чүйдө алып келгиле!» деп салык салып коюшту. Биздин «эмнеге аларга алып беришибиз керек?» деп жинибиз келген. Ошол күнү кечинде кыздарды чогултуп алып чачтарыбызды түйүп, мушташканга даярданып чыкканбыз. Бирок бизге салык салган кыздар келбей коюшкан. Келсе аябай мушташмакпыз, ал чыр Бишкекке чейин дүӊ болсо керек эле.
– Азыр ырчылар кинолорго көп тартылып калышты, сизде да кинодо роль жаратуу тууралуу ой жокпу?
– 14 жылдан бери чыгармачылыкта жүрүп, камерага такыр көнө албай койдум. Камерадан аябай сүрдөйм. Тойлордо же концертте тартышабы, камера жаныма келип калса кадимкидей башкача боло түшөм. Съёмкада камераны карап иштегендер бар го, а мен тескерисинче, камера мен тарапка келе жатса башка жакты көздөй качам. Камераны жактырбаган адамды ким киного тартсын?
– Учурда чыгармачылык изденүүдө жүрүпсүз, мурунку популярдуулугуӊузду кайтарып алгыӊыз келеби?
– Ал кез башка, бүгүнкү кез башка. Тынымсыз иштей берем, калганын көрө жатарбыз. Азыркы күйөрмандарды мурункуларга салыштырууга болбойт. Мурункулар белек бергенден уялып, бирөөдөн берип жиберишчү. Кыйкырып-өкүргөн күйөрмандар кийин эле чыкты го. Негизи эле күйөрман мырзалар намыстанып, токтоо болушат. Ырчы мырзаларга күйөрман топтоого мүмкүнчүлүк чоӊ, анткени күйөрман кыздар активдүү.
– Маегиӊизге рахмат!

"Мен ырдап чыккан жылдары жаӊы төрөлгөн кыздарга Назми деген ысым көп ыйгарылганын айтышат. Азыр ал кичинекей Назмилер 14-15ке чыгып калышты".

"Кызым Альбина 5, кичүүсү Алима 2,5 жашта".

"Бактылуу үй-бүлөбүз менен. Жолдошум экөөбүз 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келебиз".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жолдошумдун улуу кызымын" дейт Назми
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
karasuu
2015-06-15 14:40:14
мм...сонун маек болуптур. ар дайым бактылуу жар мээримдуу эне болуп кала бериниз!
+1
Positive
2015-06-15 14:57:28
бактылуу уй-булодон болунуз
+1
zara-919
2015-06-15 21:31:15
күйөөсү жанагы эгиздердин тагдыры деген кинодогу актер го... эмне жумуш мн алектенет болду экен?
0
antiwithin14
2015-06-16 23:30:01
куйоосу актербу? Мммм Анда бир чойродон экен да. Ийгилик, сонун маек болуптур!
0
Nazmirjaz
2015-06-17 12:38:34
Бактылуу бол балдарындын убайын кор жолдлшун экоон
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан